Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
1-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 10:44

COVID-19: Аскер жана күч кызматкерлерине кенемте төлөө боюнча маалымат берилди


Бишкекте ачылган убактылуу стационарлардын биринде тартылган сүрөт. 2020-жылдын 6-июну.
Бишкекте ачылган убактылуу стационарлардын биринде тартылган сүрөт. 2020-жылдын 6-июну.

Коронавирусту кызмат учурунда жугузуп алган аскер жана күч кызматкерлерине мамлекеттен кенемте ошол мекемелердин ишин жөнгө салуучу мыйзамдарга ылайык төлөнөт. Бул тууралуу 22-декабрда Саламаттык сактоо министрлигинин юридика бөлүмүнүн башчысы Азамат Жумакеев билдирди.

Анын айтымында, өкмөттүн мамлекеттен компенсация төлөө тууралуу быйыл 4-майда кабыл алган чечими коронавирус жугузган медицина кызматкерлерине гана тийиштүү.

«Бул жерде коронавирус жугузуп алгандарга 200 миң сом, оорудан каза болгондордун үй-бүлөсүнө 1 миллион сом саламаттык сактоо мекемелеринин кызматкерлерине төлөнөт деп так көрсөтүлгөн. Аскер кызматкерлеринин макамы жөнүндөгү мыйзамда «алардын ден соолугуна зыян келсе акчалай төлөм ошол мыйзамдын негизинде төлөнөт» деп жазылган. Укук тартибин коргоо органдарынын төлөмдөрү алар тууралуу мыйзамда «акчасы ошол органдын сметасынын негизинде төлөнөт» деп так жана даана көрсөтүлгөн», - деди ал.

Кыргызстанда коронавирус жугузгандар 80 миңге чамалады, алардын 4 миңден ашууну медицина кызматкери. Расмий статистикага караганда, жалпысынан бул илдеттен 1339 кыргызстандык каза болду. Ооруну жумуш учурунда жугузуп алып каза болгон медкызматкерлер 86 адам.

Коронавирус жуккан медицина кызматкерлеринин арасынан 905ине 200 миң сомдон, илдеттен каза болгон 33 дарыгердин жакындарына миллион сомдон кенемте төлөнүп берилгени 16-декабрда маалым болгон.

Коронавирус эпидемиясы Кыргызстанда март айында башталып, блок-посттор орнотулуп, өзгөчө абал жана өзгөчө кырдаал режимдери жарыяланганда өкмөттүн эпидемияга каршы иш-чараларына аскер кызматкерлери жана ички иштер органдарынын өкүлдөрү да тартылган. Алардын арасында кызмат учурунда вирус жуккандар бар экени айтылган, бирок бул боюнча толук статистика ачык айтыла элек. (RK)

XS
SM
MD
LG