Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Май, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 06:05

Путиндин жыл соңундагы басма сөз жыйыны өтүп жатат


Владимир Путин басма сөз жыйынында .
Владимир Путин басма сөз жыйынында .

Орусиянын президенти Владимир Путин бүгүн жыл аягындагы салттуу басма сөз жыйынын өткөрүп жатат. Бул иш-чара орусиялык оппозиционер Алексей Навальныйды ууландыруунун артында Федералдык коопсуздук кызматы турганын ашкерелеген журналисттик иликтөө жарыяланып, АКШдагы кибер чабуулду Орусия уюштурушу мүмкүн деген күмөн саноо күчөгөн маалга туш келди.

Орусиядагы башкы телеканалдардан түз көрсөтүлгөн Путиндин басма сөз жыйынын орус президенти өз кадыр-баркын көтөрүш үчүн колдонуп келет. Жыл сайын ал өлкө жарандарына бийлик ишенимдүү колдо экенин айтып, АКШ жана башка өлкөлөргө карата мамилеси боюнча суроолорго жооп берет.

Коронавирус пандемиясынан улам быйылкы басма сөз жыйынына орус президенти Москванын четиндеги Ново-Огареводогу резиденциясынан онлайн режимде катышып жатат. Ал эми жергиликтүү жана чет элдик журналисттер Москвадагы Эл аралык соода борборунда, аймактагы журналисттер видео конференция аркылуу суроолорду берип жатат.

Кремлдин расмий сайтындагы маалымат боюнча, иш-чарага 774 журналист каттоодон өткөн. Бул сан мурдагы жылга караганда эки эсе аз.

Жыйындын жүрүшүндө Алексей Навальныйдын ууландырылышы боюнча суроого Путиндин жообу кызыгуу жаратууда.

14-декабрда «Bellingcat» иликтөө тобу жана «The Insider» басылмасы Навальныйдын ууландырылышы тууралуу иликтөөсүн чыгарган. Материалда кол салууга аралашкан болушу керек деген орус атайын кызматында иштеген бир нече адамдын аты аталган.

XS
SM
MD
LG