Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 22:05

Сааданбеков: Китепканалар жаңыланышы керек


Базар-Коргондогу айылдык китепкана.
Базар-Коргондогу айылдык китепкана.

Жалал-Абадда китепканалардын республикалык форуму өтүп, аймактарды өнүктүрүүдөгү орду жана ролу талкууланды.

Интернет доорунда китепканалардын келечеги кандай болот? Окурмандарды тартуунун кандай жолдору бар? “Биздин мурас” коомдук фондунун жетекчиси Чоробек Сааданбек "Азаттык" менен ой бөлүштү.

“Азаттык”: Китепканада окурмандар жок, залдар ээнсиреп калганын айтып келебиз. Ушул тушта китепканалардын республикалык форуму өтүп, аймактарды өнүктүрүүдөгү ролу талкууланды. Билим борбору саналган бул жайга окурмандарды тартуунун кандай жолу бар?

Чоробек Сааданбек: Китепканалар коом менен аралашып, ушул чөйрөгө кызыкдар жаштар, өкмөттүк эмес уюмдар менен бирге машыктыруучу тренинг, семинарларды уюштуруп, жигердүү катышса тарта алмак деп ойлойм. Бул китепканалардын өзүнөн да көз каранды. Китеп фонду толукталышы керек. Бирок азыр 5-8 жыл мурдагыга караганда китептер менен камсыздоо бир топ эле жакшырып калгандай, котормолор жарык көрүп жатат.

Чоробек Сааданбек.
Чоробек Сааданбек.

Айылдык жана мектеп китепканаларын бириктирүү боюнча да идеялар айтылып жатат.

Китепканага эң көп келүүчү, максаттуу аудитория - окуучулар болушу керек. Ошондуктан китепканалар ошол аудиоторияга жакындап барса, эки жактан тең утуш болот деген ойдомун. Заман өзгөрдү. Азыр кызмат көрсөткөн киши кардарга өзү барыш керек болуп жатат.

Сааданбеков: Китепканалар форматын өзгөртүшү керек
please wait

No media source currently available

0:00 0:04:02 0:00
Түз линк

“Азаттык”: Интернеттин заманы болуп жаткан учурда китепканалардын келечеги кандай болот деп ойлойсуз?

Чоробек Сааданбек: Жаштарды, башкаларды тартабыз десе китепканалар дагы желеге туташып, акысыз wi-fi койсо эл келип китепкананын каталогун караганча, Интернетте отуруп, ал жердеги китептерди да барактаганга шарт түзүлмөк.

Эски китепкана менен Интернетти карама-каршы коюп караган жакшы эмес. Экөө бир эле багыттагы нерсе. Болгону маалымат алуунун жолу өзгөрүп жатат. Ошону менен бизге жагабы-жакпайбы китепканалардын келечеги бул маалымат доорунда кыйын эле болот, көптөрү жабылат. Айылда гана эмес, шаарда да ушундай көрүнүштөр бар. Ошондуктан азыр китепканалар форматын өзгөртүшү керек. Бул жай билим борборуна айланышы зарыл.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.
XS
SM
MD
LG