Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 12:46

2021: Коронавирустан кийинки экономика


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

COVID-19 пандемиясы 2020-жылы дүйнө экономикасын кыйла алсыратты. 2021-жылы экономика калыбына келеби жана коронавируска каршы эмдөө буга канчалык жардам бере алат?

Улуттар Уюму пандемиянын экономикага тийгизген таасири дагы көпкө сезилерин, өзгөчө жакыр жана корголбогон өлкөлөргө күч келе турганын билдирди.

Коронавирус пандемиясы дээрлик бардык мамлекеттердин экономикасына чоң сокку урду.

Эксперттердин пикиринде, Жер планетасы Экинчи дүйнөлүк согуштан берки эң олуттуу экономикалык кризиске дуушар болду.

Дүйнөдө коронавируска чалдыккандардын саны 90 миллионго чукулдап, илдеттен 1 миллион 700 миңдей адам көз жумду.

Дүйнө калкынын жарымынан көбү адамзат тарыхында мурда болуп көрбөгөн карантин чараларына кабылды. Айрым мамлекеттердин бийлиги чектөөлөрдөн улам жабыркаган үй-бүлөлөргө, ишканаларга каржылык жардам көрсөтүүгө аракет кылышты. Март айынан бери бул багытка ар кандай эсептер боюнча бери дегенде 12 триллион доллар сарпталды.


Бюжеттик акчанын бул максатта коротулганы да экономиканы сактап кала алган жок. Экономикалык кызматташтык жана өнүгүү уюмунун баасы боюнча глобалдык ички дүң өндүрүм 4,5% чейин төмөндөшү мүмкүн.

Ноябрь айынын соңунда чыккан Улуттар Уюмунун соода жана өнүгүү боюнча конференциясынын баяндамасында кризистин айынан 130 миллион адам жакырчылыкка батып, теңсиздик жана социалдык жактан коргоосуздук күч алышы мүмкүн экени эскертилген.

Кырдаалды Европа, Америка жана башка континенттерде жыл соңунда күч алган коронавирустун “экинчи толкуну” дагы курчутту.

«Вакцина чыкса да экономика тез арада калыбына келбейт»

Дээрлик бардык эксперттер экономиканын калыбына келиши вакциналардын натыйжалуулугунан көз каранды экенин белгилешет.

Учурда америкалык "Pfizer" жана германиялык "BioNTech", "Модерна" жана "AstraZeneca" компаниялары ойлоп тапкан вакциналар үмүт жандырып жатат.

"Pfizer" жана "BioNTec", "Модерна" компанияларынын вакциналары сыноонун үчүнчү баскычында 90% ашуун натыйжалуу экенин көрсөтүштү. Учурда "Pfizer" жана "BioNTec" компанияларынын вакцинасы ондогон мамлекеттерде каттоодон өтүп, адамдарга сайыла баштады.


Орусия коронавируска каршы өзү чыгарган «Спутник-V» вакцинасын каттоодон өткөргөн алгачкы мамлекет болуп калды. Анткен менен эл аралык илимий чөйрө аны каттоодон өткөрүү механизминин тазалыгынан күмөн санап жатат.

Эмдөөнүн башталышы экономиканын калыбына келишине үмүт арттырат. Анткен менен эксперттер вакцинанын массалык өндүрүлүшүн жана аны жеткирүү логистикасын эске алуу менен анчалык оптимист болбой турууга чакырышат.

Маселен, "Pfizer" компаниясы ноябрь айынын башында быйыл 50 миллион доза өндүрүлөрүн, ал 25 миллион кишини эмдөөгө жетерин билдирген. 2021-жылы 1,3 миллиард дозага чейин өндүрүү пландалууда.

Жер жүзүндө 7,5 миллиард адам жашарын эске алганда бул анча деле көп эмес.

UBS ири инвестициялык холдингинин төрагасы Аксель Вебер 11-ноябрда билдиргендей, вакцина чыкса дагы экономика тез арада калыбына келбейт.

«Кризиске чейинки ички дүң өндүрүмдүн деңгээлине жетүү үчүн кеминде бир жыл керек. Дагы бир же эки жыл кризиске чейинки жумушсуздуктун жана экономикалык өсүштүн көрсөткүчүнө жетүүгө кетет. Ошондуктан экономиканын калыбына келиши үчүн узак жараян зарыл», - деди Вебер CNBC телеканалына берген маегинде.

Ал эми 18-ноябрда Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмунун Европадагы бюросунун жетекчиси Ханс Глюге “Туннелдин ары жагында шоола көрүнөт, бирок бизди алдыда дагы катаал жарым жыл күтөт”, - деп билдирди.


Баары качан калыбына келет?

Улуттар Уюмунун соода жана өнүгүү боюнча конференциясынын баянында коронавирус пандемиясы тийгизген зыянды эске алуу менен 2021-жылы экономиканын калыбына келиши мүмкүн эмес деген кооптонуу бар.

19-ноябрда жарык көргөн баяндамада пандемиянын кесепеттери “өзгөчө жакыр жана аялуу катмарларда дагы узакка созулары” белгиленет. Ошол эле жерде дүйнөлүк жакырчылыктын деңгээли 1988-жылдагы Азиядагы каржылык кризистен бери алгач ирет көтөрүлгөнү жазылат.

“Вирус дүйнөлүк экономиканын эң башкы артериялары менен чек араларды тез кесип өтүүдө. Пандемия өзгөчө аялуу социалдык топторго катуу сокку уруп, дүйнөлүк экономиканы нес кылды”, - деди Улуттар Уюмунун соода жана өнүгүү боюнча конференциясынын баш катчысы Мухиса Китуйи.


Кытай күчтөнөбү?

Экономикалык жактан алганда пандемия алсыздардын абалын ого бетер оорлотуп, күчтүүлөрдүкүн тескерисинче жакшыртат.

Коронавирус алгач пайда болгон Кытайда экономиканын өсүшү катталды. Июль айынан сентябрга чейин дүйнөнүн экинчи экономикасы былтыркы жылдын ушул маалына салыштырмалуу 4,9% көтөрүлгөн.

Бул боолгонгон божомолдон 5,2% аз, бирок Кытайдын ички дүң өндүрүмүнүн өсүү динамикасы COVID-19дан кийин кайра калыбына келип жаткан мамлекеттердин сап башына чыкты.

Дээрлик беш пайызга чейин өсүү бул жыл башындагы төмөндөөнүн фонунда болуп көрбөгөндөй көтөрүлүү дегенди билдирет. Үстүбүздөгү жылдын биринчи кварталында өлкө боюнча бардык заводдор токтогонуна байланыштуу Кытайдын экономикасы 6,8% кыскарган. Бул квартал боюнча статистика эсептеле баштаган 1992-жылдан берки эң алгачкы төмөндөө.

Аналитиктердин баамында, төмөндөп баратып кайра көтөрүлүү бийликтин бул жааттагы саясаты ийгиликтүү болгонун айгинелейт. Кытайда коронавирус башталганда бийлик катаал карантин чараларын киргизип, андан соң өндүрүү жараянын көтөрүү боюнча кадамдарды кабыл алган.


Жумушчуларга оңой эмес болот.

Пандемия жумушчуларга жана кызматкерлерге ар башка сокку урушу мүмүн. Британияда жарык көргөн «Экономист» журналы «Буга чейин кеңседе отуруп иштегендер өз жумушун ашканасында же уктоочу бөлмөсүндө деле улантып кетишти, ал эми буга чейин жыйнап-тейлөөчү болуп иштеп жүргөндөргө кайра жумуш издөөгө туура келет», - деп жазган.

2020-жылдын биринчи тогуз айында жалпы жумуш орундары 11,7% кыскарган. Бул Улуттар Уюмунун эсебинде, 323 миллион иш орунуна барабар. Жумуш сааттарынын кыскарышы 3,5 триллион долларлык киреше же глобалдык ички дүң өндүрүм 5,5% төмөндөдү дегенди билдирет.

2021-жылы жумуш базарлары кандай болору пандемиянын динамикасынан жана өкмөттүк чаралардан көз каранды.

«Карантин чараларынын өз убагынан мурда жумшартылышы пандемиянын узарышына жана жумуш базарларындагы кырдаалдын начарлашына алып келиши ыктымал. Ошол себептен саламаттык сактоо, экономика жана социалдык саясат тармактарындагы чараларды тең салмакта киргизүү маанилүү. Өлкө жетекчилеринин алдында жумушсуздук, жакырчылык, теңсиздик жана социалдык обочолонууга убагында реакция жасоо үчүн бюджеттик каражат табуу деген оңой эмес маселе турат», - дейт БУУнун аналитиги Стив Капсос.

Кандай факторлорго көңүл бөлүү керек?

Улуттар Уюмунун соода жана өнүгүү боюнча конференциясынын баяндамасында белгиленгендей, дүйнөлүк ички дүң өндүрүм 2021-жылы беш пайызга көтөрүлөт. Бирок ал дагы коронавирустун очокторунун кайрадан пайда болушу, карантин чараларынын жана чектөөлөрүнүн сакталышы, кардарлардын жана компаниялардын келечекке болгон ишенимдүүлүгү ошондой эле канчалык мамлекет бизнести колдой алат деген сыяктуу факторлордон көз каранды.

Вашингтондо жайгашкан Эл аралык каржылык институттун башкы экономистинин орун басары Элина Рыбакованын пикиринде, мамлекет жетекчилеринин алдында оңой эмес тандоо пайда болот.

«Экономиканы колдоп, ошол эле маалда анын табигый түрдө трансформацияланышына жолтоо болбогон баланс табуу керек. Айрым тармактар мурдагы калыбына келе албайт, өз алдынча ирдене албаган компанияларды зомбификациялоодон алыс болуу керек», - деген Рыбакова экономика бир топ убакытта гана өзүнө келет деп эсептейт. Ал ошондой эле ооруга каршы эмдөөнүн жүрүшү ар бир мамлекеттеги кырдаалга көз каранды деген пикирде.

XS
SM
MD
LG