Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 15:57

АКШ: жаңы вакцинанын айланасында талаш курчуду


16-сентябрда АКШ өкмөтү коронавируска каршы эффективдүү жана коопсуз вакцина табылары менен бардык америкалыктарды ал препарат менен камсыз кылуу планын жарыялады.

17-сентябрдагы маалыматтарга ылайык, жаңы коронавирусту дүйнөдө 30 миллионго жакын киши жугузуп алды, 20,3 миллион киши айыкты, 941 миңден ашуун бейтап көз жумду.

Кошмо Штаттардын «Ооруларды көзөмөлдөө жана алдын алуу борборунун» жетекчиси Роберт Редфилд жана башка жооптуу адамдар Конгресске даярдаган отчетто эмдөө жараяны жыл этегинде же эмки январда башталып, бара-бара каалагандардын бардыгы ал кампанияга камтыларын 16-сентябрдагы угууда билдиришти.

«Вакцина адегенде ноябрь-декабрь айларында колубузга тиет деп ойлойм. Бирок чектелген гана санда болгондуктан, кимге артыкчылык берилерин чечип алууга тийишпиз. Америкалыктардын бардыгы качан камсыз болот, вакцинанын артыкчылыгынан пайдаланып, кадыресе турмушка качан кайта алабыз деп сурап атсаңыз, балким 2021-жылдын экинчи кварталынын этеги, үчүнчү квартал деп ойлойм», - деди Редфилд.

Адистин бул маалыматы президент Дональд Трамптын вакцинация программасын баштоо боюнча буга чейин айткан божомолдоруна караганда алда канча пессимисттик маанайда.

Доналд Трамп, архивдик сүрөт
Доналд Трамп, архивдик сүрөт

15-сентябрда Трамп вакцина үч-төрт жуманын ичинде даяр болорун айткан. Андай болсо, эмдөө 3-ноябрдагы президенттик шайлоого чейин башталышы ыктымал дегенди билдирет.

Бирок Редфилд вакцина тиешелүү мекемелер тарабынан жактырылгандан кийин калың элге дагы 6-9 айдан кийин жетерин Конгрессте айтты.

Трамп Ак үйдөгү брифингде кабарчынын суроосуна жооп берип жатып Редфилддин билдирүүсүн «туура эмес маалымат» деп атады.

«Менимче, ал муну айтып жатканда чаташып калды. Бул туура эмес маалымат. Мен ага телефон чалганда муну айткан эмес. Балким жаңылыш маалымат беришкен, балким сүйлөп атканда ката кетирип койду. Жок, биз ишти дароо баштайбыз. Вакцина даяр деп октябрь, же бир аз өтүп жарыяланат».

Өз сөзүндө Редфилд вирустун жайылышын токтотууда беткаптын эффективдүүлүгүн баса белгиледи. Бир да вакцина азыр илдеттен 100 процент коргой албайт деген фактты эске алуу менен, «Мына бул беткап мени COVID-19дан вакцинага караганда жакшырак коргойт деген кепилдик көбүрөөк деп айтат элем», - деди Редфилд.

Анын бул сөздөрүнө да Трамп макул эместигин айтты. «Беткап вакцинадан пайдалуу боло албайт, мен муну ага айттым», - деп билдирди президент.

Демократтардын президенттикке талапкери, Трамптын оппоненти Жо Байден мамлекет башчыны вакцина чыгаруу маселесин саясатташтырып жаткандыгы үчүн айыптады.

Индия пандемия учурунда
Индия пандемия учурунда

Ал арада БУУнун баш катчысы Антониу Гуттериш COVID-19 пандемиясы ооздуктала электигин билдирди.

Илдеттен көз жумгандардын саны дүйнөдө 1 миллион кишиге жакындап баратат. Бейшембидеги маалыматтарга ылайык, вирусту 30 миллионго жакын киши жугузуп алды, 20,3 миллион киши айыкты, 941 миңден ашуун бейтап көз жумду.

Жакындан бери пандемиянын очогуна айланган Индияда шаршембиден бейшембиге чейин дээрлик 98 миң жаңы учур катталды. Инфекция жугузгандардын жалпы саны боюнча АКШ биринчи (6.6 миллион), Индия экинчи (5.12 миллион) орунда турат.

Европада болсо эпидемиянын экинчи толкуну уланып, вируска кабылгандар көбөйүп жатат. Бир топ өлкөлөрдө улам жаңы чектөөлөр, беткап тагынып жүрүү эрежелери киргизилүүдө.

XS
SM
MD
LG