Линктер

жума, 19-октябрь, 2018 Бишкек убактысы 07:31

Китеп сатып байыш үчүн жөндөм керек


"Нуска" дүкөнү. 29-июнь, 2017-жыл.

Бүгүнкү күндө электрондук китеп соодасы барган сайын өнүгүп, басмаканалардын күнү бүтөбү деген суроо келип чыкты.

Бирок дүйнөлүк тенденциядан айырмаланып, Кыргызстанда китеп бизнеси өнүккөн эмес. Өлкөдө жүздөй басмакана, китеп даярдаган жыйырмадай басма окурмандарды камсыз кылып келет. Андан тышкары чет жактан китеп ташып келген дүкөндөр бар. Кыргызстанда китеп басып чыгарып, аны сатууну кирешелүү бизнес деп айтууга болбойт.

Китеп окурманга чейин үч баскычтан өтөт. Алгач басмалар чыгарманын автору менен макулдашып, электрондук вариантын даярдайт. Андан кийин басмаканалар басып чыгып, китеп дүкөнгө таратылат.

Китепти сата билүү да өнөр

Кыргызстанда басмаканалар жетиштүү болгону менен китептин мазмунун, электрондук вариантын даярдаган басмалар саналуу. Жыйырма жылдан бери иштеп келген "Улуу тоолор" - өлкөдөгү салыштырмалуу ири басмаканалардын бири.

Азыр бул басмакана мамлекеттик буюртмаларга катышып, автордун каражаты менен же өзү даярдаган китептерди сатып иштейт. Анын жетекчиси Жумадин Кадыров акыркы жылдары китептер көп басыла баштаганын айтты:

Жумадин Кадыров.
Жумадин Кадыров.

- Акыркы төрт жылдан бери Кыргызстанда, айрыкча Бишкек шаарында китеп чыгаруу жакшы өнүгүп жатат. Себеби, мамлекеттик атайын буюртмалар пайда болуп, тилди өнүктүрүү боюнча Тил комиссиясы, Билим берүү министрлиги, Маданият министрлиги көптөгөн китептерди чыгарууда. Андан сырткары авторлор да жанданып, өз күчү менен же демөөрчүлөрдүн жардамы менен чыгарып жатышат. Басмаканалар да өз каражатын жумшап, киреше көрүшүүдө.

"Улуу тоолор" басмаканасынан орточо баасы менен 200-250 барак, 1000 нускадагы китептин бир даанасын 50-70 сомдон чыгарса болот. Китептин барагына жана мукабасына жараша баалар жогорулап кетиши мүмкүн. Бирок китептин басмаканага чейинки варианты келишим баасында жасалат. "Улуу тоолор" басмаканасы көпчүлүк учурда автор менен сүйлөшүп, китепти нөлдөн баштап дүкөнгө чейинкисин даярдап берет.

- Кээде киреше таап, кээде чыгашага учурап, көп эле басмакана иштеп жатат. Муну бизнестин бир түрү катары карасак болот. Мурда китеп тармагында үч чоң мекеме иштечү. Биринчиси - басма, экинчиси - басмакана, ал эми үчүнчүсү - таркатуучу. Азыр болсо басма менен басмакана кыйла калыптанып калганы менен сатуу жагы анча жакшы эмес. Эгерде китеп сатууну жакшы билген кишинин колуна тийген болсо бардык китепти ийгиликтүү сатышы мүмкүн. Ошол эле учурда сатууну билбеген киши болсо шедевр китептерди да сата албайт. Бул сатуучулук жөндөмгө тиешелүү.

“Сабат” китеп борборунун түзүүчүсү Нурбек Калыгулов Кыргызстанда көп жылдардан бери китеп чыгаруу менен алектенет. Борбор авторлор менен келишим түзүп же өзү каражат жумшап, ар кандай китеп чыгарууда. “Сабат” китеп борбору чыгарган “Жаңылмачтар”, “Учкул сөздөр” китептери жакшы тарады. Учурда ар кандай кеп-кеңештерди, турмуштук окуяларды камтыган “Акыл кенчи” китеби миңден эки жолу басылып, 150-200 сомдон сатылып жатат. Калыгулов китеп соодасы башка товарлардай эле күчтүү жана туура жарнаманы талап кыларын түшүндүрдү:

- “Акыл кенчи” китебинин идеясын көптөн бери ойлонуп жүргөнбүз. Ушул серияны түзөрдө агайлар, жазуучулар менен кеңешип, жаштар менен сүйлөшүп, идеянын үстүнөн иштегенге алты жылым кеткен. Андыктан аны жайылтыш үчүн жарнамага кеткен каражаттан мурда алты жылдык мээнет, маңдай терди чоң чыгым десем болот. Мисалы, ал китептеги “Жашоонун өзөгүн өзгөрткөн учкул сөздөр жана окуялар” дегенди келинчегим экөөбүз түзгөнбүз. Ушуларды уюштурууга абдан чоң эмгек, убакыт жана каражат талап кылынат. Китеп түзүүдө кетирилген каражаттан да төгүлгөн маңдай тер абдан көп болот.

Саны көп, сапатычы?...

Басмаканадан чыккан китептер ар кандай базарларда сатылат. Бишкекте кыргыз тилдүү бир гана “Нуска” аттуу китеп дүкөнү бар. Мында 1000 сомдон башталып, 2000 сомдук да китептер бар. Алар басмаканалардан жана автордон келишим менен алынат. Бул дүкөн автордун койгон баасына 30 пайыз кошуп сатат.

Анын жетекчиси Анархан Садыркулованын пикиринде, акыркы жылдары басылган китептердин саны көбөйгөнү менен сапатында, мазмунунда кемчиликтер болуп, жакшы өтпөй жатат.

- Китеп чыгаргандан кийин китептин маңызын ар ким "керемет жаздым" деп ойлойт дагы, китепти өздөрү алып келип беришет. Мисалы бир китепти 100 сомдон деп берсе, мен ал китепке 30-35 пайыз кошом. Анткени мен толугу менен өкмөттүн салыгын, чыгашамды төлөйм. Көбүнчө авторлор өздөрү даярдап келген китептерди кымбат берет. Анан китептин ичин барактап, “мындай баанын кереги жок эле" деп кайра кайрып берип койсом нааразы болушат. Кыргызбыз да, “бир аз тура турсунчу” деп суранышат.

Автордук укук сакталса...

Бул чөйрөдө иштегендер Кыргызстанда китеп ишкердиги көзөмөлдөнбөйт деп эсептешет. Айрым учурларда басмаканалар каалаганын басып чыгарып, кээде автордук укуктар сакталбай калат. “Сабат” китеп борборунун жетекчиси Нурбек Калыгулов мындай деди:

Нурбек Калыгулов.
Нурбек Калыгулов.

- Жөнөкөй эле бир-эки мисал келтирсек, Роза Отунбаеванын фонду Масару Ибуканын “Үч жаштан кийин кеч” деген китебин кыргыз тилине которткон. Авторлор менен келишим түзүп, котормочуга акча берип, андан сырткары телеберүүлөргө, көптөгөн маалымат булактарына, Интернетке жарыялап, элге таанытууга көп чыгым кетирген. Бардык чыгымдарды эске алгандан кийин, бизге берген китептердин баасы 250 сомдон болчу. Эгер дааналап сатылганда 300-350 сомдон сатылат эле. Кийин китепти "Дордойдон" чоң тираж менен чыгарып туруп, арзан баада таратып ийген. Ал эч кандай чыгым кетирген эмес. Мындай мисалдар абдан көп.

Кыргызстанда китеп рыногу толук калыптана элек. Ар кыл дүкөндөрдөн орус тилиндеги китептерди табууга мүмкүн болгону менен кыргыз тилинде чыккан тармактык китептер дээрлик жокко эсе. Тилекмат аттуу окурман мындай деди:

- Китеп дүкөнүнө барганда жакшылап карайм. Кээде бирөөлөрдөн угуп, кызыгып издеп калам. Бирок акыркы жылдары ар ким ар кандай кылып “менин атам ушундай киши болгон экен” деп эле китеп чыгарып жатат. Жакшы китепти эл өзү эле талашып, акчасына карабай алып кетет. Анан дагы кыргыз тилинде тармактык китептердин маселеси чечилбейт окшойт.

Ал эми аймактарга кыйладан бери жаңы китептер көп нускада, чет элдик адабияттар барбай калды. Анткен менен Бишкектеги “Раритет” орус тилдүү китеп дүкөнү бир топ окурмандын талабын аткарууда. Бул дүкөн китептерди чет жактан алып келет.

Мындан беш-алты жыл мурун чакан басмаканалардан Айгүл Шаршен ж.б авторлордун жеңил мазмундуу 50-100 сомдук китептери арбын сатылган учурлар болгон. “Сабат” китеп борборунун жетекчиси Нурбек Калыгулов окурмандардын табити өзгөрүп келатканына сүйүндү:

- Мындан төрт-беш жыл мурда чоң мүшкүл эле. Жалпы окурмандардын деңгээли Айгүл Шаршендин деңгээлине түшүп кетти деген элем. Ал эми азыркы тапта бул маселени орчундуу деп эсептебейм. Себеби окурмандардын деңгээли өсүп калды. Бул баскычты да басып өтүшүбүз керек. Окурмандын деңгээли канчалык өссө, китепке болгон эргүү болуп иргеп калышат.

Кыргызстанда китеп базары бир калыпка түшө албай жаткан чакта дүйнөдө электрондук китеп соодасы тез өнүгө баштады. Дүйнөлүк классикалык чыгармаларды Интернет барактарында онлайн режимде сатып алууга болот.

Бирок азырынча Кыргызстанда көркөм чыгармаларды электрондук вариантка которуп, онлайн чыгаргандар жокко эсе.

"Азаттыктын" архиви: Китеп басуу Кыргызстанды өнүктүрчү тармак

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.
  • 16x9 Image

    Токтосун Шамбетов

    "Азаттык" радиосунун журналисти. 2014-2016-жылдары "Азаттык+" телепрограммасынын алып баруучусу. 2012-2014-жылдары "Азаттыктын» Нарын облусундагы кабарчысы болуп иштеген. Нарын мамлекеттик университетинин техникалык факультетин аяктаган. "Мыкты жаш журналист 2013" наамынын ээси. Твиттерде: @Tokojan  

Сиздин пикир

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG