Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Май, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 14:52

Өзбекстан мутацияланган вирус чыккан өлкөлөрдүн жарандарын киргизбейт


Өзбекстан
Өзбекстан

Грузиянын борбору Тбилисиде коронавирустан дарылаган ооруканаларда орун тартыш болуп жатат. Ал арада Казакстан орус вакцинасын өндүрө баштады. Өзбекстан коронавирустун жаңы штаммы катталган сегиз өлкөнүн жарандарына убактылуу чектөө киргизди.

Быйыл ноябрда Тбилисидеги ооруканалардын алдында «Тез жардамдын» ондогон автоунаасы кезекте турганы тартылган тасма тараган. Бул көрүнүштү оорукананын дарыгерлери жашыруун тартып, орун жоктугунан улам бейтаптарды жаткыра албасын айтышкан.

Ошол күндөрү коронавирус жуктуруп алган тбилисилик Эка Микеладзе «Тез жардамды» сааттап күткөнүн айтып берди.

«Мени "Тез жардам" үйүмдөн алып чыгып, жолдо баратканда дарыгерлер шаардагы бардык ооруканаларга чала баштады. Абалым оорлоп кеткенин, дароо ооруканага кабыл алуу керектигин түшүндүрүп жатышты. Бирок бир да орун табылбай койду. Айла жок шаар четиндеги клиникага алып барышты. Ал жерден мени кабыл албай коюшту. Акыр-аягы травматология бөлүмүндөгү бир бейтаптын ордуна жаткырышты», - дейт Тбилиси шаарынын тургуну Эка Микеладзе.

Грузияда коронавируска байланыштуу чектөөлөр ноябрдан тарта күчөтүлүп, коомдук транспорт, ресторан-кафелер жана айрым дүкөндөр иштебей турат. Буга чейин расмий Тбилиси карантин четөөлөрүн 24-декабрдан 2-январга чейин жеңилдетүүнү убада кылган. Бирок өлкөнүн медиктери абал курч экенин эске салып, бул чектөөлөрдү күчүндө калтырууну талап кылышууда.

Бул тууралуу академик Вахтанг Бочоришвили атындагы клиниканын башкы директору Девид Гаделия маалымат берди.

«Коронавирус диагнозу коюлган бейтаптардын саны азайган жок. Бирок чыңалуу бир аз төмөндөп баратканы сезилип турат. Абал туруктуу, өткөн айдагы жагдай менен салыштырууга мүмкүн эмес. Бул турукташуунун себептеринин бири дал ушул чектөөлөрдүн ишке киришинен улам деп ойлойбуз», - деди Гаделия.

Тбилисинин оорукаларына ыктыярчылар да жардамга келүүдө. Тбилиси медициналык университетинин студенттеринен түзүлгөн "MedGuide" тобунун катарына 55 миңден ашуун ыктыярчы кошулган. Алар «Тез жардам» кызматкерлерин ооруканалар менен байланыштырууга жардам берет.

«Өлкөдөгү кырдаал өтө курч. Бул бизде гана эмес, бүткүл дүйнө жүзү үчүн чоң көйгөй. Андыктан биз бул топту бейтаптарга жардамдын альтернативдүү булагы болсун деген максатта түздүк. Биздин модераторлор абдан активдүү. Мисалы, беш ыктыярчы «Тез жардам» кызматы менен такай байланышта, дагы бешөө клиника менен иштейт, алардын абалын аныктаган жана кайрылган бейтаптарга дагы беш дарыгер бекитилген», - деди ыктыярчылардын жетекчиси Софо Жапаридзе.

Грузиянын бийлиги өлкөдө абал оор экенин моюнга алды. Күз айларынын башында бийлик эч кандай чектөө киргизилбей турганын, катуу карантинге Грузия экономикасы туруштук бере албасын билдирген. Бирок ноябрда өлкөнүн медициналык системасы коронавирус жугузуп алгандарды дарылоого жетишсиз экенин көрсөткөн. Эми чектөөлөр февраль айына чейин созулушу мүмкүн.

Казакстанда Орусиянын окумуштуулары ойлоп тапкан Sputnik V вакцинасы өндүрүлө баштады. Казак премьер-министри Аскар Мамин 21-декабрда вакцина Караганды шаарындагы фармацевтикалык комплексте чыгарыла баштаганын билдирди. Аны менен катар эле Казакстан "сыноо учурунда жакшы натыйжаларды көрсөткөн" өзүнүн дарысын иштеп чыгары белгилүү.

Ошондой эле казак өкмөтү QazCovid-in деп аталган коронавируска каршы жергиликтүү вакцинаны үч миң ыктыярчыга сыноону баштаганын кабарлады. Маалыматка караганда, Жамбыл облусундагы Биологиялык коопсуздук проблемалары илимий-иликтөө институту вакцинанын клиникалык сыноосунун 1-2-фазасын жүргүзгөн, препараттын эффективдүүлүгү 96% деп белгиленген. Премьер-министр Мамин QazCovid-in вакцинасы менен жапырт эмдөө 2021-жылы мартта башталарын билдирген.

Европа мутацияланган вирустан коргоно баштады
please wait

No media source currently available

0:00 0:13:51 0:00

Өзбекстан коронавирустун жаңы штаммы катталган сегиз өлкөнүн жарандарына убактылуу чектөө киргизди. 22-декабрда жарыялангандай, Австралия, Австрия, Дания, Германия, Италия, Нидерланд, Түштүк Африка жана Улуу Британиянын жарандары 10-январга чейин Өзбекстанга кире албайт. Бул өлкөлөрдөн кайтып келген өзбек атуулдары 14 күндүк карантинге алынат.

Соңку расмий маалыматтар боюнча 21-декабрга карата Өзбекстанда коронавирус менен ооругандардын саны 76 миңден ашты. Алардын ичинен 73 339у айыкты, 612и каза болду.

Өзбекстанда коронавирус статистикасына анализи лабораторияда тастыкталган гана бейтаптар киргизилет. Ошол эле маалда пневмония менен ооругандар бул бул тизмеде жок.

Расмий маалыматтар боюнча, буга чейин Тажикстанда коронавирустан 87 адам көз жумган. Айрым серепчилер бул өлкөдө коронавирустан каза болгондордун саны расмий статистикадан алда канча көп экенин айтып келет.

Ал эми Түркмөнстан өз аймагында коронавируска чалдыккан бир да киши жок экенин билдирип келген дүйнөдөгү 15 өлкөнүн бири. Ошол эле маалда Түркмөнстандагы ооруканалар коронавирустун белгилери бар бейтаптарга толуп, абактарда, мектептерде илдетке кабылгандар көп болууда.

  • 16x9 Image

    Элвира Будайчиева

    "Азаттык" радиосунун Стамбулдагы кабарчысы. Кыргыз-түрк "Манас" университетин жана Стамбулдагы Йедитепе университетинин магистратурасын бүтүргөн.

XS
SM
MD
LG