Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 08:12

Жергиликтүү кеңештерге шайлоо өткөрүүнүн мөөнөтү чечилбей турат


Кыргызстанда парламенттик шайлоого даярдык күчөгөнү менен жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо качан өтөрү дагы эле белгисиз.

Борбордук шайлоо комиссиясынын (БШК) төрайымынын орун басары Абдыжапар Бекматов бул маселе күн тартибинде жок экенин айтты:

«Коронавируска каршы республикалык штаб жергиликтүү кеңештерге шайлоо өткөрүүгө уруксат берген чечим кабыл алса, датасы аныкталат».

Кыргызстанда 12-апрелде беш шаардык жана 25 айылдык кеңешке депутаттарды шайлоо өтмөк. Ош, Каракол, Токмок, Балыкчы жана Майлуу-Суу шаардык кеңештерин шайлоого катышуу үчүн 22 саясий партия катталып, 13-марттан тартып үгүт өнөктүгүн жүргүзө баштаган. Айылдык кеңештердин депутаттыгына талапкерлердин үгүт иштери 22-мартта башталмак. 18-мартта өлкөдө коронавирус жуккан бейтаптар аныкталып, шайлоо белгисиз мөөнөткө токтотулган.

Пандемияга байланыштуу 4-октябрга белгиленген парламенттик шайлоонун мөөнөтүн да жылдыруу жөнүндө сунуш айтылып, колдоо тапкан эмес. (SE)

XS
SM
MD
LG