Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 09:37

Айтматов күнү, адабияттын үнү...


Айтматовдун туулган күнү, адабияттын абалы
please wait

No media source currently available

0:00 0:07:41 0:00

Айтматовдун туулган күнү, адабияттын абалы

12-декабрь - Чыңгыз Айтматовдун туулган күнү. Залкар жазуучунун 90 жылдыгына арналган салтанат Улуттук филармонияда өттү. Иш-чарага өлкө президенти Сооронбай Жээнбеков, өкмөт башчы Мухаммедкалый Абылгазиев баштаган расмий өкүлдөр, жазуучунун замандаштары, калемдештери, жакындары катышты.

Жыйынга катышкан адабият өкүлдөрү быйыл өлкө аймактарында жана чет мамлекеттерде залкар жазуучунун мааракеси татыктуу белгиленгенин айтышты. Бирок алардын айрымдары улуу жазуучунун маарекеси менен кошо белгиленген Адабият күнүндө улуттук адабияттын бүгүнкү көйгөйлөрү тууралуу өлкө жетекчилери ооз ачпаганына капа болушту.

Өлкө президенти Сооронбай Жээнбеков өз сөзүндө Чыңгыз Айтматовдун элесине таазим эткен дүйнө коомчулугуна ыраазычылык билдирип, Кыргызстанда болуп өткөн иш-чараларга токтолду. Мындан сырткары, ал залкар жазуучунун атын түбөлүккө калтыруу боюнча буга чейин жүргүзүлгөн иштерди айтып өттү:

Сооронбай Жээнбеков.
Сооронбай Жээнбеков.

- Бишкек, Ош, Баткен, Жалал-Абад шаарларында жана Талас облусунда көчөлөргө, мектептерге улуу жазуучунун аты коюлган. Нарын облусунда анын ысымы китепканага берилген. Борборубузда Айтматов атындагы кино үйү, китепкана, үй-музейи бар. Бишкек шаарында Эмен багы Айтматовдун атын алып жүргөнүнө он жылдай болуп калды. Бирок элдин көпчүлүгү биле бербейт. Бишкек мэриясы конкурстун негизинде бул паркты жасалгалоо концепциясын иштеп чыгып, Айтматовдун руху көрүнүп, билинип тургандай кылып кайра карашы керек.

Элдин эсиндеги Айтматов
please wait

No media source currently available

0:00 0:08:05 0:00

Буга чейин интеллигенция өкүлдөрү Бишкек шаарынын негизги көчөлөрүнүн биринин жарымына Айтматовдун, жарымына Манастын аты коюлганын жактырбай, эч болбосо Бишкектеги Ленин, Октябрь, Биринчи май, Свердлов сыяктуу эски аттарды алып жүргөн төрт райондун бирин Чыңгыз Айтматовдун ысымы менен атоо боюнча демилге көтөрүшкөн. Бул тууралуу президенттин ою мындай экен:

- Бишкек шаарында Айтматов атындагы проспект бар. Манас проспектиси тоону көздөй өйдө кетип, Айтматов проспектиси болуп уланып кеткени өзүнчө символикалуу. Биринчиден, Чыңгыз Айтматов улуттук маданияттын туу чокусу болгон “Манас” эпосунун изилденишине, аны басып чыгарууга зор эмгек кылган. “Манас” эпосун дүйнөгө таанытууга өзгөчө салым кошкон. "Кыргыз элинин рухунун туу чокусу – “Манас” эпосу" деген баа да Айтматовго таандык. “Манас” - маданиятыбыздын туу чокусу болсо, Айтматов - рухубуздун туу чокусу. Буга байланыштуу аксакалыбыз Бексултан Жакиев жакында эле жакшы бир ойду айтты. "Бул жолдордун уланганы туура, Манас менен Айтматовдун киндиктери туташ" деди.

Президент мындан сырткары учурда жазуучунун кичи мекени болгон Шекер айылында "Чыңгыз ордо" комплексинин курулушу башталганын, жакында Бишкек шаарында "Манас жана Айтматов" академиясын түзүү тууралуу чечим кабыл алынганы жатканын кошумчалады.

Эл акыны Анатай Өмүрканов жыл башынан бери Чыңгыз Айтматовдун 90 жылдык мааракеси мамлекеттик деңгээлде татыктуу белгиленди деген ойдо. Бирок ал жалпысынан адабияттын азыркы абалына кейигенин жашырган жок.

Анатай Өмүрканов.
Анатай Өмүрканов.

- Кыргыз тарыхында мейли жазуучу болобу, мейли коомдук ишмер болобу, өткөргөн юбилейлерден Чыңгыз Айтматовдун мааракеси өзгөчө болду, - дейт ал. - Эмне үчүн? Себеби, Айтматов ошончолук бийик, ошончолук уникалдуу. Дүйнө адабиятында санап келсең ага тете жазуучулар беш манжага толбойт. Кыргыз өкмөтү, кыргыз мамлекети бул жылды “Айтматовго арналган жыл” деп аябай жакшы иш-чараларды өткөрдү. Бул кубанарлык, сүйүнөрлүк көрүнүш. Ошентсе да бир нерсени айткым келет. Өткөндө Эл акыны Надырбек Алымбеков “Таласка, Ошко жана башка аймактарга барып, окуучулардан, элден: "Бир жылда канча китеп окудуңар?” - деп сурасам бири да кол көтөрбөйт" деп айтып атпайбы. Ушунун өзү биздин адабиятка көңүл бурбай калганыбыздан кабар берет. Азыр Кыргызстанда жазуучулар деген бомж (үй-жайы жок киши) болуп калды. Жазуучулардын өзүнүн бирикмеси да жок. Айлык албайт. Бул эмне деген көрүнүш? Прократураны, сотту кара. Жаркыраган үйлөрдө турушат.

Акын, тарыхчы Баяс Турал 12-декабрь Айтматовдун туулган күнүнүн урматына Улуттук адабияттын күнү деп жарыяланганын эске салып, бул багытта мамлекеттин жетекчилери өз баяндамаларында адабияттын бүгүнкү көйгөлөрү тууралуу бир ооз сөз айтып койбогонуна нааразы болду:

Баяс Турал.
Баяс Турал.

- Чынында Айтматов бүгүн алтын шилекей чачыраткан мактоого муктаж эмес. Ал өз убагында, СССР деп аталган империя окумуштууларга жана жазуучуларга өзгөчө кам көрүп турган мезгилде чыккан улуу инсан. Залкар талант. Жыйында Айтматов тууралуу баары айтылды. Келечекте “дагы да Айтматовдун чыгармаларын жайылтуу жана атын даңазалоо иштери жүргүзүлөт” деп өкмөт башчы да, өлкө башчы да өздөрүнүн баяндамаларында кенен белгилешти. Биз, залда отурган окумуштуулар, жазуучулар андан башка да экинчи бир сөздү күткөн элек. «Бүгүн Айтматовдун жолун улай турган жазуучулар барбы? Жок болсо эмне үчүн? Ошол жазуучуларга кандай камкордук көрүлүп жатат?» деген маселелер айтылышы керек болчу. Бирок өкмөт жетекчилери баяндамаларында бул тууралуу сөз кылган жок.

Чыңгыз Айтматов 1928-жылы 12-декабрда Таластын Шекер айылында туулган. Ал совет доорунда эле “Жамийла”, “Саманчынын жолу”, “Гүлсарат”, “Бетме-бет”, “Ак кеме”, “Кылым карытар бир күн”, “Кыямат” сыяктуу мыкты роман-повесттери менен дүйнөгө таанылган. Залкар жазуучу 2008-жылы 10-июнда, Германияда дарыланып жаткан жеринен көз жумган.

Айтматов жана анын каармандары
please wait

No media source currently available

0:00 0:08:08 0:00

2011-жылы Айтматовдун туулган күнүнүн урматына жана Алыкул Осмоновдун каза болгон күнүнө байланыштуу Жогорку Кеңештин токтому менен 12-декабрь Кыргызстанда Улуттук адабияттын күнү деп жарыяланган.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.
  • 16x9 Image

    Зайырбек Ажыматов

    "Азаттыктын" кабарчысы. Жусуп Баласагын атындагы Улуттук университетин бүтүргөн. “Жалгыздык”, “Мелмил”, “Нөлү көп жылдар” аттуу ыр жыйнактардын автору. Зайырбек Ажыматов 2020-жылы 29-апрелде 44 жашында каза тапкан. 

XS
SM
MD
LG