Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
11-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 06:08

Тажикстандын мектептеринде окуу жылы 17-сентябрда башталат


Дүйшөмбүдөгү мектепте окуучулардын дене табы текшерилип жатат. 17-август, 2020-жыл.
Дүйшөмбүдөгү мектепте окуучулардын дене табы текшерилип жатат. 17-август, 2020-жыл.

Пандемияга байланыштуу Тажикстанда окуу жылы 17-сентябрда башталат. Сабактар мектептерде бардык санитардык эрежелерди сакталган шартта өткөрүлөт.

Билим берүү жана илим министрлигинин маалыматына ылайык, окуучулардын дене табы кире бериште текшерилет, танапистерде класс бөлмөлөрү дезинцфекцияланат, ошондой эле окуучулардын ортосундагы бир жарым метрлик аралыкты сакташ үчүн чара көрүлөт.

Министрлик Тажикстанда коронавирус эпидемиясы кайра күчөп кетсе окуу дистанттык режимге өтөрүн, ал үчүн бардык шарттар даяр экенин билдирди.

Расмий маалыматтарга караганда, Тажикстандын мектептеринде 1,97 млн. окуучу билим алат.

«Азаттыктын» тажик кызматы билдиргендей, көп ата-энелер балдарын мектепке жиберүүдөн кооптонуп турганын айтышкан.

XS
SM
MD
LG