Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Май, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 03:33

Анаркулов: Жетим-Тоо - мамлекеттин менчиги, чет элдиктерге берилбейт


Нургазы Анаркулов.
Нургазы Анаркулов.

Президентик аппараттын маалыматтык саясат бөлүмүнүн башчысы Нургазы Анаркулов «Жетим-Тоо темир кени кытай компаниясына берилип кетти» деген билдирүүлөргө комментарий берди.

«Акыркы убактарда айрым бир саясатчылар «Жетим-Тоо темир кени Кытай компаниясына берилди, ал компания кенди иштетүү менен катар кийин жерибизди алып коёт экен» деген чындыкка дал келбеген маалыматтарды тарката башташты. Мындай жоопкерчиликсиз билдирүүлөрдүн натыйжасында коомчулуктун башы айланып, бийлик органдарына жана инвесторлорго карата терс маанай менен чыңалуу күчөп жатат.

Мен мындай билдирүүлөрдүн баары жалган экенин жана алардын бир гана максаты - шайлоо алдында өлкөдөгү кырдаалды курчутуу экенин расмий билдирем. Жетим-Тоо темир кени мамлекеттин менчигинде жана бир дагы чет элдик компаниянын кенди чалгындоого жана иштетүүгө укугу жок», деп айтылат Анаркуловдун атынан маалымат каражаттарына таратылган билдирүүдө.

Ушул эле күнү Өнөр жайы, энергетика жана жер казынасын пайдалануу боюнча мамлекеттик комитеттин төрагасы Жыргалбек Сагынбаев да «Кабар» агенттигинде маалымат берип, Жетим-Тоо толугу менен мамлекеттин карамагында экенин билдирди.

Анын айтымына караганда Жетим-Тоо темир запасы боюнча дүйнөдөгү ири кендердин ичинен экинчи орунда турат. «Узак» жоопкерчилиги чектелген уюмунун 2010-жылкы эсептөөсү боюнча Жетим-Тоодо 3 млрд. тоннадан ашык темир кени бар. Сагынбаев кенди мамлекет башка тараптарды кийлигиштирбей, өзү иштетүүгө даярдык көрүп жатканын белгиледи.

Садыр Жапаров премьер-министр болуп турганда уюштурган басма сөз жыйындарынын биринде Жетим-Тоодо 50 млрд. тоннадай темир кени бар экенин белгилеп, аны чийкизат түрүндө сатса, анын эсебинен бир жылда 1 млрд. долларды төлөсө болорун билдирген.

Коомдук-саясий чөйрөдө «Жетим-Тоодогу темир кенин тышкы карыздардан кутулуш үчүн өкмөт кошуна мамлекетке берет экен» деген күдүк кептер көптөн бери айтылып келатат.

Кыргызстандын насыялар үчүн төлөй турган мамлекеттик тышкы карызынын басымдуу бөлүгү Кытайга тиешелүү. Тагыраагы Кыргызстандын Кытайга 1 млрд. 778 млрд. доллар карызы бар. (BCh)

XS
SM
MD
LG