Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-ноябрь, 2020 шаршемби, Бишкек убактысы 03:06

Венадан орусиялык дипломат, Москвадан австриялык дипломат чыгарылат


Австриянын желеги.

Австрия өкмөтү орусиялык дипломатты экономикалык тыңчылыкка байланыштуу шек санап, өлкөдөн чыгарды. Буга жооп кылып Орусия да австриялык дипломатты «персона нон грата» деп жарыялады.

Австриянын Тышкы иштер министрлиги орус дипломаттарынын бири Вена конвенциясынын эрежелерин бузганын билдирип, мамлекеттен чыгып кетышын талап кылды. Бирок мунун чоо-жайы ачык жана расмий айтыла элек.

«Kronen Zeitung» басылмасы ал дипломат көп жылдар бою технологиялык компаниянын ишине тыңчы катары көз салып жүргөнүн жазды.

Орусиянын Австриядагы элчилиги муну эки өлкөнүн мамилесине доо кетирген окуя катары баалады жана буга жооп кылып Венанын Москвадагы дипломатиялык өкүлчүлүгүндөгү кызматкерди мамлекеттен чыгарарын билдирди.

XS
SM
MD
LG