Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 11:08

БУУ: вакцина теңдикке жолтоо болбошу керек


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Кошмо Штаттарында соңку бир күндө коронавирустан дагы 3054 бейтап жан берди жана бул пандемия маалындагы кезектеги эң чоң көрсөткүч болуп калды.

10-декабрда АКШнын Азык-түлүктүн жана дары-дармектин сапатын текшерүү башкармалыгы "Pfizer-BioNTech" вакцинасын колдонууну эркин адистер менен чогуу онлайн талкууламакчы.

АКШда соңку жети күндөн бери коронавирустан көз жумгандар көбөйүүдө жана бул оорудан 300 миңдей бейтап ажал тапты. Оору жуккандардын саны бир күндө 200 миңден ашык болуп катталууда. Ушул маалда ооруканаларда 106 миңден көп бейтап жатат жана бул да эң жогорку көрсөткүч.

Оору жуккан учурлар көбөйгөнүнө карабай, америкалыктар вакцинага чебердеп мамиле кылары маалым болду. Соңку сурамжылоолорго ылайык, ага катышкандардын теңине жакыны вакцина сайдырышарын айтышкан. Ал эми 25 пайызы эмдөөдөн таптакыр баш тарткан, калгандары чечим кабыл ала электигин билдирген.

Эксперттердин пикиринде, жамааттык иммунитет пайда болушу үчүн жалпы жарандардын 70 пайызынан кем эмеси эмделиши керек. Өлкөнүн башкы инфекционисти Энтони Фаучи эмдөө башталганда деле сактык чаралары керек экенин эскертти:

"Эгер АКШнын Тамак-аш жана дары-дармек башкармалыгы вакцина коопсуз жана натыйжалуу деп тапса анда мен аны биринчилерден болуп сайдырам жана аны үй-бүлөмө да сунуштайм. Бирок беткап тагынуу, социалдык аралыкты сактоо, топтошуудан оолак болуу өңдүү чараларды биз эмдөө башталганда деле сакташыбыз керек".

Кошмо Штаттары коронавируска каршы эмдөөнү ушул дем алыш күндөрү баштаганы жатат жана вакцина алгач кары-картаңдарга, медицина кызматкерлерине сайылат.

Буга чейин АКШнын шайланган президенти Жо Байден 15-январда ант кармап, кызматка расмий киришкенден тартып, 100 күндүн ичинде алгач 100 миллион вакцина менен камсыз кылууга убада берген.

Колунда бар бир катар өлкөлөр жапырт эмдөөгө ашыгып жаткан чакта Бириккен Улуттар Уюмунун (БУУ) баш катчысы Антонио Гуттериш жакыр мамлекеттерге көңүл бурду. Ал шаршембиде Африка биримдигинин өкүлдөрү менен онлайн жолугушууда Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмунун кедей мамлекеттерди вакцина менен камсыздоо программасына соңку эки айдын ичинде 4,2 миллиард доллар бөлүп берүүгө чакырды.

Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмунун башчысы Тедрос Аданом Гебреисус вакцина маселеси теңсиздикти дагы тереңдетпеши керектигин эскертти:

"Биз байлар жана таасирлүүлөр вакцина ала баштаганынан улам калктын жакыр жана маргиналдуу катмары дүрбөлөңгө түшкөнүн карап тура албайбыз. Бул - глобалдуу каатчылык жана ал акыйкат, глобалдык бакубаттуулуктун негизинде чечилиши керек. Ал жеке товар катары каралып, кайсы бир адамдарды артка калтырууга негиз болгон, теңсиздикти дагы тереңдеткен жагдайга айланбашы керек".

Канада "Pfizer-BioNTech" вакцинасына уруксат берген Британиядан кийинки батыштагы экинчи өлкө болуп калды. Орусия менен Кытай болсо өзү жасаган вакцина менен жапырт эмдөө жүргүзүп жатат.

Ал арада америкалык "Pfizer" компаниясы менен анын немис өнөктөшү "BioNTech" шейшембиде Дары-дармек каражаттары боюнча Европа агенттигинин (EMA) серверине киберчабуул болгонун, анда хакерлер алардын вакцинасы тууралуу техникалык документтерин ачып киргенин билдирди. Бул кылмышка байланыштуу иликтөө башталды.

Ушул тушта аталган агенттик "Pfizer-BioNTech" вакцинасына эксперттик баа берүү үчүн талдоо жүргүзүп жатат. Анын негизинде бул вакцинанын коопсуздугу, натыйжалуулугу аныкталып, аны бүтүндөй Европа Биримдигинин аймагында колдонууга уруксат берүү жашы чечилмекчи.

Дүйнө жүзүндө коронвирус болгондор 69 миллион адамга жетти, 1,5 миллиондон көп бейтап жан берди.

XS
SM
MD
LG