Линктер

шейшемби, 22-январь, 2019 Бишкек убактысы 17:23

Айтматовдун Ааламга калтырган мурасы


20-кылымдын эң залкар адамдарынын бири атактуу жазуучубуз Чыңгыз Төрөкул уулу Айтматов менен замандаш гана эмес, жердеш да болуп калганым Кудайдын бир белеги болсо керек.

Өзүм айтылуу Шекер айылынын Шекер уруусунун кулундарынын бири болом. Дүйнөгө даңкы чыккан жазуучубуздун айылынын жанындагы Аманбаев айылында төрөлгөм. Улуу жазуучунун чыгармаларында кезиккен Маймак станциясында өсүп чоңойдум. Бул улуу адамдын мага гана эмес, дүйнө элине да калтырган байлыгын өтө эле чоң деп эсептейм.

Кеңеш доору чачырап, кара курсактын айынан айылдардан далай-далай деген адамдар атасы тааныбаган чет жактарга чачырап жөнөштү. Көп жылдардан бери калыптанып келген байлыктардын наркы да алмашты. Эл суунун агымындай Орусияны көздөй жөнөп жатышты.

Маймак станциясы Кыргыз жана Казак Республикаларынын чек арасында жайгашкан стратегиялык мааниге ээ темир жолу болуп эсептелет. Кезинде эшалон болуп күнү-түнү жүк өтүп турчу жер бир заматта жымжырт болуп, эл ташыган вагондор гана өтүп калды.

Жашоо башка нукка бурулду. "Оку, оку жана оку" деген чакыруунун ордуна "базар экономикасы" деген түшүнүк пайда болду. Атамдын ишине жана жашоонун агымына аралашып борбор шаарга көчүп биз да жөнөдүк. Болгон оокатты атам жүк ташуучу машинага жүктөп борборду көздөй жөнөдү, а биз болсо поездге отурдук.

Ошентип вагондо баратып казактардын кең талаасын аралаган учурда байкем бир китепти тиктеп терең ойго батып окуп бараткан экен. Мен үчүнчү класстын окуучусу болгондуктан жөн гана китептин сыртын окудум. Ошол элес азыркыга чейин көз алдымда катып калган сүрөт сыяктуу бир калыпта туруп келет. Эркеликке салып вагондун экинчи кабатына чыгып жатып алган элем, баягы китептин сыртындагы "Кыямат" деген жазууну окудум, карышкырдын да сүрөтү бар эле. Мына ошондо залкар жазуучу менен биринчи жолу таанышканмын десем болот.

Андан соң борбордун жашоосуна, тез кыймылына агылып күндөр, айлар, жылдар өтө берди. Анын үстүнө батирден-батирге көчүп жүрүп убакыт да тез эле өтүп кетиптир. 7-8-класстарда Кыргыз адабияты сабагынан Ч.Айтматов менен кенен тааныштым. Үйдөгү болгон китептерди окуп чыкканга аракет кылдым.

Ч.Айтматов тууралуу көп маалыматтарды китепканаларга барып окуп да жүрдүм. Ошентип Айтматовдун адабият дүйнөсүнө терең сүңгүп кирип жана кинолорун көрүп аябай таасирленгем.

Чыгармаларын окуп жатканда мага өзгөчө бир жакындыгы сезилип турат. Себеби кайсы гана чыгармасын окубайын мен өз көзүм менен көргөн жерлер башкача бир сулуулукка, башкача бир жомоктогудай кереметке айланат. Мисалы, айтылуу Манас чокусу, Күркүрөө суусу, Дүйшөн атанын мектеби, жайында казактардын талаасынан соккон ысык шамал, Маймак станциясы, айылдан кеткен жол, теректери. Чыгармаларын терең окуп ал дүйнөгө киришпегендерге бул жөн эле көз ирмемдер болуш керек.

СССР убагында жарык көргөн жана кийинки мезгилде чыккан китептеринде адамдык философиясы жана ойчулдугу аябай таң калтырды. "Кайсы чыгармасынан таасирленгенсиз?" деген суроого "бардыгынан" деп жооп берет элем. Себеби Совет доорунда жазган чыгармаларында ошол ар бир союздун атуулдарына таандык жерлери бар эле, мейли согуш жөнүндө болсун, мейли башка чыгармалары болсун.

Совет доорунун баштан өткөн тагдыры десем да жаңылышпайм, анткени согушта эбегейсиз эрдик көрсөткөн совет атуулдарынын баатырдыгы, биримдиги, ошол эле мезгилде оорукта калган энелердин, балдардын сыртта калып кеткен кыйынчылыктары, эрдиктери камтылган. Андан соң совет биримдигинин күч кубаты, космосту багындырып жатканы, улуу державалардын тең тайлашуулары бир эле мезгилде глобалдуу маселелерге алып барып, кайра эки жөнөкөй адамдын сүйүүсүнө, арманына, аралаштырып барып кайра ааламды айландырып келип кайрадан баланын кыялынын кылдарын терметип, андан жетелеп барып кыргыздардын терең тарыхына салып жиберет.

Залкардын чыгармаларын окуп тим болбостон, көп ирет кайталап окуш керек экен. Жаш кезде окуган чыгармалардын терең философиясын жаш өткөндөн кийин түшүнөт экенсиң. Окуп эле тим койбой аудиокитептерин да угууну сунуштайт элем. Себеби окуп жатып катылып кеткен сырларды дикторлор да ачып берчү жагдайлары бар экен.

Жаш өткөн сайын адамдын ой жүгүртүүсү да абдан өзгөрөт экен. Ч.Айтматов атабыз да көркөм адабияттан баштап терең философияга өткөнү байкалат. Жердеги жаныбарлардын, ар бир эмбрионду Аалам менен байланыштырып, жаратылыштын катылган сырларын дүйнө жүзүнө, адамзатына жеткиргиси келген. "Ч.Айтматов бизге эмнени калтырды?" деген суроого күйүгүп бышып кетем. Ал залкарыбыз дүйнө элине "адамдар ойлонгула, кеч болуп кала электе ойгонгула" деген чакырууну калтырды деп эсептейм.

Ошондой эле дүйнөгө "маңкурт" деген жаңы түшүнүктү да киргизип кетти. Адамдар өзүн тааныбаса маңкуртка айланарын өз убагында түшүндүрүп жазып кетсе, эми бир канча жылдан кийин ошол нерселер ишке ашып бараткандай.

Жаратылыш өзүнүн өксүгүн бүткүл кыймыл-аракеттери менен дүйнө элине айтып жатат. Бирок адамзаты аны түшүнбөй турат деген ойду жеткиргенге аракет кылды.

Ч.Айтматов атабыз менен кол кармашып учурашпай калганыма азыркыга чейин өкүнөм. Бирок 2008-жылы Бишкек шаарынын чет жакасындагы "Ата-Бейит" мемориалдык комплексинде узатуу аземине жигердүү катыштым. "Улуу залкарыбыз дүйнө салды" дегенде өтө жаман абалда болгом.

Ошол учурда иштеген ишиме байланыштуу биздин ишканага "Ата-Бейитти" даярдоо, тазалоо иштери жүктөлгөн. Июнь айында эле комплекске бараткан жолдун эки четин сары чөп басып, каралбай калган. Менин таң калганым, ошол учурда үч күндө шаарды жууган машинелер менен суугарып жатып жашыл чөп чыгарганбыз. Бул дагы адамдын кандайдыр бир мезгилде жаратылыш менен байланыштыгы бардай сезим калтырды.

Дагы бир кызык жагдай чет жактан келген коноктор өтөт деп Арашан айылынан келген жол жабылып калып "Ата-Бейитке" чейин жөө келгем. Эмнегедир күндүн аптабы да, жолдун узактыгы да эч билинген эмес.

Ошентип улуу залкарды узатуу зыйнатына келдим. Кыргыздын чыгаан уулун салтка жараша Шекер айылынан Шекер уруусунун аттуу-баштуу аксакалдары, туугандары жайга коюшкан. Келген конокторго шарт түзүлүп, чакалап топурактары ташылып, андан соң куран окулуп бата кылып коштошо бердик. Казылган жай болсо жанагынча көп элдин саны менен эки мүнөткө жетпеген убакытта көмүлүп, чаң асманга көтөрүлүп көсөм менен кош айтыша бердик.

Чыңгыз Төрөкул уулу Айтматов менен кош айтыша бердик, бирок Айтматов ааламынын көчү кылымдарды карытып кала берет деген терең ишеничтемин.

М.Алчикенов

Түштүк Корея Республикасы

31-октябрь, 2018-жыл.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.
XS
SM
MD
LG