Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
2-Июнь, 2026-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 11:10

Айтматовдун көөнөрбөгөн мурасы

Чыңгыз Айтматов.
Чыңгыз Айтматов.

12-декабрь – кыргыздын чыгаан уулу, жазуучу Чыңгыз Айтматовдун туулган күнү. Жазуучунун урматына 12-декабрь Кыргызстанда Улуттук адабияттын күнү деп жарыяланган.

Жыл бою Кыргызстандын бардык аймактарында жана чет мамлекеттерде да адабият ышкыбоздору жазуучуну эскеришти.

Бүгүн, 12-декабрда Токтогул Сатылганов атындагы Кыргыз улуттук филармониясында залкар жазуучу Чыңгыз Айтматовдун 90 жылдыгына салтанаттуу иш-чара өттү.

Ага президент Сооронбай Жээнбеков баш болгон бийлик өкүлдөрү катышты. Жээнбеков мааракеде сүйлөп жатып, Манас жана Айтматов академиясын түзүү боюнча демигени колдой турган айтты.

Президент Сооронбай Жээнбеков.
Президент Сооронбай Жээнбеков.

- "Кыргыз — Манас — Чыңгыз" деген түшүнүктөрдү бөлүп кароого болбойт. Улуттун руханий туу чокусуна айланган Чыңгыз Айтматовдун улуулугу жана феномени эмнеде? Чыңгыз Айтматов — кыргыз инсаны дүйнөлүк интеллектуалдык атаандаштыкта тең таймашууга жөндөмдүү экенин далилдеди.

Чыңгыз Төрөкулович — кыргыз баласы ааламдык цивилизацияга опол тоодой салым кошо алаарын тастыктады.Айтматовдун улуулугу ушунда - бүтүндөй бир улутту улуу эл катары жер жүзүнө даңазалады. Ал чыгармаларында улутубуздун турмушун жазды, бирок биздин жашоо аркылуу глобалдык маселелерди койду, - деди президент Сооронбай Жээнбеков.

Айтматовдун архивде калган үнү
please wait

No media source currently available

0:00 0:29:56 0:00
Түз линк

“Азаттык” радиосу да жазуучунун 90 жылдыгына карата "Мен билген Айтматов" деген сынак өткөрдү. Ага жалпысынан кыргыз жана орус тилиндеги 100дөн ашуун блог, бир нече аудио жана видеолор келди.

Элдин эсиндеги Айтматов
please wait

No media source currently available

0:00 0:08:05 0:00

Алардын ичинен залкар замандашыбыздын бейнесинин белгисиз жактарын баяндаган, анын чыгармаларын, каармандарын жаңыдан ачып берген аңгеме, блогдор көп түштү.

Чыңгыз Айтматов 1928-жылы 12-декабрда Таластын Шекер айылында туулган. Ал совет доорунда эле “Жамийла”, “Саманчынын жолу”, “Гүлсарат”, “Бетме-бет”, “Ак кеме”, “Кылым карытар бир күн”, “Кыямат” сыяктуу мыкты роман-повесттери менен дүйнөгө таанылган.

Айтматовдун унутулгус элестери

Сүрөттө: 1953-жыл, 1-Май парадынын алдында. Солдон оңго: Чыңгыз Айтматов, Кыргыз айыл чарба институтунун 5-курсунун студенти, М.Н.Лущихин – институттун ректору, А.С.Лукьяненко – институттун парткомунун катчысы, Кубаткул Касымбеков – институттун 5-курсунун студенти. Сүрөттү Ысык-Көлдөн Рыскул Касымбеков жиберген. 
1/20 Сүрөттө: 1953-жыл, 1-Май парадынын алдында. Солдон оңго: Чыңгыз Айтматов, Кыргыз айыл чарба институтунун 5-курсунун студенти, М.Н.Лущихин – институттун ректору, А.С.Лукьяненко – институттун парткомунун катчысы, Кубаткул Касымбеков – институттун 5-курсунун студенти. Сүрөттү Ысык-Көлдөн Рыскул Касымбеков жиберген. 
Бүгүн, 12-декабрь залкар жазуучу Чыңгыз Айтматовдун туулган күнү.
“Саманчынын жолу” спектакли даярдалып жаткан күндөр. Солдон онго карай: режиссер Медербек Назаралиев, театрдын директору З.Тургунбаев, жазуучу Чыңгыз Айтматов жана режиссер Жалил Абдыкадыров. Сүрөттү: режиссер Медербек Назаралиевдин кызы Нарынкүл Назаралиева жиберген. 
2/20 “Саманчынын жолу” спектакли даярдалып жаткан күндөр. Солдон онго карай: режиссер Медербек Назаралиев, театрдын директору З.Тургунбаев, жазуучу Чыңгыз Айтматов жана режиссер Жалил Абдыкадыров. Сүрөттү: режиссер Медербек Назаралиевдин кызы Нарынкүл Назаралиева жиберген. 
Бүгүн, 12-декабрь залкар жазуучу Чыңгыз Айтматовдун туулган күнү.
Антракт учурунда: Солдон онго Толгонай - Гүлшара Дулатова, автор Чыңгыз Айтматов жана Жер эне – С.Балкыбекова.
3/20 Антракт учурунда: Солдон онго Толгонай - Гүлшара Дулатова, автор Чыңгыз Айтматов жана Жер эне – С.Балкыбекова.
Бүгүн, 12-декабрь залкар жазуучу Чыңгыз Айтматовдун туулган күнү.
Чыңгыз Айтматов окурмандары менен жолугушууда. Ирмтрауд Гучке (оңдон экинчи). Республика сарайы. Берлин, 1973-ж. И. Гучкенин жеке архивинен.
4/20 Чыңгыз Айтматов окурмандары менен жолугушууда. Ирмтрауд Гучке (оңдон экинчи). Республика сарайы. Берлин, 1973-ж. И. Гучкенин жеке архивинен.
Бүгүн, 12-декабрь залкар жазуучу Чыңгыз Айтматовдун туулган күнү.
Чыңгыз Айтматов пахта талаасында. Өткөн кылымдын 70-жылдары тартылган сүрөт. Сүрөттү Сүйүнбай Капаров салып жиберген. 
5/20 Чыңгыз Айтматов пахта талаасында. Өткөн кылымдын 70-жылдары тартылган сүрөт. Сүрөттү Сүйүнбай Капаров салып жиберген. 
Бүгүн, 12-декабрь залкар жазуучу Чыңгыз Айтматовдун туулган күнү.
Сүйүнбай Капаровдун архивинен алынган сүрөт. 
6/20 Сүйүнбай Капаровдун архивинен алынган сүрөт. 
Бүгүн, 12-декабрь залкар жазуучу Чыңгыз Айтматовдун туулган күнү.
Айтматов жана анын элеттик күйөрмандары. Сүйүнбай Капаровдун архивинен алынган сүрөт. 
7/20 Айтматов жана анын элеттик күйөрмандары. Сүйүнбай Капаровдун архивинен алынган сүрөт. 
Бүгүн, 12-декабрь залкар жазуучу Чыңгыз Айтматовдун туулган күнү.
Айтматовдун тажик улуттук кийими менен түшкөн сүрөтү. Сүрөттү редакцияга жазуучу Мирзохалим Каримов сунуш кылды.
8/20 Айтматовдун тажик улуттук кийими менен түшкөн сүрөтү. Сүрөттү редакцияга жазуучу Мирзохалим Каримов сунуш кылды.
Бүгүн, 12-декабрь залкар жазуучу Чыңгыз Айтматовдун туулган күнү.
Тажик элинин таланттуу журналисти, 1990-жж. жарандык согуш маалында курман болгон Максуд Хусейновдун кызы Жамийла. Сүрөттү кыргыз-тажик жазуучусу Мирзохалим Каримов салып жиберген.  
9/20 Тажик элинин таланттуу журналисти, 1990-жж. жарандык согуш маалында курман болгон Максуд Хусейновдун кызы Жамийла. Сүрөттү кыргыз-тажик жазуучусу Мирзохалим Каримов салып жиберген.  
Бүгүн, 12-декабрь залкар жазуучу Чыңгыз Айтматовдун туулган күнү.
Чыңгыз Айтматов жана анын жанында калпак кийип турган Рахматулла Козукеев.
10/20 Чыңгыз Айтматов жана анын жанында калпак кийип турган Рахматулла Козукеев.
Бүгүн, 12-декабрь залкар жазуучу Чыңгыз Айтматовдун туулган күнү.
Муса Мураталиев (оңдо) Кремлде кыргыз жазуучулары менен. 1986-жыл. Солдон онду карай: К. Жусупов, К. Артыкбаев, С. Жусуев, Т. Сыдыкбеков, Ч. Айтматов, З.Сооронбаева, М. Абылкасымова, Т. Касымбеков. Сүрөттү тарткан Н. Кочнев. 
11/20 Муса Мураталиев (оңдо) Кремлде кыргыз жазуучулары менен. 1986-жыл. Солдон онду карай: К. Жусупов, К. Артыкбаев, С. Жусуев, Т. Сыдыкбеков, Ч. Айтматов, З.Сооронбаева, М. Абылкасымова, Т. Касымбеков. Сүрөттү тарткан Н. Кочнев. 
Бүгүн, 12-декабрь залкар жазуучу Чыңгыз Айтматовдун туулган күнү.
Кыргыз Республикасынынын билим берүү отличниги Замир Алдаяров менен Чыңгыз Айтматов кол алышууда. 2007-жыл 
12/20 Кыргыз Республикасынынын билим берүү отличниги Замир Алдаяров менен Чыңгыз Айтматов кол алышууда. 2007-жыл 
Бүгүн, 12-декабрь залкар жазуучу Чыңгыз Айтматовдун туулган күнү.
"Сильва" окуу борборунун жетекчиси Апилмажун Темиралиев, Эл жазуучусу Чыңгыз Айтматов жана Кыргыз Республикасынынын билим берүү отличниги Замир Алдаяров.
13/20 "Сильва" окуу борборунун жетекчиси Апилмажун Темиралиев, Эл жазуучусу Чыңгыз Айтматов жана Кыргыз Республикасынынын билим берүү отличниги Замир Алдаяров.
Бүгүн, 12-декабрь залкар жазуучу Чыңгыз Айтматовдун туулган күнү.
Чыңгыз Айтматов "Кыргыз Туусу" гезитинин жамааты жана Эркингүл Тургунбекова менен. 2004-жыл.
14/20 Чыңгыз Айтматов "Кыргыз Туусу" гезитинин жамааты жана Эркингүл Тургунбекова менен. 2004-жыл.
Бүгүн, 12-декабрь залкар жазуучу Чыңгыз Айтматовдун туулган күнү.
Чыңгыз Айтматов жана Эркингүл Тургунбекова. "Кыргыз Туусу" гезитинин жамааты менен жолугушуу учурунда тартылган сүрөт. 2004-жыл.
15/20 Чыңгыз Айтматов жана Эркингүл Тургунбекова. "Кыргыз Туусу" гезитинин жамааты менен жолугушуу учурунда тартылган сүрөт. 2004-жыл.
Бүгүн, 12-декабрь залкар жазуучу Чыңгыз Айтматовдун туулган күнү.
Чыңгыз Айтматовду тосуп алуу. Апилмажун Темиралиев жиберген сүрөт. 
16/20 Чыңгыз Айтматовду тосуп алуу. Апилмажун Темиралиев жиберген сүрөт. 
Бүгүн, 12-декабрь залкар жазуучу Чыңгыз Айтматовдун туулган күнү.
Апилмажун Темиралиев жиберген сүрөт. 
17/20 Апилмажун Темиралиев жиберген сүрөт. 
Бүгүн, 12-декабрь залкар жазуучу Чыңгыз Айтматовдун туулган күнү.
Чыңгыз Айтматов жана Апилмажун Темиралиев. 
18/20 Чыңгыз Айтматов жана Апилмажун Темиралиев. 
Бүгүн, 12-декабрь залкар жазуучу Чыңгыз Айтматовдун туулган күнү.
 "Азаттыктын мен билген Айтматов" сынагына Бүбүсара Шамурзаева жиберген сүрөт. 2008-жыл
19/20  "Азаттыктын мен билген Айтматов" сынагына Бүбүсара Шамурзаева жиберген сүрөт. 2008-жыл
Бүгүн, 12-декабрь залкар жазуучу Чыңгыз Айтматовдун туулган күнү.
Чыңгыз Айтматов менен адабий серепчи Осмонакун Ибраимов. (Сүрөт О.Ибраимовдуку).
20/20 Чыңгыз Айтматов менен адабий серепчи Осмонакун Ибраимов. (Сүрөт О.Ибраимовдуку).
Бүгүн, 12-декабрь залкар жазуучу Чыңгыз Айтматовдун туулган күнү.
Артка
Алдыга

12-декабрда Ош шаарында Чыңгыз Айтматовдун айкели №36 мектепте тургузулду. Иш-чарага шаар жетекчилигинин, жергиликтүү маданият чөйрөсүнүн өкүлдөрү, карапайым адамдар катышты.

Айкелдин автору жана демилгечиси - Кыргыз Республикасынын Эл сүрөтчүсү Аширбек Маразыков. Ал өз эмгегинин ачылышына бир жума калганда, өткөн аптада көз жумган. Эстеликти курган эмгеги үчүн шаар бийлигинин ыраазычылык каты бүгүнкү салтанатта маркумдун уулуна тапшырылды.

Бул мектепке залкар жазуучунун аты анын сексен жылдыгынын урматына, он жыл мурун берилген.

Айтматов жана анын каармандары
please wait

No media source currently available

0:00 0:08:08 0:00

Чыңгыз Айтматов мамлекеттик иштерге да жигердүү катышып, СССРдин Люксембургдагы элчиси болуп кызмат өтөгөн. СССР таркагандан кийин Кыргызстандын Бенилюкс өлкөлөрүндөгү элчиси болуп иштеп келди. Жазуучу 2008-жылы 10-июнда, Германияда дарыланып жаткан жеринен көз жумган.

Айтматовдун туулган күнүнүн урматына 12-декабрь Кыргызстанда Улуттук адабияттын күнү деп жарыяланган.

Айтматовдун Нарындагы аллеясы
please wait

No media source currently available

0:00 0:02:47 0:00

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.
Куржундар
XS
SM
MD
LG