Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 13:29

COVID-19: Министрлик оорудан коргонуу чараларын сактоо зарыл экенин эскертти


Айнура Акматова. Архивдик сүрөт.
Айнура Акматова. Архивдик сүрөт.

Жаңы жылды майрамдоо иш-чараларына, шайлоого жана коронавирустун Европанын бир катар өлкөлөрүндө табылган жаңы түрүнө байланыштуу оорудан коргонуу чаралары катуу сакталышы керек. Бул тууралуу 22-декабрда Кыргызстандын Саламаттык сактоо министрлигинин өкүлү Айнура Акматова билдирди.

Акматова коронавирустун жаңы штаммы Дания, Нидерланддар, Улуу Британия өлкөлөрүндө пайда болгонун Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмунун маалыматына таянып айтты жана анын жугуштуулугу COVID-19га караганда 70% жогору экенин белгиледи.

Жаңы жылдык кечелер боюнча Акматова мындай иш-чараларды өткөрүү мамлекеттик органдарга тыюу салынганын эскертип, майрамдоону пландап жаткан башка ишканалардын ээлерине кайрылды:

«Жаңы жылды, албетте, майрамдаш керек. Бирок ошондой иш-чара уюштуруп, элди чогултуп жаткан адамдар имараттын аянты социалдык аралыкты сактоого мүмкүнчүлүк береби-жокпу, ошого жараша өткөрсөңөр болот. Шайлоо жана жаңы жылдык иш-чаралар учурунда жакындарыбызды, кесиптештерибизди коронавирустан сакташ үчүн беткап тагынуу, колду жууп-тазалоо, антисептик колдонуу, социалдык дистанцияны сактоо зарыл».

Кыргызстанда коронавирус жуккандар 80 миңге чамалады. Расмий статистикага караганда, алардын 1339у каза болду. Азыр 1,5 миңдей адам ооруканада жатат, 2,5 миңге жакын бейтап үйүнөн дарыланууда. (RK)

XS
SM
MD
LG