Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 07:45

Младичтин доо арызы Гаагадагы сотто каралып жатат


Босниялык серб армиясынын согуш маалындагы командачысы Ратко Младич БУУнун Гаагадагы сотунда. 25-август, 2020-жыл.
Босниялык серб армиясынын согуш маалындагы командачысы Ратко Младич БУУнун Гаагадагы сотунда. 25-август, 2020-жыл.

Босниялык серб армиясынын согуш маалындагы командачысы Ратко Младич Бириккен Улуттар Уюмунун Гаагадагы сотунда 26-августта сөз сүйлөйт. Азыр сотто анын доо арызы каралып жатат.

«Босниянын касапчысы» деп ылакап атка конгон Младич 1995-жылы Сребреница кыргыны жүрүп жатканда геноцидге, адамзатка каршы кылмышка жана согуш кылмыштарына барганы үчүн айыпталып, өмүрүнүн аягына чейин эркинен ажыратылган.

Сот өкүмү 2017-жылы чыгарылган. Младичке он мүнөт берилери күтүлүүдө.

Младичтин адвокаты Драган Иветич 25-августта билдиргендей, Младич сотто сүйлөөгө психикалык жактан жөндөмсүз. Ал 77 жаштагы Младичтин саламаттыгынан кабар алууга чакырды. Өткөн айда юристтер мурдагы генерал деменциянын алгачкы баскычы менен жабыркап жатышы мүмкүн экенин эскертишкен.

Судьялар адвокаттар тийиштүү далилдерди келтирбегенин билдирип, эки күндүк жараянды улантышууда.

​1995-жылдын июлунда Босния сербдери Сребреница шаарында сегиз миңдей мусулман эркек менен балдарды кырып салган. Ал окуя Экинчи дүйнөлүк согуштан кийинки эле Европадагы «эң ырайымсыз кыргын» деп таанылган.

XS
SM
MD
LG