Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 23:39

БШК Жапаровду коштоп жүргөндөр боюнча прокуратура менен ИИМге кайрылды


Садыр Жапаров, президенттикке талапкер.
Садыр Жапаров, президенттикке талапкер.

Президенттикке талапкер Садыр Жапаровду «Мамлекеттик күзөт кызматынын адамдары коштоп жүргөнү айтылган сүрөттөр» боюнча териштирүү башталды.

Борбордук шайлоо комиссиясынын (БШК) басма сөз катчысы Руслан Изреков «Азаттыкка» билдиргендей, ыкчам аракеттенүү боюнча координациялык топ Садыровду коштоп жүргөндөр тууралуу сүрөттөрдү 16-декабрда социалдык тармактардан көргөн.

«БШК мунун чоо-жайын тактоо боюнча Башкы прокуратурага жана Ички иштер министрлигине кайрылды», - деди Изреков.

Социалдык медиада тараган сүрөттөрдө Садыр Жапаровду үгүт өнөктүгүндө коштоп жүргөн жигиттер тартылган. Кундуз Ажибекова аттуу колдонуучу алар Мамлекеттик күзөт кызматынын кызматкерлери экенин жазган.

17-декабрда «Фактчек» порталы Жапаровду коштоп жүргөндөр Мамлекеттик күзөт кызматынын кызматкерлери экенин тастыктаган кыска иликтөөнү «Temirov LIVE» каналына жарыялады.

Шайлоо өнөктүгүндө талапкерлердин үгүт иштерине мамлекеттик кызматкерлердин катышуусу административдик ресурсту колдонуу катары бааланып, тыюу салынган.

«Азаттык» Садыр Жапаровдун шайлоо штабына кайрылганда, андагылар кийинчерээк буга комментарий берилерин билдиришти.

Президенттик шайлоого үгүт иштери 15-декабрда башталды. Ал добуш берүүгө 24 саат калганда, 9-январда токтойт. Кыргызстанда кезексиз президенттик шайлоо 10-январда өтөт. Бул кызмат үчүн 18 талапкер ат салышып жатат. (SE)

XS
SM
MD
LG