Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 07:19

Казакстанда коронавируска каршы Орусия иштеп чыккан вакцина өндүрүлө баштады


Казакстанда Орусиянын коронавируска каршы иштеп чыккан «Sputnik V» вакцинасы өндүрүлө баштады. Өлкөнүн премьер-министри Аскар Мамин 21-декабрда вакцина Караганда шаарындагы фармацевтикалык комплексте чыгарыла баштаганын кабарлады. Казак бийлиги өлкөдө СOVID-19га каршы массалык эмдөө кийинки жылы башталарын жарыялаган. Ал ыктыярдуу түрдө болуп, алгач дарыгерлер, укук коргоо кызматкерлери, окутуучулар эмделери кабарланган.

Буга чейин расмий Нур-Султан март айынан баштап өз вакцинасын чыгарарын маалымдаган. Анда Жамбыл облусунда наркы 7 млрд. теңгеге (16,5 млн. долларга) бааланган коронавируска каршы казакстандык вакцина чыгара турган завод курула баштаганы айтылган. Ага ылайык, завод жылына 30-60 млн. доза өлчөмүндө коронавируска каршы вакцина өндүрмөкчү.

Орусия «Sputnik V» вакцинасын быйыл август айында расмий каттоодон өткөрүп, кеңири сыноону баштаган. Учурда өлкөдө айрым адамдар бул вакцина менен эмделе башталды. Бирок дары азырынча Европа Биримдигинин атайын органдарынын экспертизасынан өтө элек.

21-декабрга карата Казакстанда коронавирус жуккан 147 миңден ашык адам катталып, пандемия башталгандан бери бул илдеттен 2147 адам каза болгону расмий кабарланды.

XS
SM
MD
LG