Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Май, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 07:21

Укук коргоочу Токтонасыров Башкы прокуратуранын алдына пикетке чыкты


Өндүрүш Токтонасыров, укук коргооучу. 17-декабрь, 2020-жыл.
Өндүрүш Токтонасыров, укук коргооучу. 17-декабрь, 2020-жыл.

Укук коргоочу Өндүрүш Токтонасыров Тоң райондук сотунун судьясы Сабыр Сооданбековдун 13 жаштагы кызды зордуктаган адамдарды сот жоопкерчилигинен бошоткон өкүмүнө каршы Башкы прокуратуранын алдына митингге чыкты. Токтонасыров "Азаттыкка:

"Адилеттик органынын расмий өкүлү болуп туруп, 13 жаштагы кызды зордуктаган кылмышкерлерге жаза бергендин ордуна экөөнү бошотуп, бирөөнү 7 жылга эле кесип койгону мен үчүн оор болуп жатат. Бул судья Сооданбековдун үстүнөн кылмыш иши козголуусун талап кылып жатам. Иш кайрадан ачылып, адилет каралсын. Башкы прокуратурада турганымдын себеби бул эң башкы көзөмөл органы болуп санадат. Эми булар бюрократияга салып, эми бул Тоңдо болгон иш экен деп отуруп алышпасын деп жатам", - деп түшүндүрдү акция уюштуруу себебин.

11-декабрда Ысык-Көлдүн Тоң райондук сотунун судьясы Сабыр Сооданбеков 13 жаштагы кызды зордуктаган деп айыпталган 45 жаштагы Урмат аттуу адамдын жазасын жеңилдеткен. Жабырлануучу кыздын адвокаты Айнура Асанованын айтымында, сот ага карата «Зордуктоо» беренеси менен козголгон кылмыш ишин «Жашы жете электерге карата жыныстык аракет» беренесине которуп, 7,5 жылга эркинен ажыраткан. Ал эми кызды зордуктоого айыпталган дагы эки кишини - Жолдошбек менн Эржанды актаган.

Кыздын адвокаты жана атасы судьянын чечимине каршы апелляциялык арыз жазарын билдиришти.

Социалдык түйүндөрдүн колдонуучулары судья Сабыр Сооданбековго кызматтык иликтөө жүргүзүлүшүн талап кылышууда. Ошондой эле ЮНИСЕФ бул иш боюнча адилеттүү сот чечими чыгышын талап кылды. (BCh)

XS
SM
MD
LG