Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Май, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 19:25

Кыргызстан коронавируска каршы 1 миллион 200 миң доза вакцина алат


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Кыргызстан эмдөө боюнча глобалдык COVAX альянсына коронавируска каршы 1 миллион 200 миң вакцина алуу боюнча арыз менен кайрылып, колдоо тапты.

Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматы атайын билдирүү таратты.

Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюму коронавирустун вакцинасын тастыктагандан кийин Кыргызстанда калктын 20% ашыгы эмделе турган болду.

Ал арада вице-премьер-министр Элвира Сурабалдиева коронавирус менен күрөшүү боюнча республикалык штабдын жыйынында ар бир медицина кызматкеринин жоопкерчилигине оорукана жетекчилиги көз салышы керек экенин эскертти. Ал ооруканалардагы өрт коопсуздугун текшерүү маселесине токтолду.

Кыргызстанда COVID-19 вирусу март айында катталгандан бери 1340 адам каза болду. Оору расмий 79 845 адамдан аныкталды. (BCh)

XS
SM
MD
LG