Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 01:36

Орусияда эмдөөдөн өткөндөр аз болууда


Орусияда чыгарылган экинчи вакцина, декабрь, 2020-жыл
Орусияда чыгарылган экинчи вакцина, декабрь, 2020-жыл

Орусияда жапырт вакцинациялоо жарыяланганына бир айдай болгону менен жер-жерлерде эмдөөдөн өтүп жаткандардын саны кыйла аз.

Орусияда калкты коронавируска каршы жапырт эмдөө расмий 5-декабрда жарыяланган. Москвада биринчилерден болуп дарыгерлер, мугалимдер жана социалдык кызматкерлер эмдөөдөн өткөн.

Мария Иноземцева Москванын четиндеги Зеленоград шаарындагы ооруканадан вакцина сайдырган. Ал кесиби боюнча тобокел тобуна кирбейт, бирок ооруканада аны эч чектөөсүз тосуп алышканын айтып берди.

«Менин тааныштарым аябай катуу ооруду. Жакын тууганым коронавирустан каза болду. Мен вакцина жасала баштаганда эле эмдөөдөн өтүүнү чечкем. Мен үчүн бул кадимки жашоого кайтууга жакшы мүмкүнчүлүк», - деди Мария.

21-декабрдан бери өндүрүш, транспорт жана маалымат каражаттарынын кызматкерлерине да коронавируска каршы эмдөөдөн өтүүгө уруксат бериле баштаган.

Москва мэри Сергей Собянин эки жума ичинде Москвада 15 миң киши вакцина алганын айткан. Ал эми саламаттык сактоо министри Михаил Мурашко 22-декабрга карата Орусияда 52 миң адам эмдөөдөн өткөнүн билдирди.

Ал эми АКШда 14-декабрдан бери эле 614 миң кишиге вакцинация жасалган.

Мурашко менен Мишустин
Мурашко менен Мишустин

«Холод» басылмасынын редактору Михаил Зеленский Москвада 70 борбордо вакцинация жүргүзүлүп жатканын, жалпы көрсөткүчтөр боюнча орус вакцинасына ишенип, эмдөөгө баргандардын саны бир кыйла аз экенин белгиледи.

«Москвада күнүнө бери дегенде 2800 киши вакцина алса болот. Бирок азыр 1200гө жетпеген адам өтүп жатат. Кээ бир райондордо эмдөөгө катталгандардын орду бош турат. Бул кырдаалда өзгөрүү байкалган жок. Бир вакцинада беш ампула болорун, аны кишиге саярдан мурда муздаткычтан алып чыгып, жылытып, дароо беш кишиге колдонуу керектигин билебиз. Ошон үчүн алар адамдардын топ-топ болуп катталып келишин күтүп жатышат».

Эмдөөдөн өткөндөр вакцинацияга катталгандарды ооруканаларга беш-бештен чакырып жатканын, эмдөө алдында жалпы саламаттыгын текшерип, өнөкөт оорулары тууралуу тактап, абалы оорлоп кетсе, догдурларга медициналык кийлигишүүгө уруксат берген кагазга кол койдуруп жатканын айтышат.

«Медиазона» басылмасынын башкы редактору Сергей Смирнов дагы вакцинациядан өткөн. Ал эл арасында орус вакцинасына ишенбестик байкалып жатканын белгиледи.

«Мен көпкө чейин күмөн санадым. «Спутник V» вакцинасына башынан эле күмөн саноо, ишенбестик пайда болгон. Бул үчүн мамлекетке жана пропагандисттерге рахмат айтыш керек. Алар адамдардын ата мекендик вакцинадан шектенүүсүнө өздөрү түрткү беришти».

Ошол эле кезде Орусиядагы Коомдук пикирди иликтөө борбору өзүнүн сурамжылоосуна таянып, ар бир үчүнчү орусиялык коронавируска каршы вакцинациядан өтүүгө даяр экенин маалымдады. Орус бийлиги жакынкы он күн ичинде «Спутник V» вакцинасынын 2 миллион дозасын чыгарууга убада берген.

Ал эми эмдөөдөн өткөндөр кийин дене табы көтөрүлүп, алсыздык пайда болгонун айтышууда.

Санкт-Петебургда вакцина борборунун башчы орун басары Маргарита Милашевич мындай реакция убактылуу экенин айтты.

«Бардык вакцинанын тескери кесепети болушу мүмкүн. Бирок азыр андай окуя байкалган жок. Эмдөөдөн кийин инъекция сайылган жер кичине оорушу мүмкүн. Суук тийгендей алсыздык пайда болуп, адам шалдырашы ыктымал. Бул бат эле өтүп кетет».

Бир жума мурун Орусиянын президенти Владимир Путин басма сөз жыйынында догдурлардын кеңеши боюнча жаш курагына байланыштуу коронавируска каршы вакцина ала электигин айткан. Саламаттык сактоо министри Михаил Мурашко жашы 60тан өткөндөр 28-декабрдан кийин эмделе баштарын билдирди.

Орусияда күнүнө вирусту кеминде 29 миң киши жуктуруп, пандемия башталгандан бери илдетке чалдыккандардын саны 3 миллионго чамалады. Расмий статистика боюнча коронавирустан 53 миң адам каза тапты.

Мындан тышкары айрым изилдөөлөр быйыл былтыркыга салыштырмалуу Орусияда өлүм-житим 120 миңге көп катталганын көрсөтүп жатат.

  • 16x9 Image

    Лазат Жаныбек кызы

    "Азаттык" радиосунун Москвадагы кабарчысы. К.Карасаев атындагы Бишкек мамлекеттик университетин жана Орусиядагы Улуттук изилдөө университетинин Экономика жогорку мектебинде магистратураны бүтүргөн.

XS
SM
MD
LG