Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 21:29

Дастан Бекешев парламентаризмди жактап үгүт жүргүзүү үчүн БШКга арыз берди


Дастан Бекешев, Жогорку Кеңештин депутаты.
Дастан Бекешев, Жогорку Кеңештин депутаты.

Жогорку Кеңештин депутаты Дастан Бекешев он чакты адамдан турган демилгелүү топ түзгөнүн билдирди. Аталган топ 2021-жылдын 10-январына дайындалган референдумда парламенттик башкарууну тандоо үчүн элди үгүттөйт.

Бекешев бул тууралуу Борбордук шайлоо комиссиясына (БШК) арыз бергенин айтты:

“Эми алар карап чыгып уруксат беришсе, үгүт иштерин баштайбыз. Учурда эл ичинде “президенттик башкаруу эле жакшы экен” деген пикир күч. Бирок ошого карабай биз парламентаризмдин артыкчылыктарын түшүндүрүп бергенге аракет кылабыз. Аймактарды кыдырып, элге жолугууга каражатыбыз жок. Ошондуктан социалдык тармактардан жана жалпыга маалымдоо каражаттарынан чыгып турабыз”.

Мыйзам боюнча референдум өткөрүү милдети БШКга жүктөлгөн. Ал эми маалыматты элге жеткирүү жана түшүндүрүүнү жер-жерлердеги жергиликтүү бийликтер уюштурат. Ошол эле учурда мамлекеттик кызматкерлер референдумда көтөрүлгөн маселеге байланыштуу үгүт иштерин жүргүзө албайт. Аны ыктыярчы жарандар өз алдынча БШКга берген арызынын негизинде ишке ашырса болот.

БШКнын төрайымынын орун басары Абдыжапар Бекматов айтымында 17-декабрга карата бир демилгелүү топтон үгүт жүргүзүү үчүн арыз түшкөн.

Мамлекетти башкаруу формасын тандоо боюнча референдум 2021-жылдын 10-январында мөөнөтүнөн мурда президенттик шайлоо менен чогуу өтөт. Анда жарандар башкаруу формасын төмөнкү тартипте тандашы керек:

- президенттик;

- парламенттик;

- бардык варианттарга каршы.

Референдум өткөрүү тууралуу мыйзамды Жогорку Кеңеш өткөн жумада чукул кабыл алган. Ага бюджеттен 40 миллион сомдой каражат жумшалат.(MiK)

XS
SM
MD
LG