Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 14:06

АКШда Жо Байден коронавируска каршы эмделди


Жо Байден эмдөө учурунда.
Жо Байден эмдөө учурунда.

АКШнын шайланган президенти Жо Байден коронавируска каршы эмдөөдөн өттү. 78 жаштагы Байден «Pfizer» вакцинасын сайдырып жатканын америкалык телеканалдар түз эфирде көрсөтүштү. Кийинки жылдын 20-январында өлкө жетекчилигине келчү саясатчы өз аракети менен эмдөөнүн маанилүү экенин америкалыктарга көрсөтүүнү чечкен. Байден өлкө жарандарына кайрылып, эмдөөгө карабай вирустан коргонуунун ишенимдүү ыкмаларын унутпоого чакырды.

Буга чейин АКШнын вице-президенти Майк Пенс да коронавируска каршы эмделген.

АКШ коронавирус жугузган жана анын кесепетинен каза болгон адамдардын саны боюнча дүйнө жүзүндө алдыда турат. Жон Хопкинс университетинин санагына ылайык, Кошмо Штаттарда 22-декабрга карата 18 миллиондон ашык адамга вирус жукса, 319 миңден ашууну каза болду. Өлкөдөгү эпидемиологиялык абал бир канча аптадан бери курч бойдон калууда.

АКШнын жетекчилиги коронавируска каршы алгач «Pfizer» вакцинасы менен эмдөөнү баштаса, өткөн жуманын аягында «Moderna» компаниясынын вакцинасын эмдөөдө колдонууга уруксат берди.

XS
SM
MD
LG