Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 21:51

Британия вируска каршы вакцинаны биринчи алат


Британияга вакцина "Pfizer" компаниясынын Бельгиядагы заводунан келет жана алгач 800 миң доза алынат.
Британияга вакцина "Pfizer" компаниясынын Бельгиядагы заводунан келет жана алгач 800 миң доза алынат.

Лондон жапырт эмдөөнү келерки аптадан тартып баштаганы жатат. Британия коронвирустан көп жабыркаган мамлекеттердин бири.

Британия германиялык «BioNTech» компаниясы америкалык өнөктөшү «Pfizer» менен чогуу жасаган вакцинаны колдонууга Европа Биримдиги менен АКШдан озунуп макул болду.

«Pfizer» компаниясынын башкы директору Альберт Бурла мындай чечимди «тарыхый учур» катары сыпаттады.

Ал тараткан билдирүүдө «Биз дүйнө жүзүнө жогорку сапаттагы вакцинаны чукул арада коопсуз камсыздоого умтулабыз», деп айтылат.

Мэтт Хэнкок эмдөө алгач калктын аярлуу катмарынан башталарын билдирди.
Мэтт Хэнкок эмдөө алгач калктын аярлуу катмарынан башталарын билдирди.

Апта башында британ өкмөтү коронавируска каршы үмүт жараткан бул вакцинанын 2 миллион дозасын аларын маалымдаган.

Өлкөнүн саламаттык сактоо министри Мэтт Хэнкок эмдөө калктын аярлуу катмарынан башталарын, буга байланыштуу даярдык көрүлүп жатканын маалымдады.

«Эгер баары ойдогудай болсо биз эмдөөнү келерки аптадан тарта баштайбыз деп айта алам. Мен бул кабарга абдан толкунданып турам. Британия алгачкылардан болгонуна сыймыктанам. Мен «Pfizer» компаниясынын окумуштууларына жана өзүмдүн командама ыраазычылык билдирем.

Алар бул багытта чоң иш жасашты. Биз эмдөөнү коронавирус үчүн өтө аярлуу катмардан баштайбыз. Биз калктын аярлуу катмарын коргогондон кийин кадимки биз көнгөн жай турмушка, жакшы көрүп-жактырган нерселерибизге кайтабыз».

Британияга вакцина «Pfizer» компаниясынын Бельгиядагы заводунан келет жана алгач 800 миң доза алынат.

Буга чейин Лондон баш-аягы жети башка фармацевтикалык компания менен эгер алардын вакцинасы натыйжалуу болсо 350 миллион дозага чейин вакцина сатып алууну макулдашкан.

Британ өкмөтү бул программанын алкагында 67 миллион жарандын көбүн эмдөөнү пландаштырып жатат

Британия коронавирустан көп жапа чеккен өлкөлөрдүн бири. Бул өлкөдө өпкөнү сезгенткен илдетти 1,6 миллиондон ашык адам жуктуруп алып, оорудан 60 миңдей бейтап көз жумду.

«Pfizer» менен «BioNTech» компанияларынын вакцинасынын клиникалык сыноосунун акыркы жыйынтыгы өткөн айдын ортосунда жарыяланган. Анда бул препарат 95 пайыз оң натыйжа көрсөткөнү маалымдалган. Андан сырткары аялуу топко кирген улгайган адамдарды да коргой алары ырасталган.

Мунун алдында, шейшембиде Кошмо Штаттарындагы «Moderna» компаниясы өзү өндүргөн вакцина клиникалык сыноонун соңку баскычында 94 пайыз оң натыйжа көрсөткөнүн айтып чыкты.

Мындан улам компания АКШда жана Европада чукул арада каттоого уруксат алуу үчүн тиешелүү органдарга кайрылган.

Андан сырткары Орусияда Гамалея борбору даярдаган «Спутник V» вакцинасы 90 пайыздан ашык натыйжалуу болгону кабарланган.

Британиялык «AstraZeneca» компаниясы Оксфорд университети менен чогуу даярдап жаткан вакцина ийгиликтүү болуп жатканы кабарланганы менен өткөн аптада ага кошумча сыноо жүргүзүү зарыл экени белгилүү болгон.

Дүйнө жүзүндө коронавирус болгондор 70 миллион адамга чукулдап калды. Пандемия башталгандан бери 1,5 миллионго чукул бейтаптын өмүрү кыйылды.

Дүйнөлүк Саламаттык сактоо уюмунун эсебинде, жалпысынан дүйнөдө 150дөн ашык вакцинаны даярдоо боюнча иш жүрүп жатат жана алардын 20дан ашыгын адамдын организминде сыноо башталган.

XS
SM
MD
LG