Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Май, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 18:13

Электрондук китепке өтүүдө кечиктик


Элекрондук китеп.
Элекрондук китеп.

Белгилүү китеп баскыч Жаныбек Жанызактын Кыргызстанга электрондук китепкана керектигин түшүнүдүргөн интервьюсу “Асман плюс” гезитине чыкты.

Депутат Жылдызкан Жолдошеванын “Ташиевдин бул мамилеси мага күтүүсүз болду” деген аталыштагы интервьюсу бүгүн жарык көргөн “Асман плюс” гезитине жарыяланды.

Депутат саясатка келгенге чейинки жана саясаттагы иштерин, партиялаштары үчүн төшүн Чолпонбайча тосуп ар кандай көздөрдөн да, сөздөрдөн да коргоп келгенин, эгер “Ата-Журттун” фракция башчылыгынан кетиришсе, келерки шайлоодо ушул партия менен шайлоого барар-барбасы белгисиз экендигин айтуу менен “Курманжан датка” фильминен “Жолдошева 47, 4 млн. сом жеп алды” деп жалаа жапкандардын сөзүнүн баары калп экенин, бул кино элдин көптөн берки күткөн тилегин ишке ашырып, мыкты тартылганын баяндады.

Ушул эле гезитке белгилүү китеп баскыч Жаныбек Жанызак кеп салып, “Мамлекеттик электрондук китепкана түзүлүшү керек” деп какшап келатканына 10 жыл болгонун, баары бир мындай китепкана эртедир-кечтир жүзөгө ашпай койбостугун, дүйнө бүгүн кагаз китептен электрондук китепке эбак өтүп жатканын, маселен 1 дисктин баасы 10 сом болсо, ошол бирине эле 500 китеп батарын, алыстан кагаз ташыбай, акча коротпой, китепкананын заманга ылайык түрүн түзгөнгө мезгил эбак жеткенин, алтургай кечигип жатканыбызды кеп кылды.

“Азия ньюс” гезитине Жусупжан Жээнбеков “Жалал-Абаддын азыркы губернатору күн чыккан жердин күкүгү” деген ат менен маек куруп, жакынкы күндөрдө президент менен жолугуп, өкмөттүн аны кызматтан кандайча алгандыгы боюнча сүйлөшөрүн, кокус президент менен кичине эле көз карашы келишпей калса өлкөгө айкырык салып, эшек дарбыса кошо дарбый берчүлөрдөн эместигин, элге карап туруп иш кыларын, президент менен мындан үч ай мурда кызматта турган кезинде жолукканын, ал “иштей бер” дегенин, бирок өкмөт башчы Жоомарт Оторбаев эч кандай түшүндүрмө бербегенин, тек гана “Текебаев сизди жактырбай калды, кызматтан кетесиз” деп айтканын белгилеп: “Ал эми өзүнүн ордуна дайындалган Жалал-Абаддын азыркы губернатору “Ата Мекен” партиясынын өкүлү эмес, күн чыккан жердин өкүлү” деп айтты.

“Асаба” жаңы санын Хасан Каскадроптун “Партиялар парады, кайда алып барады” деген какшык ыры менен ачты.

Экономика министри Темир Сариев интервью берип, Кыргызстанды өргө сүйрөп кете турган эң биринчи тармак тоо-кен тармагы болуп саналарын, мисалы бүгүн нефтиси менен байлыгы ашып-ташып турган арабдар мындан 40-45 жылдар мурда чөл кезип, төө кайтарып жүргөн көчмөн эл болгонун, бүгүн аларды элестетиш кыйын экенин, андыктан кыска мөөнөттө чоң киреше берип, өлкөнү локомотивдей алга сүйрөп кете турган дал ушул кен байлыктары болорун, бизде болсо өндүрүш, тоо-кен тармагы ызы-чууга, саясатка айланып, канча жылдар бери мамлекеттин колу-бутун тушап, башка өлкөлөр сыяктуу өлкөбүздү өнүктүрүп, алга тартмак турсун кайра артка тартып, кендирибизди кесип келатканын кеп кылды.

Ушул эле гезит “Кимиси чын да, кимиси калп” деген баштеманын алдында Бишкек ички иштер башкармалыгынын басма сөз башчысы, полковник Бакыт Сеитовго кайрылып: -“Жаңы жүздөр” деген гезитине журналист Лейла Саралаева мындан 15 жыл мурда Михаил Матвиенко деген кишини Мелис Турганбаев өлтүрүп салган деп жазган экен, ушул чынбы? - деп сураганда:

- Биз Лейла Саралаевага кайрылып, маалыматты жазардан мурда тактап алып жазсаңыз болмок экен. Сиз жазгандардын баары толугу менен жалган. Макаладагы Мелис Кадыралиев деген адамды сиз Мелис Турганбаев кылып алмаштырып алыпсыз дедик. Кылмыш иликтөө кызматы аркылуу Мелис Кадыралиевди таап, аны редакция менен байланыштырдык. Окуяга Мелис Турганбаевдин эч кандай тиешеси жок экендигин билип, Лейла Саралаева расмий түрдө Мелис Турганбаевдан кечирим сурап, сайты менен гезитине жарыяламай болду”, - деп жооп берди.

“Асаба” гезити “Жаныбызда ким жашайт, ыя?” деген рубриканын алдында кезинде өз Ата Мекенинен сүрүлүп, Кыргызстанга келип жашап калган ингуш элинин тарыхын, жашоо-турмушун, маданияты менен каада-салтын баяндаган Салима Жакшылык кызынын “Ингуштар” деген макаласы жарык көрдү.

Белгилүү сүрөтчү, кыргыз мультфилмин түзгөндөрдүн башында турган режиссер Сагын Ишеновдун чоң атасы Жүкөш мерген 16-жылдагы Үркүнгө катышканын кезинде небересине айтып берип кеткен экен.

“Асаба” гезити мына ушул “Жүкөш мерген” баянын мындан ары сандан санга берип турмакчы болуп, алгач Кыргыз эл жазуучусу Кеңеш Жусуповдун баш сөзүн тартуулады.

XS
SM
MD
LG