Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 21:34

Китеп белек кылганды чехтерден үйрөнөлү


Китеп дүкөндө кассага кезек күткөн кардарлар. Прага. 21-декабрь 2018-жыл.
Китеп дүкөндө кассага кезек күткөн кардарлар. Прага. 21-декабрь 2018-жыл.

2019-жыл да эшик кагып, кирип келгени калды. Сиз дагы кимге эмне белек берсем деп, чөнтөгүңүз менен кеңешип турган чыгаарсыз.

Эстеп көрсөңүз, балдарыңызга же досторуңузга мындай маанилүү майрамда качан китеп белек кылдыңыз эле?

Мен өзүм дагы бул майрамдын урматына акыркы ирет качан китеп белек бергенимди эстей албайм.

Бирок, 9-класста окуп жүргөндө Орункүл Иманкулова аттуу 8-класста окуган жакшынакай кыз 23-февралга белекке берген китепти дале сактап жүрөм.

(Орункүл Москвадагы Щукин атындагы театралдык окуу жайды бүткөн. Бир нече жыл мурда Караколдогу Касымалы Жантөшев атындагы Ысык-Көл облустук кыргыз музыкалык драма театрында кайсы бир спектаклди койгону тууралуу куш кабарды көзүм чалган).

Ал – Виктор Гюгонун “Күлүп турган адам” романы. Эсептесем, бул китепти сактап жүргөнүмө туура 40 жыл болуптур. Кээде аны алып, өзүм белгилеп койгон санат сөздөрдү кайра-кайра окуп, акылдуусунуп калам.

Мисалы, “Баарыбыз өз бетибизче сокурбуз. Алтынды көрүп, байлыкты көрбөгөн ачкөз сокур. Башын көрүп, аягын көрбөгөн ысырапкор сокур. Өз бырышын көрбөгөн шайкелең сокур. Түркөйлүктү көрбөгөн окумуштуу сокур. Алдамчыны көрбөгөн чынчыл сокур, кудайды көрбөгөн алдамчы сокур. Жер жүзүн жаратып жатканда өз чыгармасына шайтандын аралашканын көрбөгөн кудай да сокур. Мен да сокурмун, силер менен сүйлөшүп жатып керең экениңерди сезбей турам".

Мукабасы эскирип, форзацы менен титулдук бетинин четтери да саргайып калгандыктан, кээде бул белек китепти аяп кетем.

Ырас, классташтарым, кийин кесиптештерим менен досторум эчен жолу белекке китеп беришкен. Бирок мектеп курагында белекке алган китеп кандай сырларды катып турат дейсиз?!

Китеп дүкөндөгү кардарлар. Прага. 21-декабрь 2018-ж.
Китеп дүкөндөгү кардарлар. Прага. 21-декабрь 2018-ж.

Эртең Жаңы жылда ар бирибиз жакындарыбызга белек беребиз. Белек тандап, дүкөн кыдырып түйшүк тартабыз. Алгандан кийин “жакса болду” деп кыжаалат болгонуңузчу!?

Ушунтип кыйналгандын ордуна китеп белек кылган оңой эмеспи. Арзан, тандаган да жеңил. Айрыкча, Кыргызстанда! Китеп дүкөндөр аз. Айылдыктар түгүл, шаардыктардын көбү дүр-дүйнө китеп саткан дүкөн кайда жайгашкан билишпейт да.

Ошол эле маалда белекке китеп табуу Бишкек жана Ош шаарында жашагандар үчүн гана жеңил болушу мүмкүн.

Эгер майрамга карата элдин баары жабыла китеп сатып ала турган болсо, дүкөндөрдүн текчелери уй жалагандай тазаланары калетсиз.

Анткени, Алыкул Осмоновдун тандалмалары 2 миң нуска, Жолон Мамытовдуку миң нуска, Омор Султановдуку 300 нуска менен чыгып жаткандан кийин, белек китептер өксүк болот.

Кыргыз поэзиясынын жогорудагы классиктеринин жыйнактары 2015-2016-жылдары чыккан. Ошон үчүн мындай баалуу жана аз нускада чыккан жыйнактарды таппай калышыңыз мүмкүн.

Эгер рыноктогу тренддердин баары бизге Батыштан келет десек, белекке китеп берүү салтын биз чехтерден үйрөнүшүбүз керек.

Чехияда ата-энелердин 83% Рождество майрамында балаты астына балдарына белекке китеп калтырганын маалымдаган жазуу. ČT24 телеканалы. 11-декабрь 2018-жыл.
Чехияда ата-энелердин 83% Рождество майрамында балаты астына балдарына белекке китеп калтырганын маалымдаган жазуу. ČT24 телеканалы. 11-декабрь 2018-жыл.

​Глобалдык базардагы сооданы изилдеген IPSOS консалтинг компаниясынын жакында жүргүзгөн изилдөөсү боюнча, Батыш тарсаларынын эң чоң майрамы - Кристмаска чехиялык ата-энелердин 4/5 же 83% китеп белекке беришет экен.

(Кристмас 24-декабрда майрамдалат. Бул күнү чехтер, эзелтен келаткан салтка жараша, түрдүү токочторду бышырат. Кечкисин карп балыгын жешет. Балатынын астына балдар үчүн белек коюлат. Kристмас мааниси боюнча бизде майрамдалган Жаңы жылга тете. Бул күнү Праганын Эски аянтында түштө балык сорпо бекер берилди. Сорпону салт боюнча Праганын бир районунун акими жана премьер-министр чөмүч менен куюп беришти).

Анан да балдардын теңине жакыны бир жана андан көп китеп белекке алат. Береги маалыматты IPSOS компаниясы алты жаштан 15 жашка чейинки балдары бар миң ата-эне арасында жүргөн сурамжылоого таянып, декабрдын башында билдирген.

Баса, сурамжылоого катышкандардын 56% окуган китептерин же өздөрү сатып алышканын же белекке келгенин айтышкан. Алардын 39% китепти китепканадан алса, 5% электрондук китеп окуйт экен.

Белгилүү орус тележурналисти Владимир Познер такай айткандай, бул фактылар “ойлоно турган иш”. Өзгөчө кыргыздар үчүн.

ČT24 каналындагы жарандардын китеп окуусуна арналган берүү. 11-декабрь 2018-ж.
ČT24 каналындагы жарандардын китеп окуусуна арналган берүү. 11-декабрь 2018-ж.

Ушу Kристмас алдында Прагадагы Luxor китеп дүкөндөрүнүн бирине баш баксам, китеп сатып алып жаткан кардарлар Ош базарындагыдай жык-жыйма. Ага карабай, кандай жаңы китептер түшкөнүн көрүп-билүү максатында кыдырдым.

Мени таң калтырганы - канадалык акын Рупи Каурдун (Rupi Kaur) 2014-жылы ноябрда англис тилинде чыккан “Milk and Honey” (Сүт жана бал) деген китеби чех тилине “Mléko a med” деп которулуптур.

Быйыл мартка чейин эле 2, 5 миллион нускадан ашык “Сүт жана бал” сатылган.

The New York Times гезитинин АКШда жакшы сатылган китептеринин тизмесинде (Best Seller list) бул китеп 77 жума бою биринчи орунду ээлеп турган.

Ушу тапта теги индус-сикх акындын китеби 25 тилге которулган. Бул албетте, 20 жаштан жаңы өткөн кыз үчүн чоң ийгилик. Анын ырлары өтө эле жөнөкөй сөздөр менен жазылып, көбүнесе акындын уйгу-туйгу сезимин билдирет.

Демейде англис тилинде чыккан мыкты китептерди эки-үч айда эне тилинде сайратып салчу чех котормочулары үчүн Рупи Каурду которуу жеңил болбосо керек...

Себеби, эки жылдан бери ары оонап, бери оонап окуп, кыргызча ыргакка кантип салынат деп санаам санга бөлүнөт.​

"Нуска" китеп дүкөнүнүн ичи. Бишкек. 29-июнь 2017-жыл.
"Нуска" китеп дүкөнүнүн ичи. Бишкек. 29-июнь 2017-жыл.

Мен да чехтер сыңары дүкөндөн куру кол чыкпадым. Неберелериме жаңы жылда белекке берейин деп, XIX кылымда өткөн көрүнүктүү чех акыны жана жазуучусу Ян Неруданын англис тилиндеги бир томдук аңгемелер жыйнагын, замандашыбыз Отто Линхарт деген автордун жомок китебин (Prince Jutu Ber) жана балдар үчүн ырлар топтомун алдым.

Бул топтомдун ар бир бети күлкүлүү сүрөттөр менен көркөмдөлүп, чех жана англис тилинде жазылган. Ар бир ырдын рифмичи! Балким, сиз да бурадар, жыл тогошуп жаткан кезде балдарыңыздарга, балким досторуңузга, жакын санаалаштарга китеп белек кыларсыз?

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

XS
SM
MD
LG