Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 22:01

Китеп акылдын да, байлыктын да булагы


Иллюстрация
Иллюстрация

Бизнесин интернеттен китеп сатуу менен баштаган Amazon кызматы укмуштуудай пайда тапкан ири компанияга айланып, жылына 22,7 миллиард доллар капиталды айлантууда.

Алгач ишмердүүлүгүн интернеттен китеп сатуу менен баштаган Түндүк Америкадагы эң ири Amazon компаниясы азыр технологиянын бардык түрүн, кийимден тарта саякаттоочу турларга чейин сатып, кирешелүү онлайн соода борбору катары белгилүү.

"Amazon компаниясынын 2015-жылдын алгачкы төрт айындагы таза кирешеси 1,7 миллиард доллар деп эсептелди. Ал эми бул компаниянын ичинде соода кылган адамдардын кирешеси быйыл 5 процентке жогорулайт" дейт атайын расмий билдирүүдө Amazon компаниясынын ээси Жефф Бизон.

Китеп сатуу тармагында мынчалык кирешелүү тармак адамзатынын тарыхында болгон эмес деп белгилейт Forbes журналы. Бирок акыркы мезгилде электрондук китептердин соодасы да өнүккөндөн улам кагазга китеп баскан басмаканалардын күнү бүтүп, иши жүрбөй калабы деген суроо жаралат. Европада көптөгөн жылдардан бери кагазга чыккан китептин баасы түшпөй келген. Бирок акыркы мезгилде электрондук китептер алардын ордун толугу менен ээлеп, Amazonдун веб- баракчасынан кымбат баалуу кагаз китептердин ордуна ошол эле китептин электрондук арзан вариантын тапса болот. 2003-жылдан бери глобалдык кагаз китебин соодалоо тармагында 15 проценттик солгундоо катталган. Мунун себеби кагазга басылган китептин кымбаттыгынан улам болууда. Маселен Америкада орточо бир кагаз китептин баасы 28 доллар, анын 14 долларын басмакана алса, 5 долларга чукулу авторго төлөнөт дагы, калган акчаны китеп дүкөнү кошот. Ал эми ошол эле китептин электрондук версиясы 12 доллар 99 цент, басмаканага 9 доллар төлөнсө, жазуучуга 2 доллар 29 цент берилип, кагаз китепке караганда эки эсеге арзан болууда дейт LJK Literary Management аналитикалык компаниясы. Анын үстүнө кагазга басылган классикалык жазуучулардын китептеринин дээрлик бардыгын азыр интернеттен бекер көчүрүү мүмкүнчүлүгү бар. Бул албетте кагаз китеп соодасын солгундатпай койбойт. Дүйнөлүк тенденциядан айырмаланып, Кыргызстанда азыр китеп сатуу кирешелүү ишмердүүлүк катары эсептелбейт. Ошентсе да баш калаа Бишкектин айрым жерлеринде ири китеп саткан түйүндөр бар. “Раритет”, “Одиссей” сыяктуу китеп саткан дүкөндөрдө орус тилиндеги китептердин баасы 800 сомдон 1,5 миң сомго чейин болсо, “Дордой” базарынан ошол эле китепти 500-600 сомго тапса болот. “Дордойдун” дүңүнөн китеп саткан, атын атагысы келбеген соодагерин кепке тарттык:

- Азырынча орус тилиндеги балдарга арналган китептер жакшы өтүүдө. Кыргызча китептердин сапаты жакшы эмес. Бир китепти сатып пайда табуу үчүн анын нускасы көп, сапаты мыкты болушу керек. Бизде азырынча Орусиянын китептериндей жакшы китептер чыкпай жатат. Ошондон улам кыргызча китептер жакшы сатылбайт. Бирок азыр Кыргызстандын бардык аймактарынан, жада калса баш калаа Бишкектен билген кишилер бизден китеп сатып алышат. Себеби, баа “Раритет” сыяктуу борбордогу китеп дүкөндөргө салыштырмалуу арзан болуп жатпайбы. Балдардын китебин да Орусиядан жеңилдетилген баада 26 проценттик арзандатуу менен алабыз.

Китеп соодасынын ийгилигин “Дордой” базарындагы сатуучулар азыркы учурдагы китеп окурмандарынын маданиятына да байланыштырды. Себеби, азыр чоңдорго арналган адабий, публицистикалык чыгармаларга караганда Орусияда басылган түстүү, сүрөттүү, кызыктуу элементтери бар китептер көбүрөөк сатылууда. Ал эми дүйнөдө эң эле кирешелүү соода тармагы болгон электрондук китептердин бизнеси жаатында өлкөбүздө бир да кадам жасала элек.

  • 16x9 Image

    Бактыгүл Чыныбаева

    “Азаттык” үналгысынын Бишкектеги кабарчысы, журналист, котормочу, илимий кызматкер. Кыргыз-Түрк "Манас" университетинин жана Лондондогу эл аралык Кэмбриж академиясынын бүтүрүүчүсү.

XS
SM
MD
LG