Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 14:50

Интернет китеп соодасын солгундатты


Китеп соодасы.
Китеп соодасы.

Бишкектин көчөлөрүндө букинисттик китептерди саткандардын соодасы жыл сайын солгундап баратат. Соодагерлер китеп окууга кызыккандар акыркы эки жылда кескин азайганын айтышууда.

Александр Жучков сегиз жылдан бери Бишкектеги Абдрахманов жана Киев көчөлөрүнүн кесилишинде эски китептерди жерге жайып сатат.

Жол жээгинде жерге жайылып, өз кардарын күткөн китептердин арасынан Горький, Чехов, Крылов, Лермонтов сыяктуу орус адабиятынын классиктеринин чыгармаларын кезиктирүүгө болот.

Мындан тышкары англис, француз, немис тилдериндеги сөздүктөр да бар. Китептердин баасы 50 сомдон 150 сомго чейин. Маектешим китепке болгон суроо-талап тууралуу кеп кылып жатып, кийинки жылдары китеп сүйүүчүлөрдүн саны азайып баратканына кейиди:

- Эртең мененки саат 11ден кечки саат бешке чейин ушул жерде китеп сатып иштейм. Жекшемби күнү эс алам. Мурун күн сайын жок дегенде 30-40 китеп сатчубуз. Азыр он чакты китеп сатсаң сүйүнөсүң. Китепке болгон суроо-талап акыркы эки-үч жылда он пайызга азайып кетти. Жаштар тургай улуу муун да Интернетке өтүп кетти. Китеп окуу экинчи-үчүнчү орунга жылып калды. Совет доорунда адамдар үстүндө үйү, жегенге ашы, анан жакшы китепканасы менен сыймыктанышчу. Ар бир «мен интеллигентмин» деген үй-бүлөдө жок дегенде 300-400 китеп болор эле. Азыр даяр китепканага баргандар аз.

​73 жаштагы Александр Жучков кесиби боюнча инженер-куруучу. Өзү бала кезден китепке жакын өскөн экен. Пенсия курагына келгенде үйдө отурууну эп көрбөй, китеп текчесиндеги өзү окуп бүткөн 300гө жакын чыгарманы көчөгө жайып алып сата баштайт. Кийин тааныштарынын текчеде туруп калган китептерин сурап жүрүп, базарын бир топ кеңейткен.

- Китептерди башка жакка көчүп кеткендерден же үйдөгү китепканасына китеби батпай калгандардан сатып алам, - деп сөзүн улады сатуучу. - Өздөрү эле келип арзаныраак баада берип кетишет. Сатыкта миңден ашык китебим бар. Мен кадимки китепкана сыяктуу да кызмат көрсөтөм. Маселен, кардар ар бирине жыйырма сом төлөп беш китеп алып кетсе болот. Эки же үч жуманын ичинде окуп бүтүп, кайра ошондой эле жол менен башкасын алып кете берсе болот. Дайыма менден китеп сатып алган, 40 жаштан 60 жашка чейинки курактагы жыйырмадай туруктуу кардарым бар. Негизинен китепти аялзаты көп окуйт. Ал эми жаштар Интернетке алаксып кетти. Интернеттин жашоого киргени бизге атаандаш болду.

Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Эки кыздын атасы жайма базарга жакын жерде байбичеси менен жашайт. «Оокат-ашка пенсиям деле жетиштүү» деген карыя китеп сатууну зоок көрөт экен. Ал үчүн кардарды китеп дүйнөсүнө чакырып, китепке кызыктыруу, аны менен баарлашуу маанилүү.

- Акчам деле жетиштүү, - дейт ал. - Бирок бул иш мага эрмек. Азыр өзүм жумасына бир китеп окум турам. Жашыраак кезде жумасына беш-алты китеп окумайынча тура алчу эмесмин. 2019-жыл КМШ мамлекеттеринин арасында Китеп жылы деп жарыялангандай болду эле. Ошондон улам китеп окугандар көбөйөр бекен деп турам.

Аңгыча биздин сөзүбүзгө ушул эле жерде курут, сагыз-момпосуй өңдүү майда-чүйдө сатып соода кылган Соня Байназарова аралашып, Александр Жучковдун пикирин кубаттады:

- Китеп алган кишини аябай жакшы көрөм. Акыл-эсти да өнүктүрөт, сөз байлыгың көбөйөт, туурабы? Чөнтөк телефондун эмнеси жакшы? Китеп алган кишини карай берем. Кээ бир сендей кыздар китеп сатып алганда аябай сүйүнөм. Жаштар алганда жүзүн барып карап, кээде аларга ал тургай рахмат айтам.

Жол жээгинде ысык-суукка карабай, элди китепке чакыргандар менен бир сааттай баарлашып турдук. Бул арада жайылган китепке бир-эки киши гана үңүлүп, барактап кызыккандай болду. Колунда чөнтөк телефонун тиктеген айрым жаштар жол жээгиндеги чакан китепканадан деле элес албагандай. Ошентип бир кардар акыры китеп сатып алууну чечти көрүнөт.

- Мен өзүм Ошто турам. Бишкекке келген сайын жакшы китептерди карап, алып кетем. Көбүнчө укук тууралуу китептерди карайм. Азыр балдарыма "Кыргыз эл жомокторун" алып жатам, - деди ал.

Ош шаарынын 30-35 жаштардагы тургуну атын атагысы келген жок. Бирок балдары үчүн кызыктуу жомоктор топтомун арзыбаган эле акчага сатып алып, Александр Жучковду сүйүнтүп койду.

​"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.​
XS
SM
MD
LG