Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
11-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 02:45

Ош: Китепкананы жериген депутат


Ош шаардык борборлоштурулган китепкана тармагынын №13 филиалы. 3-декабрь, 2020-жыл.
Ош шаардык борборлоштурулган китепкана тармагынын №13 филиалы. 3-декабрь, 2020-жыл.

Ош шаардык кеңешинин депутаты Абдисаит Каримбековдун китепканаларды жоюп, жаңы форматка өткөрүү тууралуу демилгеси талкууга түштү. 

Шаардагы китепканалардын жетекчилери кызыл үйлөрдү жоюп салууга каршы болгону менен аларды жаңылаш керек экенин моюнга алышат.

Акыркы күндөрү Оштогу китепканалардын көңүл чордонунда болушуна шаардык кеңештин депутаты Абдисаит Каримбековдун китепканалар каражатты пайдасыз эле иштетип жатканын белгилеп, аларды жоюп салууну сунуш кылганы себеп болду.

«Форматын өзгөртүш керек»

Эл өкүлү 30-ноябрдагы отурумда китепканаларды жоюп салууну сунуш кылып, көп өтпөй журналисттерге интервью берип жатып, алардын форматын өзгөртүш керек экенин айткан:

Абдисаит Каримбеков.
Абдисаит Каримбеков.

«Бүгүнкү күндө китепканага ким барат? Ал жерде эң акыркы үлгүдөгү, пайдалуу, адамдарды кризистен чыгарчу, жаштарды алдыга түртө турган кымбат китептерди сатып алганга акча жок. Жөн эле китепкана деген аты эле бар. Ал жерде имаратты кармоого, айлык алууга, керектүү техника сатып алыш үчүн да казынадан акча алып, айлык алып туруш керек деген эле сөз болуп жатат. Биз интеллектуалдык ресурс менен гана өнүгөбүз, башка жол жок. Бирок ошонун форматын өзгөртүш керек».

Ош шаарынын так ортосунда жайгашкан Алишер Навои атындагы эс алуу багынын ичиндеги борборлоштурулган шаардык китепкана тармагынын башкы имаратына жума бою кирип чыккандардын катары суюлган жок. Китепкананын жетекчиси жергиликтүү бийликтен, массалык маалымат каражаттарынан байма-бай кабар алып жатканын айтты.

Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Калаадагы борборлоштурулган китепкана тармагынын башкы кеңсесинин ичи жылуу, таза жана жарык. Антсе да китеп окуганы келген кишилерди сейрек учураттык.

Мекеменин жетекчиси Салима Токтомаметованын айтымында, бул жерге күн сайын 100дөн ашуун киши келип турат. Ушул учурга чейин коронавирус пандемиясына карабай 127 миңден ашык китеп электрондоштурулган.

«Эл шайлаган депутат бүгүнкү күндө «китепкананы жаап салсын» дегени - бул уят, акылга сыйбаган нерсе. Мен караманча каршымын. Ал «Интернет болушу керек» деп айтып жатат. Азыр Интернет баарында бар. Биздин китепкананын өзүндө Wi-Fi бар, болгондо да жогорку ылдамдыкта. Азыр эми заман талабына жараша китептерди санариптештирүү жүрүп жатат», - деди Салима Токтомаметова.

«Кирсең көңүлүң чөгөт»

Ал эми Ош шаарындагы мектептердин биринде иштеген жаш мугалим Асылкан Кубанычбекова шаардагы жаштардын ансыз да бара турган жери жок экенин айтууда. Ал китепканаларды жоюп салуунун ордуна ал жердеги шарттарды жакшыртуу зарыл деген пикирде.

«Китепканаларды жаап салса жаштар, студенттер, шаар тургундары кайсы жерге барып китеп окуйт? - деп суроо салды мугалим. - Эгерде өзгөртүү киргизип, шарт түзүп берсе абдан сонун болмок. Мамлекеттик китепканаларда шарт жок. Эмеректери эски, кирсең көңүлүң чөгөт. Себеби абдан күңүрт, караңгы, жаңы китептер дээрлик жок. Ошол жакка деле бекер Интернет киргизип, жаңы эмеректерди коюп, китепкананын ичин кичине жарыктандырса, элдин баары компьютердик клубда же буркуратма чегип, кечке отургандан көрө китепканада олтурмак».

Ош шаарындагы борборлоштурулган китепкана тармагынын башкы кеңсесинин ичи.
Ош шаарындагы борборлоштурулган китепкана тармагынын башкы кеңсесинин ичи.

Жалпысынан шаардык борборлоштурулган китепкана тармагына караштуу 12 китепкана бар. Калаанын күн батыш тарабында жайгашкан Кеңеш айылындагы китепканага баш бактык. Китепканачы Ойзада Атазакова иш ордунда мешти сайып иштеп жатыптыр.

«Ооба, аябай суук, - деди китепканачы. - Жылуулук болгон эмес, илгери бир жылуулук менен камсыз кылуу башталган. Кийин биз өзүбүзчө, айыл өкмөт өзүнчө болуп кетип, эми минтип суукта отурабыз. Ошол үчүн да көп кире беришпейт. Кышында шарт жок. Жазында жакшы болот».

Атазакова иштеткен китепканага күнүгө ондон ашуун киши кирет. Бирок алардын көпчүлүгү сууктан улам отуруп окубайт. Китепканачы мекеме Интернетке туташып, жылуулук берилип калса окурманы көбөйөт деп үмүт кылат.

Шаардык борборлоштурулган китепкана тармагына буга чейин бир жыл ичинде 20 миңден ашуун киши келчү. Быйыл 15-16 миңге чукулдаган. Жергиликтүү бюджеттен ага жыл сайын 6 миллион сомдон ашуун каражат бөлүнөт.

XS
SM
MD
LG