Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 22:19

Сербияда коронавируска каршы эмдөө башталды


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Сербияда 24-декабрдан тартып коронавируска каршы эмдөө баштады. Серб бийлиги бул үчүн «Pfizer-BioNTech» вакцинасын тандады. Өлкөнүн премьер-министри Ана Брнабич жана эпидемиологиялык кризисти жөнгө салуу боюнча топтун мүчөлөрү биринчилерден болуп эмдөөдөн өттү. Алар бул аркылуу калк арасында вакцина коопсуз жана ишенимдүү экенин көрсөтүүнү чечишкен.

22-декабрда Сербияга вакцинанын 500 дозасы алынып келген. Президент Александр Вучич алгач улгайган адамдар жана карылар үйлөрүндө жашап жаткандар эмдөөдөн өтөрүн билдирген. Эми вакцинанын келишине жараша жакынкы апталарда медициналык кызматкерлер да эмделет. Ал үчүн ай сайын 80 миң доза вакцина керектелет.

Сербия учурда уруксат бере элек болсо да Орусияда ойлоп табылган «Sputnik V» жана кытайлык «Sinopharm» компаниясынын вакцинасын колдонууну пландап жатат.

Учурда дүйнөнүн бир катар өлкөлөрүндө коронавируска каршы «Pfizer-BioNTech» вакцинасы колдонулууда. Буга чейин АКШ, Британия, Канада, Израил эмдөөнү баштаган. Евробиримдик болсо 27-декабрдан тартып эмдөөгө уруксат берген.

7 миллионго чукул адам жашаган Сербияда коронавирусту 300 миңдей адам жугузса, 2800 адам каза болду.

XS
SM
MD
LG