Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
9-Ноябрь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 08:51

23-декабрга карата аба ырайы тууралуу маалымат


Кыргызстан. Иллюстрациялык сүрөт.
Кыргызстан. Иллюстрациялык сүрөт.

23-декабрда Кыргызстандын аймагында жаан-чачын жаабайт. Чүй, Талас, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын кээ бир райондорунда туман түшөт. Жолдор тоңголок, тайгак болот. Шамалдын багыты өзгөрүлүп турат, ылдамдыгы секундасына 1-6 метрге жетет. ​

Абанын температурасы:

Чүй өрөөнүндө түнкүсүн -10…-15, күндүз -2…+3;

Талас жергесинде түнкүсүн -9...-14, күндүз -4…+1;

Баткен, Ош, Жалал-Абад дубандарында ​түнкүсүн -1…-6, күндүз 1…6;

Ысык-Көл облусунда түнкүсүн -5…-10, күндүз 1…6;

Нарын облусунда түнкүсүн -15…-20, күндүз -4…-9;

Бийик тоолуу аймактарда түнкүсүн -25…-30, күндүз -10…-15 градус болот.

Бишкекте кар жаабайт. Абанын температурасы түнкүсүн -12…-14 күндүз -1…+3 градус болот.

XS
SM
MD
LG