Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 12:49

КТРКда президенттикке талапкерлердин видео кайрылуулары өчүп калды


КТРКнын дебат студиясы
КТРКнын дебат студиясы

Коомдук теле-радио компаниясы 15-16-декабрда түз обого чыккан алты талапкердин видео кайрылуусун интернет сайтынан жана YouTube порталындагы баракчасынан өчүрдү.

Эки күндө президенттикке талапкерлер Эльдар Абакиров, Курсан Асанов, Бактыбек Калмаматов, Адахан Мадумаров, Арстанбек Абдылдаев жана Канатбек Исаев түз чыгып 10 мүнөттөн сүйлөшкөн.

Каналдын продюсерлеринин бири Бактияр Тукеев "Азаттыкка" Интернет-сайт менен YouTube порталында техникалык мүчүлүштүк болгонун, азыркы тапта оңдоо иштери жүрүп жатканын, видеолор толугу менен кайра жүктөлөрүн маалымдады.

Борбордук шайлоо комиссиясынын чечими менен ар бир талапкерге мамлекеттик теле-радио компаниялардан элге түз эфирде кайрылууга убакыт берилген. Жадыбал боюнча КТРКдан 17-декабрда талапкерлер Рашид Тагаев, Садыр Жапаров жана Бабыржан Толбаев кайрылуу жасайт.

Президенттик шайлоого үгүт иштери 15-декабрда башталды. Ал добуш берүүгө 24 саат калганда, 9-январда токтойт. Кыргызстанда кезексиз президенттик шайлоо 10-январда өтөт.

Бул аралыкта президенттикке талапкерлер аймактарды кыдырып, шайлоочулар менен жолугушууга жана негизги мамлекеттик телеканалдардын эфири аркылуу акысыз түз чыга алат. (BCh)

XS
SM
MD
LG