Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 14:33

КСДП вице-спикерликке Касымалиеванын ордуна Молдобекованы даярдоодо


Аида Касымалиева.
Аида Касымалиева.

Жогорку Кеңештеги Кыргызстан социал-демократиялык партиясынын (КСДП) фракциясы Аида Касымалиеваны вице-спикерликтен түшүрүп, ордуна депутат Гүлкан Молдобекованы сунуш кылат. Бул тууралуу аталган фракциянын депутаты Дастан Бекешев «Телеграмдагы» каналында билдирди:

«Көп журналисттер телефон чалып: «Аида Касымалиеваны вице-спикерликтен алууну көздөп, мини-төңкөрүш жасоого аракет болуп жатканы чынбы?» - деп сурашууда. Ооба, бул чын. КСДП фракциясы чечим даярдап жатат. Ордуна Гүлкан Молдобекованы - Социалдык саясат комитетинин төрайымын койгону жатышат. Негизи мамлекеттик кызматта өсүүнү кааласаң, сен каршы пикир көрсөтпөгөн мүнөзүң болушу керек. Эгер «көп жашаган» депутат болгуң келсе да, каршы пикир көрсөтпөгөн мүнөздө болушуң керек».

Депутат Иса Өмүркулов жетектеген КСДП фракциясы бул маалыматка комментарий бере элек.

2018-жылдын декабрынан бери парламент төрагасынын орун басары болуп иштеп келаткан Аида Касымалиева бул тууралуу соцтармактан укканын, анык маалыматы жок экенин билдирди.

Гүлкан Молдобекова - Социалдык маселелер, билим берүү, илим, маданият жана саламаттык сактоо комитетинин төрайымы. (SE\BCh)

XS
SM
MD
LG