Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 16:27

Талапкер Жапаровду коштоп жүргөнү кеп болгон коопсуздук кызматкерлери боюнча БШКга арыз түшө элек


Садыр Жапаров, президенттикке талапкер.
Садыр Жапаров, президенттикке талапкер.

Борбордук шайлоо комиссиясынын (БШК) ыкчам аракеттенүү боюнча координациялык тобуна «Фейсбук» баракчаларында 10-январда өтө турган президенттик шайлоого талапкер Садыр Жапаровду Мамлекеттик күзөт кызматынын адамдары коштоп жүрөт деген сүрөттөр тууралуу маалымат түшүүдө. Бул тууралуу «Азаттыкка» БШКнын басма сөз катчысы Руслан Изреков маалымдады.

«Бизге азырынча бул маселе боюнча расмий арыз келип түшө элек. Бирок мындай маалыматтарды көрүп, талкуулап жатабыз. Эгер расмий арыз келип түшсө, ошонун негизинде бул сүрөттөрдү карай баштайбыз», - деди Изреков.

Социалдык медиада тараган сүрөттөрдө «Садыр президент» деген жазуусу бар чыптама кийип тургандар Мамлекеттик күзөт кызматынын 9-башкармалыгынын кызматкерлери катары сыпатталган. Шайлоо өнөктүгүндө талапкерлердин үгүт иштерине мамлекеттик кызматкерлердин катышуусу административдик ресурсту колдонуу катары бааланып, тыюу салынган.

Президенттик шайлоого карата үгүт иштери 15-декабрда башталды. Ал добуш берүүгө 24 саат калганда, 9-январда токтойт. Кыргызстанда кезексиз президенттик шайлоо 10-январда өтөт. Бул аралыкта президенттикке талапкерлер аймактарды кыдырып, шайлоочулар менен жолугушууга жана негизги мамлекеттик телеканалдардын эфири аркылуу акысыз түз чыгууга акылуу.

Президенттик шайлоого 18 талапкер катталган. Алардын ичинен Кой-Таш иши боюнча үй камагында отурган талапкер Равшан Жээнбековго аймактарды эркин кыдырууга сот уруксат берген жок. (BCh)

XS
SM
MD
LG