Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 15:40

Ноокатта айыл тургуну ооруканага «Тез жардам» автоунаасын сатып берди


Буга чейин Он Эки-Бел жана Төөлөс айыл өкмөттөрүн жалгыз автоунаа тейлеп жаткан.
Буга чейин Он Эки-Бел жана Төөлөс айыл өкмөттөрүн жалгыз автоунаа тейлеп жаткан.

Ош облусундагы Ноокат районунун Он Эки-Бел айыл өкмөтүнүн тургуну Мамат Мураталиевдин үй-бүлөсү айылдагы ооруканага «Тез жардам» автоунаасын алып берди. Мураталиевдин айтымында Он Эки-Бел жана Төөлөс айыл өкмөттөрүн жалгыз автоунаа тейлеп жаткан.

Мураталиевдер унааны чет өлкөдөн 13 миң АКШ долларына алып келишкен.

«Бала-чакам иштеп жатат, мен иштеп жатам элге жардам кылалы дедик. Ооруканада эски «Тез жардам» машинесинен бирөө эле иштеп жаткан экен», - деди ал.

Коронавирус Ош облусу боюнча алгач ирет Ноокат районунан 20-мартта аныкталган.

Коронавируска каршы күрөш боюнча республикалык штабдын 22-декабрдагы маалыматына караганда, акыркы бир сутка ичинде COVID-19 жана пневмониядан төрт киши каза болду. 175 ​кишиге вирус жукканы маалым болду.

Саламаттык сактоо министрлигинин жаңы эсеби боюнча коронавирус пандемиясы башталган март айынан бери илдеттин курмандыктары 1335 кишиге жетти. Ал эми инфекцияны жугузуп алгандардын жалпы саны 79429 ​адамга жетти. (DU)

XS
SM
MD
LG