Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
2-декабрь, 2020 шаршемби, Бишкек убактысы 19:13

Пандемия мамлекеттик китепканаларды майыштырды


Ак-Талаадагы китепкана. Иллюстрациялык сүрөт.

Кыргызстанда совет заманынан калган мамлекеттик китепканалар бүгүн да иштеп жатат. Алардын эң ирилери баш калаада жайгашкан.

Мамлекеттик китепканалардын чоң аянтты ээлеген өз имараттары бар. Бирок алар бүгүнкү шартта канчалык окурмандарды өзүнө тартып жатканына кызыгып, айрымдарын кыдырып көрдүк.

Карантин шарттары алынган соң китепканаларда окурмандар кескин азайды. Мурда окурмандардын саны күнүнө 1500-2000 адамды түзсө, учурда эң көбү 200 гана киши.

К.Баялинов атындагы улуттук китепкананын бир жылда орточо эсеп менен 150 000 окурманы бар. Анын жетекчиси Роза Султангазиеванын айтымында, китепкананын кызматкерлери май айынан башка айларда кезектешип иштеп жатышты. Алар электрондук вариантка өткөрүлгөн китептерин карантин учурунда окурмандарга сунуш кылышты.

«Биз карантин учурунда бир катар долбоорлорду ишке ашырдык, - деди ал. - Акын-жазуучулардын чыгармаларын көркөм окуп, видеосабактарды тартып, соцтармактагы баракчаларыбызга жарыялап жаттык. 6-7 жылдан бери китептерди электрондук вариантка өткөрүүдөбүз. Бул бизге чоң жардам берди. Эң көп сураганы - көркөм адабияттан кыргыз классиктеринин китептерин сурап жатышты. Албетте, толук китепти жөнөткөнгө мүмкүнчүлүгүбүз болгон жок. Автордук укук деген бар да. Окурмандын толук талабын уккан соң, 13 же 15 барактан жөнөтүп турганга аракет кылдык».

Улуу муундагы окурмандардын көбү Интернеттен алыс. Бир жагынан алар китептерди колдоруна кармап окумайынча алымсынбайт. Алыкул Осмонов атындагы улуттук китепкананын директорунун орун басары Венера Качкынбаева өз сөзүндө карантин убагында lib.kg электрондук китепканасына 5000ден ашык колдонуучу киргенин билдирди:

«Пандемия учурунда онлайн иштедик. Окурмандар сайтыбыздан керектүү китептерди алып окуганга аракет кылышты. Бирок, өзүңүздөр жакшы билесиздер, биздин уулу муундагы агайларыбыз Интернет колдонгонду билишпейт. Алар пандемия учурунда да китепканага келип китеп окуп жатышты. Биз кезектешип окурмандарга кызмат көрсөткөнгө аракет кылдык. Учурдагы кырдаалга байланыштуу көп иштерибиз аткарылбай калды. Азыр китепканабызга окурмандарыбыз келе баштады. Бизде тил курстары бекер окутулат».

К.Баялинов атындагы улуттук китепкананын китептеринен пайдалануунун жылдык акысы 25 сом, А. Осмонов атындагы улуттук китепкананыкы 40 сом, Ч.Айтматов атындагы китепканыкы 50 сомду түзөт.

Ч.Айтматов атындагы китепкананын кызматкери Венера Абдимажитова өзгөчө абал алынган соң күнүгө 5-6 окурман келип калганын айтты:

«Биздин окурмандардын көпчүлүгү - студенттер. Бизде көркөм адабият, искусство, Ч.Айтматов жана анын чыгармалары аттуу бөлүмдөр кызмат көрсөтүшөт. Поэзия кечелерин уюштуруп турабыз. Бирок өлкөдөгү кырдаалга байланыштуу ал иштер да токтоп калды. Ноябрда Маданият күнүн, декабрда Ч.Айтматовдун туулган күнүн белгилөөнү пландап жатабыз».

Китепканачы окурманды китеп окууга кызыктыра билиши зарыл экендигин айткан Роза Султангазиева К.Баялинов атындагы улуттук китепкананын пандемия убагындагы иштери, учурдагы ишмердүүлүгү тууралуу кеңири айтып берди:

«Биз 2020-жылдын январь айында мүмкүнчүлүгү чектелген балдарды окутуу боюнча реабилитациялык борбор ачтык. Кире бериштеги жертөлөгө пандус жасап, мүмкүнчүлүгү чектелген жарандарды окутуу үчүн китептерди чогулттук. Азыр китептердин саны 200гө жетти. Ал жерде компьютерлер, англис тилин бекер окутуу, сүрөт тартуу, сайма, түймө иштерин үйрөткөн ийримдер бар. Бул долбоорду «Камкор» уюму менен бирге ишке ашырдык. Учурда эл аралык уюмдун жардамы менен бирге «Чоң кишилерди окутуу» деген долбоорубузду ишке ашыруу алдында турабыз. Интерактивдүү такта менен окурманга баарын көрсөтүп берүү жакшы экен. Ал жактан тикмечилик, ашпозчулук, сантехника кесиптерин окутуп, жумуш менен камсыз кылганга аракеттенебиз. Бардык ийримдер бекер. Кырдаалга байланыштуу ачылышын өткөрө албай жатабыз. Биздин фото лабараториябызда беш камера бар. Ал жактан каалоочуларга социалдык роликтерди кантип тартыш керек экенгин көрсөтүп беребиз. Биздин эң көп окурмандары бар «Америка борборубузда» компьютер залыбыз бар. Ар кандай жумуштарда фрилансер болуп иштеген окурмандар келип, кээ бир иштерин бүтүрүп алууга мүмкүнчүлүктөрү бар. «Библионяня» борборубузда наристелерге ылайыктуу шарт түзгөнгө аракет кылдык. Жаш энелер балдарын эки саатка таштап, өздөрү каалаган китептерин окуп, биздеги курстардан бекер пайдаланып, белгилүү кесиптин ээси болуп чыгышына шарт түзгүбүз келди».

Бишкек шаарынын тургуну Даткайым Тургуналиеванын үч баласы бар. Ал балдары менен китепканага келип, эки жаштагы уулун «библионяня» бөлүмүнө эки саатка калтырып, китеп окуйт.

«Мен уулдарым менен бул жактын кызматын колдономун, - дейт ал. - Жаш энелерге ушундай мүмкүнчүлүк түзүп жатышканы эң жакшы саамалык. Бул жакта мен каалаган китебимди алып же өзүм үйдөн көтөрүп келген китебимди окуганга шарт түзүлгөн».

Роза Султангазиева китепканачыларды мээримдүүлүктүн символу болууга чакырды:

«Биз баланы китеп окууга кызыктырыш үчүн атайын тигилген сумкага бир китеп менен кошо бир оюнчук салып коюуну адатка айландырдык. Бала сумкадагы оюнчукка кызыгып сумканы үйүнө алып кеткиси келет. Биз ал учурда сумканы үйүнө беребиз. Ашып барса оюнчук менен бир саат ойнойт. Андан соң каалайбы, каалабайбы китепти ачып барактап кызыгып кетиши мүмкүн. Дагы бир жакшы иш - «куурчактар» менен балага китеп окуп берүүнү ишке ашырдык. Бирок, жетишпеген нерселерибиз да көп. Мисалы, кыргыз тилиндеги китептер жетишпейт».

Коронавирус коркунучуна байланыштуу Кыргызстанда 25-мартта өзгөчө абал режими киргизилген. 14-сентябрдан баштап китепканалар жана музейлер иштей баштады. Бул тууралуу Маданият, маалымат жана туризм министрлиги кабарлады.

XS
SM
MD
LG