Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
24-Сентябрь, 2021 жума, Бишкек убактысы 08:17

Кыргызстан экономикалык оор жылдан чыкты


Кыргызстандагы фермалардын бири. Иллюстрациялык сүрөт.

2020-жыл Кыргызстан үчүн экономикалык жактан эң оор жылдардын бири болду. Ансыз да өсүш ыргагы анча эмес өлкөнүн ички дүң өнүмү бул жылы кескин азайды.

Тышкы соода кемиди, инвестиция азайды, тескерисинче карыз көбөйдү. Базарда кымбатчылык өкүм сүрүп турду, өзгөчө эттин баасы көтөрүлдү. Бийлик да, эксперттер да мунун баарын коронавирус пандемиясы жана анын айынан киргизилген чектөөлөр менен байланыштырышты. Албетте, саясий кризистер да таасир этпей койгон жок. ​

Дүң өнүмдүн дүбүртү

Көпчүлүк билгендей, экономиканын эң негизги көрсөткүчү - бул ички дүң өнүм (ИДӨ). Ал өлкөдө өндүрүлгөн товарлардын жана кызмат көрсөтүүнүн жалпы көлөмү.

Өкмөт Кыргызстандын ИДӨсү алгач 2020-жылы 5% өсөт деп болжол берген. Башкача айтканда, өндүрүм 667,1 млрд. сом болот деп мерчемделген. Көрсөткүчтөр кайра каралгандан кийин, тескерисинче 6,8-7% артка кетет деп расмий эсептелген.

Ушул күндөргө карата 12 айдын эсеби чыга элек. Бирок бир ай кем көрсөткүчтү алганыбызда да жалпы жыйым мындан артка кеткени көрүнүп турат.

Улуттук статистика комитетинин улуттук эсептер тутуму жана экономикалык теңдемдер бөлүмүнүн башчысы Рыскелди Өмүралиев ИДӨ тууралуу мындайча маалымат берди:

Улуттук статистика комитети.
Улуттук статистика комитети.

«Алдын-ала баалоо боюнча, 2020-жылдын январь-ноябрь айларында ички дүң өнүм 511 миллиард сомду түзүп, 2019-жылдын январь-ноябрь айларына салыштырмалуу 8,1% төмөндөдү. «Кумтөр» кен казуу ишканаларын эсепке албаганда, 2020-жылдын январь-ноябрь айларында ИДӨнүн көлөмү 452 миллиард сомду түзүп, 8,6% азайды».

Жыл ортосунда жарыялаган изилдөөсүндө Азия өнүктүрүү банкы (АӨБ) 2020-жылы Кыргызстандын экономикасы 10% чейин төмөндөй турганын эскерткен. Евразия өнүктүрүү банкы (ЕӨБ) төмөндөө 7,5% болот деп баалаган. Жогоруда күбө болгонубуздай, бул болжолдор реалдуу чыгып жатат.

Эл аралык уюмдар да, Кыргызстандын бийлиги да төмөндөөнү негизинен бир эле нерсе менен байланыштырып келди. Бул аты жаман коронавирус. Пандемияга байланыштуу киргизилген өзгөчө абал, өзгөчө кырдаал режимдери жана чектөөлөр.

Экономика министрлигинин макроэкономикалык саясат бөлүмүнүн башчысы Насирдин Шамшиев жагдайды мындайча чечмеледи:

Насирдин Шамшиев.
Насирдин Шамшиев.

«Март айынан баштап пандемия башталды. Андан кийин апрелде Орусия Мунай экспорттоочу өлкөлөр уюмунан (ОПЕК) чыгып кетти, бул да бизге таасир этти. Мына ушундан баштап биздин экономика төмөндөп жатты. Жайында коронавирустун биринчи толкуну катуу болду, кийин октябрь айында экинчи толкуну күч алды. Мындан сырткары биздин улуттук валюта төмөндөп, доллар тынбай көтөрүлүп жатты. Ага кошул-ташыл 5-6-октябрдагы окуялардан улам Кыргызстандагы бир топ ишканалар чыгаша тартты, көп завод-фабрикалар өндүрүшүн, соода жайлары соодасын азайтты. Мына ушунун баары экономиканын төмөндөшүн шарттады».

Кантсе да, бул 8,1-8,6% төмөндөө - Кыргызстандын тарыхындагы эң оор көрсөткүчтөрдүн бири. Албетте, номиналдык эсепте, суммасында айырма бар, бирок темпи жактан алганда бул өлкө алгач эгемендик алган жылдарга теңеле түштү.

Эл аралык Валюта Фондунун (ЭВФ) эсеби боюнча, Кыргызстандын ИДӨсү 1991-жылы 7,8%, 1992-жылы 13,9%, 1993-жылы 15,4%, 1994-жылы 20% төмөндөгөн. 1995-жылы дагы 5,4% түшүп, калган жылдары кайра аз-аздан өсүүгө бет алган.

Акыркы он жылдан бери дүң өнүмдүн өсүш ыргагы 4-5% тегерегинде гана кармалып келген. Экономисттер бул жагдай жөн гана инерция экенин айтып келишет. Ошентсе да бул артка кетүүдөн артык болчу.

Улуттук статистика комитетинин баштапкы эсебинде, Кыргызстандын ИДӨсү 2017-жылы 530 млрд. сомдон, 2018-жылы 569 млрд. сомдон, 2019-жылы 590 млрд. сомдон ашкан.

Бул боюнча экономист Сейдалы Мырзакматовдун оюна кызыгып көрдүк.

«Эми бизде ишенгенибиз эле Улуттук статистика комитетинин эсеби да, экономиканы толук камтыган андан башка, көз каранды эмес санак жок. Бирок мен төмөндөө алар бергенден да көбүрөөк деп эсептейм, бери дегенде 15% артка кеттик. Канча ай иштебей жатпадыкпы, кырдаал ошондон эле көрүнүп турбайбы. Мындан сырткары соңку саясий кризис да экономикага терс таасир этти», - деди ал.

Пандемияда жабык турган ресторан.
Пандемияда жабык турган ресторан.

Дүң өнүмдү деталдуу талдоого өтсөк, жагдай дагы да ачыгыраак байкалат.

Маселен, өнөр жай өндүрүмүнүн көлөмү 2020-жылдын 11 айында 290 миллиард сомго жакындап, өткөн жылдын тиешелүү мезгилине салыштырмалуу 5,5% кемиди. Буга негизинен күйүүчү майдын көлөмүнүн 56,8% азайышы себеп болду. Мындан сырткары быйыл текстил өнөр жайы, кийим-кече жана бут кийим, булгаары жанан булгаарыдан жасалган буюмдар (20,6%), резина жана пластмассадан жасалган буюмдар жана металл эмес минералдык азыктар (8,4%), жыгач жана кагаздан жасалган буюмдар, полиграфиялык ишмердик (4,6%), азык-түлүктү өндүрүү (суусундуктарды кошкондо) жана тамеки азыктары (4,3%), темир жана темирден жасалган буюмдар, ошондой эле жер астынан казылган баалуу металл (22%) азайды.

Курулуш тармагы 16% чейин, дүң жана чекене соода тармагы боюнча көрсөткүчтөр 15,6% азайды.

Бир гана айыл чарба тармагы оң тенденция менен чыкты. Анда деле көп эмес, болгону 0,9%.

Бирок ага карабай бул тармактын мал чарба тармагы быйыл кыйла будуң-чаң түштү. Ал этке байланыштуу. Жыл ортологондо Кыргызстанда эт кымбаттап кетти. Баасы көтөрүлгөн кезде уй эти 410-450 сомдон, кой эти 380-450 сомдон болду. Расмий эмес кабарларда, кээ бир жерлерде эттин наркы 500 сомго чыкканы айтылды.

Натыйжада Айыл чарба министрлиги малды экспорттоого тыюу салууну сунуш кылып, өкмөттүн 19-ноябрдагы токтому менен буга чектөө кирди. Албетте, ал экономисттер жана фермерлер арасында карама-каршы пикирлерди жаратты.

Тышкы соода, инвестиция жана бюджет

Башка көрсөткүчтөр боюнча да жылдын жыйынтыгы толук чыга элек. Ошол себептүү 9-10-11-айлык эсептерди берип туралы.

Кыргызстандын тышкы жана ички соодасын алсак, мунун январь-октябрдагы гана санагы чыкты. Бул аралыкта соода 4,7 млрд. долларды түзүп, былтыркы жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 18,1% азайды. Анын ичинде импорт 26,9% кемиди, экспорт 4,7% өстү.

Экспорттун көбөйгөнү сүйүнүч жаратпайт. Анткени сыртка сатылган товарлардын жарымынан көбүн, тагыраагы 56,6% алтын түздү. Жөнөкөйлөп айтканда башка товарларды чет жакка чыгаруу азайып жатты, бирок алтынды сатуу көбөйгөндөн улам гана бизде экспорт арбыгандай элес жаралып жатты.

Бул жагдай өлкөлөрдү бөлүп салганда ачыгыраак көрүнөт. Анткени алтын адатта Европа өлкөрүнө кетет.

Алтын жөнөтүлбөгөн Евразия Экономикалык Биримдиги менен болгон соода 2020-жылдын он айында 2 млрд. долларды түзүп, 13,7% азайган. Мунун ичинде экспорт 12,8%, импорт 26,9% кемиген.

Кирген жана чыккан инвестицияга байланыштуу да кубантарлык жаңылыктар аз. Улуттук статистика комитетинин өкүлү Асел Акматалиева:

Асел Акматалиева.
Асел Акматалиева.

«2020-жылдын январь-сентябрында Кыргызстанга 398,4 млн. доллар тике чет өлкөлүк инвестиция келип түштү жана 2019-жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 30,9% кемиди. Ал эми быйыл тогуз айда чыгып кеткен түз инвестиция 719,1 млн. доллар болду жана өткөн жылдын тиешелүү мезгилине салыштырмалуу 1,4 эсе көбөйдү», - деп маалымат берди.

Эгер дагы тагыраак көрсөтсөк, Кыргызстанга 2019-жылдын тогуз айында 576,8 млн. доллар инвестиция келсе, 2020-жылы бул аралыкта 398,4 млн. доллар салынган. Быйылкы түз инвестициялардын ичинен менчик капитал, кайра инвестицияланган пайда, насыялар жана башка салымдардын баары азайганы маалымдалды.

Ал эми чыгып кеткен сумма былтыр январь-сентябрь айларында 513,5 млн. доллар болсо, бул жылкы көрсөткүч 719,1 млн. долларды түзгөн. Чыгарылып кеткен каражаттардын ичинде кайра инвестицияланган пайда көбүрөөк экени байкалат.

2020-жылкы кирген-чыккан суммалардын айырмасы 320 млн. доллар болуп жатат. Бул болсо инвесторлор быйыл салымдарын кескин азайтканынан кабар берет.

Береги жагдайларды да расмий органдар менен адистер коронавирус пандемиясы жана башка себептер менен байланыштырууда. Эл аралык ишкерлер кеңешинин аткаруучу директору Аскар Сыдыков кепке кошулду:

Аскар Сыдыков.
Аскар Сыдыков.

«Биринчиден, пандемия убагында дүйнө жүзүндө инвесторлор тобокелчилиги азыраак иштерге акчасын салышат. Кыргызстанда мына ушул себептен инвестиция азайды. Экинчиден, шайлоо. Биздеги парламенттик шайлоонун алдында көп чет элдик ишкерлер өздөрүнүн планын кайра карап чыгып, «кандай парламент шайланат, кандай өкмөт келет экен, ошону көрөлү» деген күтүү позициясында туруп калышты. Бул да дүйнө жүзүндө кеңири колдонулган көрүнүш, ар бир шайлоонун алдында ушундай болот. Анан үчүнчүдөн Кыргызстандагы саясий кризистер таасир этти».

5-6-октябрдагы окуялар учурунда жана андан кийин Кыргызстандагы бир катар компаниялардын кеңселерине кол салуу болгон. Анын ичинде кен компанияларынын имараттары өрттөлгөн, кызматкерлери сабалган учурлары катталган. Бизнес-ассоциациялар башаламандык күндөрү кендерди басып алууга жана инвесторлордун мүлкүн тартып алууга байланыштуу кеминде 50дөй факты бар экенин билдиришкен.

Компаниялардын көбү ушул күндөрү да ишин жанданта элек жана бул да инвестициялык климатка терс таасир этүүдө.

Премьер-министрдин милдетин аткаруучу, биринчи вице-премьер-министр Артём Новиков мурдараак «Азаттыктын» «Биз жана дүйнө» берүүсүнө комментарий берип жатып буларды билдирген эле:

Артём Новиков.
Артём Новиков.

«Чынында, октябрь айындагы окуялардан соң тоо-кен тармагындагы 1000 эмес, 3000ден ашык жумушчу орун убактылуу токтоп калган. Азыркы күндө дээрлик 3000дей жумуш орду калыбына келип, иштей баштады. Алар «Алтын кен», «Солтон-Сары», «Эти-Бакыр Терексай», Жамгыр, Кичи-Чарааттагы ишканалар өз ишин улантып жатат. Учурда Жерүй кенин иштеткен «Альянс-Алтын» ишканасынын ишин жандандыруу боюнча даярдык жүрүп жатат. Дагы бир нече объект бар. Анда иштеген жумушчулар акы төлөнбөгөн эс алууда болуп жатат. Биз бул боюнча күн сайын иштеп, компаниялардын жетекчилиги, жергиликтүү калк менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп жатабыз. Азыр мен сиз менен маектешип жаткан учурда өкмөттүн тиешелүү жетекчилери, жергиликтүү бийлик органдарынын өкүлдөрү кендерге барып, жергиликтүү тургундарга түшүндүрүп жатат».

Бюджет болсо ушул эле октябрдын башындагы окуялардын кесепетинен 300 млн. сомдой салык чогулта албай калды. Ал эми жалпы кризистен улам быйыл бюджеттин тартыштыгы рекорддук көрсөткүчкө жетти.

Республикалык бюджеттин кирешеси алгач 2020-жылга 163 млрд. 710 млн. сом деп бекитилген. Пандемияга байланыштуу кийин кайра каралып, бул сумма 135 млрд. 346 млн. сомду түзөрү болжолдонгон.

Ал эми чыгашанын баштапкы көрсөткүчү 171 млрд. 663 млн. сом болсо, кийин ал 163 млрд. 39,1 млн. сомго түшкөн. Ошентип, бюджеттик тартыштык 28 млрд. сом болуп, рекорддук жогорку чекке жеткен.

Соңку эсептерде киреше 137 млрд. 100 млн. сом менен калып, чыгаша 172 млрд. 700 млн. сомго чыкты. Натыйжада дефицит өз рекордун өзү жаңыртып, 35,6 млрд. сомго чыкты.

Мунун көбүн өкмөт сырттан карызга алган 343 млн. доллар менен жапты. Коронавирус менен күрөшүүгө жана экономиканы колдоого байланыштуу Кыргызстан чет элден 774 млн. доллар жардам сураган эле, ошонун ушул бөлүгү гана келди.

Мамлекеттик карыз жана келерки жылдын болжолу

Кыргызстандын мамлекеттик карызы 2019-жылдын аягында 4 млрд. 587 млн. долларды түзсө, 2020-жылдын август айына карата 4 млрд. 827 млн. долларга жетти. Мунун 4 млрд. 180 млн. доллары тышкы карыз.

2021-жылга жалпы мамлекеттик карыз 5 млрд. доллардан ашары көрүнүп калды.

Карызды тейлөөгө бюджеттен каралчу сумма жылдан жылга көбөйүп турары белгилүү. 2020-жылы буга 28,8 млрд. сом каралса, 2021-жылы 35,3 млрд сом аласаны жабууга кетет.

Демек, бул кайрадан эле бюджетке оорчулук жаратат. Өкмөт ушундан улам келерки жылдан тартып кескин сарамжалга өтөрүн кабарлап жатат.

Кайра өкмөт башчынын милдетин аткаруучу биринчи вице-премьер-министр Артём Новиковдун сөзүн угалы:

«Азыркы кырдаалдан алган эң чоң сабагыбыз - өз каражатыбызга жараша жашоону үйрөнүшүбүз керек. Дал ушул максатта бюджет мыйзамына өзгөртүү киргизүүнү пландап жатабыз. Анда бюджеттеги социалдык милдеттенмелерди чогултулган салыктын көлөмүнө байлап коёлу деп жатабыз. Ал эми калган каражатты экономиканы өнүктүрүүгө жумшашыбыз керек. Экономика канчалык күчтүү, бизнес туруктуу болсо быйылкыдай кризистерди ошончолук жеңил жеңип чыга алабыз. Биз саламаттык сактоо, билим берүү, чукул кырдаалдар тармактарын кризистик көрүнүштөргө туруштук бергендей кылып өнүктүрүшүбүз керек».

2021-жылга карата республикалык бюджеттин жалпы кирешеси 172,9 миллиард сом, чыгашасы 181,3 миллиард сом деп эсептелинди. Дефицит 8,5 миллиард сомдон ашат деген божомол бар.

Бул бюджет келерки жылы экономика өсөт деп боолголонгондон кийинки эсеп.

Өкмөт келерки жылы коронавирус инфекциясынан улам түзүлгөн кырдаал жөнгө салынып, турукташтырылгандан кийин экономика калыбына келет деп пландоодо. Ага ылайык, ички дүң өнүмдүн өсүшү 635 млрд. сом болот деп каралган.

Кайрадан Экономика министрлигинин макроэкономикалык саясат бөлүмүнүн башчысы Насирдин Шамшиев кепке кошулду.

«Келерки жылга биз ички дүң өнүмдүн темпи 5% өсөт деп эсептегенбиз. Азыр ошол боюнча эле турат. Азыр болжолдук процессти баштадык. Азыр мекеме-ишканалардан, мамлекеттик уюмдардан кандай өндүрүш болот деген маалыматтарды чогултуп жатабыз. Албетте, сандар январда болот, ага чейин кандай факторлор күтүлөт, ошолор менен иштейбиз. 30-мартка чейин көрсөткүчтөр тагыраак көрүнүп калат», - деди ал.

Бирок ошол эле кезде адистер 2021-жыл да Кыргызстан үчүн оор жылдардан болушу мүмкүн экенин болжошот. Себеби кайра эле коронавирус илдети качан солгундайт деген маселе көңүлдө турат.

Экономист Сейдалы Мырзакматов бул ойлорун толуктады:

Kyrgyzstan - Osh - Generic - coronavirus - quarantine - market - vegetables - tomato - 10 April 2020
Kyrgyzstan - Osh - Generic - coronavirus - quarantine - market - vegetables - tomato - 10 April 2020

«Ошол эле мезгилде Садыр Жапаровдун өкмөтүнөн да бул багытта жылыштарды, «кереметтерди» күтүүнүн кереги жок. Анткени биринчиден, ал ишти баштаганда эле ашыкча ресурсту алган вице-премьерлик кызматтарды жоё алган жок, кыскартууга бара албады. Экинчиден, биздин өкмөт эч качан экономикага түздөн-түз таасир эте албайт. Себеби, бизде бизнестин баары менчикте, дээрлик 99% экономикалык чарба жеке колдо. Кандай премьер-министр келбесин, кандай президент келбесин маселе экономиканын өз түзүмүнөн көз каранды. Азыркы жагдайда кыргыз экономикасынын кайра калыбына келиши коронавируска байланыштуу. Эпидемиологиялык кырдаал оңолсо, экономикадагы мурдагы көрсөткүчтөргө келерки жылы өзүнөн өзү жетет. Ал эми өсүш - башка маселе, ал үчүн бул тармактагы саясатты таптакыр жаңылаш керек».

Эл аралык ишкерлер кеңеши 2021-жылы Кыргызстанга 128.млн. доллар инвестиция келбей каларын эскертти. Бул да күтүлгөн терс божомолдордун бири. Бул жылы ошондой эле сырттан мигранттар которгон акча да азайышы мүмкүн.

Шайлоо оор экономикалык жагдайга туш келди
please wait

No media source currently available

0:00 0:05:29 0:00

  • 16x9 Image

    Эрнист Нурматов

    "Азаттыктын" Бишкектеги кабарчысы. 2010-жылдан 2017-жылга чейин Ош облусунда кабарчы болуп иштеген. Ош Мамлекеттик университетинин журналистика факультетин аяктаган.

Пикирлерди көрүңүз (5)

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: кайсы бир саясий партияга, топко үгүттөгөн, же каралаган, бир нече жолу кайталап жиберилген, адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлер жарыяланбайт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер сайтка чыкпайт. Модератор пикирлерди жарыялоо же андан баш тартуу укугун өзүнө калтырат.
Бул шерине жабылды, эми талкуу "Фейсбуктагы" барагыбызда (Azattyk.unalgysy) уланат.

XS
SM
MD
LG