Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Май, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 03:08

«Мегаком»: Төрөхан Жунусбековго үгүт иштерине катышууга тыюу сала албайбыз


Төрөхан Жунусбеков.
Төрөхан Жунусбеков.

«Мегаком» мамлекеттик ишканасынын жетекчисине кеңешчи болуп жаңы дайындалган Төрөхан Жунусбеков 14-декабрда белгисиз мөөнөткө акы төлөнбөй турган эмгек өргүүсүнө чыккан. Бул тууралуу «Азаттык» радиосуна ишкананын басма сөз кызматы кабарлады.

Маалыматка караганда Жунусбеков мамлекеттик кызматкер деп эсептелбейт, андыктан ага өргүү учурунда кайсы бир саясатчынын үгүт иштерине катышууга ишкана тыюу сала албайт.

Борбордук шайлоо комиссиясына (БШК) президенттик шайлоого байланыштуу 18 даттануу келип түшкөнү, арасында Жунусбеков боюнча материал бар экени өткөн аптада белгилүү болгон. БШКнын ыкчам тобу арыздарды териштирүүнү өтүнүп Башкы прокуратурага жана Ички иштер министрлигине (ИИМ) кайрылган.

БШКнын мүчөсү Гүлнара Журабаева Жунусбеков үгүт ишинде жумуштан өргүү алып жүрөбү же жокпу, аныкташ керек экенин айтып, мамлекеттик бюджеттен айлык алган кызматкерлердин үгүт өнөктүгүнө тартылышына тыюу салуу зарыл экенин билдирген.

Башкы прокуратура жана ИИМ бул боюнча комментарий бере элек.

«Мекенчил» партиясынын мүчөсү Төрөхан Жунусбеков 8-декабрда «Мегаком» соода маркасы менен иш жүргүзгөн «Альфа Телеком» мамлекеттик ишканасынын директорунун кеңешчиси болуп дайындалган. Ал 16-декабрда «Фейсбуктагы» баракчасына президенттикке талапкер Садыр Жапаровдун Талас облусунда шайлоочулар менен жолугушуусунан сүрөт коюп, алдына «Талас эли Садыр Жапаров менен» деп жазган. Кийин өзү мамлекеттик же муниципиалдык кызматта эмес экенин айтып: «Эч кандай үгүт болгон эмес. Ал жерге адамдар менен кошулуп эле программасын угуш үчүн баргам» деп билдирген.

Быйыл 4-октябрда Кыргызстанда кезектеги парламенттик шайлоо өтүп, анын жыйынтыгына нааразы партиялардын тынч митинги башаламандык менен аяктаган жана өлкөдө бийлик алмашкан.

Президентти мөөнөтүнөн мурда шайлоо жана өлкөнү башкаруу формасын тандоо боюнча референдум 10-январда өтөт. Мамлекет башчылык кызматка 18 талапкер ат салышууда. (RK)

XS
SM
MD
LG