Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 17:25

БШК Төрөхан Жунусбеков Садыр Жапаровду шайлоого үгүттөп жүргөнү үчүн прокуратурага кайрылды


Төрөхан Жунусбеков.
Төрөхан Жунусбеков.

Борбордук шайлоо комиссиясынын (БШК) ыкчам аракеттенүү тобу Башкы прокуратурага жана Ички иштер министрлигине (ИИМ) президенттикке талапкер Садыр Жапаровдун тарапташтарынын мыйзамсыз үгүт иштери боюнча кайрылды. БШК «Мегаком» ишканасынын башкы директорунун кеңешчиси Төрөхан Жунусбеков «Фейсбуктагы» баракчасына Садыр Жапаровдун шайлоочулар менен жолугушуусунан сүрөт коюп, анын алдына үгүттөгөн сөздөрдү жазганын мыйзамсыз деп эсептейт. Боршайкомдун басма сөз кызматы маалымдагандай, Жунусбеков учурда мамлекеттик мекеменин кызматкери катары үгүт иштерине катышууга акысы жок.

«Мекенчил» партиясынын мүчөсү, жарандык активист Төрөхан Жунусбеков 8-декабрда «Мегаком» соода маркасы менен иш жүргүзгөн «Альфа Телеком» мамлекеттик ишканасынын директорунун кеңешчиси болуп дайындалган. Төрөхан Жунусбеков Кыргызстанда октябрь окуяларынан кийин Бишкек шаарынын мэри болуу ниетин билдирген. Ал Нариман Түлеев менен Азиз Суракматовдун шаар башчысы болушуна каршы чыккан жана анын талапкерлигин мэрликке тарапташтары көрсөткөнүн айткан.

БШК талапкер Садыр Жапаровдун үгүт иштериндеги мыйзамсыздык тууралуу буга чейин да Башкы прокуратурага жана Ички иштер министрлигине кайрылган.

Социалдык медиада тараган сүрөттөрдө Садыр Жапаровду үгүт өнөктүгүндө коштоп жүргөн жигиттер Мамлекеттик күзөт кызматынын кызматкерлери экенин айрым активисттер жазышкан.

17-декабрда «Фактчек» порталы Жапаровду коштоп жүргөндөр Мамлекеттик күзөт кызматынын кызматкерлери экенин тастыктаган кыска иликтөөнү «Temirov LIVE» каналына жарыялады.

Шайлоо өнөктүгүндө талапкерлердин үгүт иштерине мамлекеттик кызматкерлердин катышуусу административдик ресурсту колдонуу катары бааланып, ага тыюу салынат.

Садыр Жапаровдун шайлоо штабы азырынча буга комментарий бере элек.

Садыр Жапаров 17-октябрдан 14-ноябрга чейин Кыргызстандын президентинин милдетин аткаруучу болуп турду. 14-ноябрда кызматын Жогорку Кеңештин төрагасы Талант Мамытовго өткөрүп берип, президенттик шайлоого катышууга БШКга арыз берген.

Президенттик шайлоого үгүт иштери 15-декабрда башталды. Ал добуш берүүгө 24 саат калганда, 9-январда токтойт. Кыргызстанда кезексиз президенттик шайлоо 10-январда өтөт. Бул кызмат үчүн 18 талапкер ат салышып жатат. (ZKo)

XS
SM
MD
LG