Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
21-Сентябрь, 2021 шейшемби, Бишкек убактысы 06:34

Кыргызстанда коронавирус менен ооругандардын 33% Бишкекте


Бишкектеги стационарлардын биринде 2020-жылдын августунда тартылган сүрөт.

Кыргызстанда 2020-жылдын март айынан бери коронавирус жуктуруп алгандардын 33% Бишкек шаарына туура келет.

Баш калаада COVID-19 вирусуна жана пневмонияга кабылгандардын саны 16-декабрга карата 25 901 адамды түзгөн. Алардын ичинен 14338 бейтапка коронавирус, 11513 бейтапка пневмония диагнозу коюлган. Бул тууралуу вице-мэр Айжан Чыныбаева билдирди.

"Коронавируска кабылган 14 миңден ашуун адамдын 970и 18 жашка чейинкилер. 2931 бейтап 18ден 30 жашка чейинкилер. 7553 адам 30дан 60ка чейинкилер. Алтымыштан өткөндөр - 2934."

Ооруга чалдыккандардын басымдуу бөлүгү сакайган. Азыр ооруканаларда 680 адам дарыланууда.

Баш калаада коронавирус жана пневмония менен ооругандарды 12 оорукана кабыл алат. Жалпысынан 1151 орун бар, алардын 471и бош.

Чыныбаева Бишкекте эпидемиологиялык абал курч бойдон экенин эскертип, адамдарды өзүн өзү коргоого, коомдук жайлардын ээлерин санитардык нормаларды сактоого чакырды. Анын белгилешинче борбордо азыр эки айга жете турган дары-дармек бар.

Кыргызстанда COVID-19 вирусуна чалдыккандар алгач 2020-жылдын 18-мартында аныкталган. Илдетке каршы республикалык штабдын 17-декабрдагы расмий маалыматына ылайык, андан бери коронавирус 78 415 кишиге жукту, алардын 1321и каза болуп, 71 656 бейтап айыкты. (SE)

XS
SM
MD
LG