Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 16:26

Түркияга Англиядан барган жарандар обсервацияга алынганы кабарланды


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Британиянын жана Европанын айрым аймактарында коронавирустун жаңы штаммы (түрү) жайылып жаткандыктан түрк бийлиги 20-декабрдан баштап Британия, Голландия, Дания жана Түштүк Африка менен аба каттамын токтотконун кабарлаган.

22-декабрда Түркиянын саламаттык сактоо министри Фахреттин Кожа 14-декабрдан баштап Британиядан келген 4603 жаран аныкталганын жана обсервацияга алынганын билдирди. Алардын дээрлик көпчүлүгү Анталия аймагындагы мейманканаларга келген туристтер болгон.

Ал эми Түркияда 1-декабрдан тартып коронавируска байланыштуу сактануу эрежелери кайрадан күчөтүлгөн. Жума күнү кечки саат 21:00дөн дүйшөмбү күнкү таңкы саат 05:00гө чейин атайын уруксаты жок тургундар үйүнөн чыкпоого тийиш. Муну менен катар өлкөдө 31-декабрдан 4-январга чейин коменданттык саат киргизилген.

Өлкөдө 25 миңден ашуун кыргызстандык расмий каттоого алынган. Коронавирус алардын канчасына жукканы тууралуу расмий маалымат жок. Бирок Кыргызстандын Анкарадагы элчилиги 7-декабрда бир кыргызстандык келин коронавирустан каза болгонун кабарлаган.

Түркияда коронавирус жугузуп алгандар биринчи жолу 11-мартта катталган. Ал эми расмий маалыматтар боюнча 21-декабрда Түркияда COVID-19 вирусунан өлгөндөрдүн саны 18 351 кишиге жетти. Вирус жугузуп алгандар 2 миллиондон ашты, 2 миллионго жакыны айыгып чыкты. (ElB)

XS
SM
MD
LG