Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
1-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 10:55

Коронавирустун жаңы түрүнөн улам бир нече өлкө Британия менен каттамдарын токтотту


АКШда коронавируска каршы «Moderna» компаниясы өндүргөн вакцина менен эмдөө 21-декабрда башталган жатат.

Буга чейин өлкөнүн тиешелүү органдары эпидемиологиялык абалды көзөмөлгө алуу максатында «Moderna» компаниясынын вакцинасын колдонууга уруксат берген. Буга чейин АКШда «Pfizer» жана «BioNTech» компаниялары өндүргөн вакцина менен эмдөө жүрүп жаткан. «Moderna» даярдаган вакцинаны ташуу ыңгайлуу болгондуктан жакынкы айларда кеңири колдонула баштайт деп күтүлүп жатат.

Бирок жаңы вакцинаны колдонуу Британияда вирустун жаңы түрү жайылып жатканы тууралуу кабар тарап жаткан учурга туш келди. Мурдагыга караганда жугуштуу деп эсептелген мутацияланган вирус учурда Британиянын бир нече аймагында жайылып жатканы кабарланды. Өлкөнүн саламаттык сактоо министри Мэтт Хэнкок 20-декабрда «абал көзөмөлдөн чыгып баратканын» билдирди. Ушундан улам жекшембиден тартып бир катар өлкөлөр Британия менен каттамдарды токтотушту.

Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюму вирустун мутацияланган түрү боюнча Британиядан сырткары Данияда тогуз, Нидерланддар менен Австралияда бирден учур катталганын билдирди.

Буга чейин коронавирус менен күрөштүн мыкты үлгүсү аталып келген Австралияда бир катар чектөөлөр киргизилди. Буга өлкөдө эң көп калк жашаган Сидней шаарында илдетти жугузуп алгандар көбөйгөнү себеп болгон. Өлкө бийлиги дүйшөмбүдө вирус жугузгандар салыштырмалуу аз катталганын кабарлады.

Ал эми Британияда болсо премьер-министр Борис Жонсон 21-декабрга өкмөттөгү антикризистик комитеттин жыйынын чакырды. Учурда Евробиримдикке төрагалык кылып жаткан Германия да өз өнөктөштөрүнө коровируска байланыштуу абалды талкуулоону сунуш кылды.

XS
SM
MD
LG