Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 15:51

Француз президенти Макрон коронавирус жугузуп алды


Эммануэл Макрон.
Эммануэл Макрон.

Франциянын президенти Эммануэл Макрон коронавирус жугузуп алды. Бул тууралуу Елисей ордосу кабарлады.

Маалыматка ылайык, 43 жаштагы Макрон инфекциянын белгилери байкалган соң тапшырган тести вирус жугузуп алганын аныктаган. Ал бир аптага обочолонууга кетет. Бирок ал учурда ишин улантарын француз президентинин кеңсеси билдирди.

Буга чейин АКШнын президенти Дональд Трамп, Британиянын премьер-министри Борис Жонсон баштаган бир катар дүйнөлүк лидерлер коронавирус жугузуп алышкан. Алардын көбү айыгып чыкты.

Францияда учурда вирусту жайылтпоо үчүн чектөөлөр киргизилген. Бул өлкөдө жалпысынан 2,5 миллиондой адам коронавирусту жугузса, анын 60 миңдейи каза болду.

XS
SM
MD
LG