Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 11:21

Коронавирустун жаңы түрлөрү кооптондурууда


Коронавируска анализ тапшыруу борбору. Сербия. 2020-жылдын 24-декабры.
Коронавируска анализ тапшыруу борбору. Сербия. 2020-жылдын 24-декабры.

Бир катар мамлекеттердин өкмөттөрү жарандарын "Ыйсанын туулган күнү" жана Жаңы Жыл майрамдары маалында ашыкча топтолбой, конокко барбай, өз үй-бүлөсүнүн кашында гана майрамдоого чакырып жатышат. Коронавирустун жаңы мутацияланган түрлөрү да кооптонуу жаратууда. 

Быйыл бир катар мамлекеттерде христиандар бири-бирин "Ыйсанын туулган күнү" майрамы аудио-видео байланыш аркылуу гана куттуктоого аргасыз. Европанын дээрлик бардык өлкөлөрүндө, коронавирус күч алганына байланыштуу, карантин чектөөлөрү катаалдашты.


Буга чейин Улуу Британияда коронавирустун мутацияланган жаңы жугуштуу түрү аныкталганы кабарланса, эми анын дагы бир жаңы штаммы Түштүк Африка Республикасында пайда болгону маалым болду. Аталган мамлекеттин саламаттык сактоо министрлиги бул вирустун жайылуу ылдамдыгы боюнча кооптонуусун билдирди. Азырынча коронавирустун жаңы мутацияланган түрү канча кишиден аныкталганы белгисиз. Бийлик бул тууралуу расмий маалымат бере элек. Ошону менен катар вирустун мындай түрүн жуктуруп алгандар канчалык деңгээлде катуу ооруй турганы дагы аныкталган жок. Мутацияланган жаңы штаммга вакциналар туруштук бере алар-албасы азырынча белгисиз.

АКШнын башкы инфекционисти, доктор Энтони Фаучи 23-декабрда "Блумберг" агенттигине берген маегинде билдиргендей, далил жок болсо дагы Улуу Британияда пайда болгон коронавирустун жаңы түрү АКШда дагы жайылган болушу ыктымал.

Фаучи мырза вирустар демейде улам өзгөрүп, мутацияланышын эске алуу менен Кошмо Штаттарда дагы коронавирустун жаңы түрү пайда болсо таң калбастыгын кошумчалады.

«Биздин өлкөдө мутацияланган коронавирустун пайда болушуна жетиштүү шарттар бар. Эгер биз издөөнү улантсак, биз башка дагы окшош жаңы түрлөрүн табышыбыз мүмкүн», - деди Фаучи.

АКШнын башкы инфекционисти, доктор Энтони Фаучи. Вашингтон. 23-июнь, 2020-жыл.
АКШнын башкы инфекционисти, доктор Энтони Фаучи. Вашингтон. 23-июнь, 2020-жыл.

Ал арада коронавирус Кошмо Штаттарда катуу жайылып жатат. Алдыдагы "Ыйсанын туулган күнү" жана Жаңы жыл майрамдарына байланыштуу ооругандардын кескин көбөйүшү да күтүлүүдө.

Америкада күнүнө орто эсеп менен коронавирус 220 миңдей адамдан аныкталып жатат. Жарыкчылык менен күнүнө 2600дөй адам кош айтышууда.

Вакцинаны ала турган болсок, АКШда бир миллиондой киши вакцинанын биринчи дозасы менен эмделди. Киши толук эмделиши үчүн эки доза алуусу зарыл. Азырынча Америкада Pfizer-BioNTech жана «Модерна» компанияларынын вакциналарын саюуга уруксат берилген.


Жапырт эмдөө бир нече айдан кийин башталары күтүлүп жатат. Азырынча медкызматкерлер, улгайган адамдар жана тобокелчилик тобуна киргенден гана эмделүүдө.

Дүйнөнүн башка өлкөлөрүндө да эмдөө башталууда. Маселен, Кытай менен Орусия өздөрү өндүргөн вакциналарды эмдөөдө колдонуп жатышат.

Евробиримдиктин аймагында Pfizer-BioNTech компанияларынын вакцинасы менен эмдөө 27-декабрда башталат. Мексика жана Коста-Рика мамлекеттерине дагы аталган вакцина жеткирилди.

Аргентина өз өлкөсүндө эки вакцинаны колдонууга уруксат берди. Биринчиси - Pfizer-BioNTech компаниясыныкы, экинчиси - Орусиянын Sputnik V вакцинасы. Муну менен Аргентина орус вакцинасына уруксат берген Түштүк Америкадагы биринчи өлкө болуп калды.

XS
SM
MD
LG