Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 05:58

Жалал-Абадда диний экстремизмдин алдын алуу боюнча жыйындар өтүп жатат


Жыйындар райондук жана облусттук администрацияда өтүп жатат
Жыйындар райондук жана облусттук администрацияда өтүп жатат

Жалал-Абад облусунда диний экстремизмдин алдын алуу максатында милиция иш-чараларды өткөрүп жатат. Бул тууралуу аталган облустун Ички иштер бөлүмү кабарлады.

15-16-декабрда Жалал-Абад шаары менен Сузак районунда орто билим берүү мекемелеринин мугалимдерине, жаш активисттерге, жергиликтүү өзүн-өзү башкаруу бийлик өкүлдөрүнө, социалдык педагогдорго ошондой эле Сузак жана Ырыс айылдарынын мечиттеринин жамаатына, имамдарга, жергиликтүү тургундарга «Жаштардын радикалдашуусу: себептер жана факторлор» деген темада лекция окулуп, талкуу, суроо-жооптор айтылды.

Талкуу учурунда жаштардын туура эмес диний билим алуусу, эктремисттик уюмдардын катарына кошулуп кетишинин негизги себептеринин бири деп белгиленди.

Ички иштер министрлиги экстремизмге жана мыйзамсыз миграцияга каршы аракеттенүү кызматынын демилгеси менен «Жаштар арасында радикалдашууну жана диний эктремизмдин алдын алууда диний жана мамлекеттик уюмдар менен иштөөнүн теориялык жана практикалык негиздери» аттуу темада 2020-жылдын 6-декабрынан 30-декабрына чейин республиканын аймагында алдын алуу иш-чаралары мерчемделип, анын алкагында жер-жерлерде калк арасында жыйындар өтүп жатат.

Экстремизмдин алдын алуу иш-чаралары Жалал-Абад облусунун Базар-Коргон, Ноокен райондорунда да болот.

Кыргызстанда жалпысынан 21 диний уюмга тыюу салынган. Алардын арасында "Хизб-ут Тахрир" уюму да бар.

Акыркы мезгилде радикалдуу диний топторго кошулгандар көбөйүп, Сирия, Иракка чейин кеткен кыргызстандыктардын саны 500дөн ашуун деп эсептелип келет. (TB)

XS
SM
MD
LG