Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 15:33

Коронавирус: «Британ штаммы» убайымга салууда


Британ премьер-министри Борис Жонсон эмдөө жүргүзүлүп жаткан ооруканада. Лондон. 2020-жылдын 8-декабры.
Британ премьер-министри Борис Жонсон эмдөө жүргүзүлүп жаткан ооруканада. Лондон. 2020-жылдын 8-декабры.

Коронавирустун жаңы түрү Европа өлкөлөрүн бушайманга салып жатат.

Улуу Британиянын баш калаасы Лондондо жана өлкөнүн түштүк-чыгышындагы аймактарда дал ушул жаңы козгогучтан улам кайрадан катуу чектөөлөр киргизилди.

Британ премьер-министри Борис Жонсон өлкөнүн айрым аймактарында коронавирустун жаңы штаммы (түрү) жайылып жаткандыктан төртүнчү даражадагы чектөөлөр жарыяланарын 19-декабрда билдирди. Анда премьер Жонсон жекшембиден тартып өлкө борбору Лондон шаарында жана Англиянын түштүк-чыгышындагы аймактарда чектөөлөр күчөтүлөрүн билдирди. Бул чектөөлөр жалпысынан 16 миллион тургунду камтыйт.

Борис Жонсон Ыйсанын туулган күнү майрамынын алдында британдыктарга эрежелерди так сактоо менен жугуштуу илдетти жайылтпоого аракет көрүүгө чакырды:

Борис Жонсон
Борис Жонсон

“Бул деген мыйзамда көрсөтүлгөн бир аз гана уруксаттан сырткары адамдар үйлөрүндө отурушу керек дегенди түшүндүрөт. Биринчи муктаждыктагы товарларды саткандан башка дүкөндөр, спорт залдары, эс алуу жайлары, сулуулук салондору жабылат. Адамдар колдон келсе үйлөрүнөн иштеши керек, эгер андай мүмкүн болбосо, анда жумушка барса болот. Мисалы, курулуш же өндүрүшкө. Жарандарыбыз төртүнчү даражадагы чектөөлөр жарыяланган аймактан башка жакка кетпеши керек, үйдө түнөө зарыл. Башка үй-бүлөнүн бир гана мүчөсү менен сыртта жолугушууга уруксат берилет.

Жонсон VUI-202012/01 деген аталыш менен белгилүү коронавирустун жаңы штаммы мурдагыга караганда 70 пайызга жугуштуу болушу мүмкүн экенин кошумчалады.

Вирустун мутацияланган түрү алгач жолу быйыл сентябрь айында байкалып, акыркы учурда Лондон жана өлкөнүн түштүк-чыгышында көпчүлүк бейтаптар дал ушул түрүн жугузганы белгилүү болгон.

Ошондой эле бул аймактарда коронавирустан улам ооруканага түшүп калгандар көбөйгөн.

Бирок эпидемиологдор коронавирустун жаңы түрү өтө коркунучтуу жана башка оорууларды козгойт деген шектенүүлөргө эч кандай далил жок экенин айтышууда. Алар вируска каршы вакциналар жаңы аныкталган штамм үчүн да натыйжалуу болот деген ишенимде турушат.

Британиянын тиешелүү адистери менен Дүйнөлүк Саламаттык сактоо уюму мутацияланган вирусту изилдөө боюнча биргелишип иштеп жатканы кабарланды.

Британ өкмөтүнүн илимий иштер боюнча башкы кеңешчиси Патрик Валланс вирустун жаңы түрү башка өлкөлөрдө да болушу мүмкүн экенин билдирди. Буга чейин Түштүк Африкада инфекциянын бат жайылышын шарттаган түрү катталганы айтылган болчу.

Патрик Валланс акыркы кырдаалдан улам өлкөдө инфекциялангандар жана ооруканага түшкөндөр көбөйөрүн эскертүүдө. Адистин маалыматы боюнча, жаңы штамм “23 ар кыл өзгөрүүгө дуушар болгон” жана өтө тездик менен жайылышы мүмкүн.

Мисалы, ноябрь айында Лондондо вирусту жугузгандардын 28 пайызынан дал ушул жаңы түрү аныкталса, декабрда бул сан 60 пайызды көрсөткөн.

Дал ушундай кооптуу жаңылыктар тарап жаткан учурда Нидерланддар 20-декабрдан тартып Улуу Британиядан келчү жүргүнчү каттамдарына тыюу салды. Анын себеби катары “СOVID-19 вирусунун инфекцияланган мутациясы” деп аталды.

Нидерланддардын Саламаттык сактоо министрлиги тараткан билдирдүүдө “бул штамм абдан ылдам тарап, бирок аны аныктоо кыйын болуп саналат”-деп айтылат.

Бул өлкөдө мындай вирус декабрдын башында табылганы айтылганы менен ал канчалык жайылганы боюнча так маалымат берилген жок

Ошондой эле расмий Амстердам жакынкы күндөрү Европанын башка өлкөлөрү менен коронавирустун жаңы түрүн жайылтпоонүн чараларын талкуулай тургандыгын кошумчалады.

Вируска каршы күрөштүн үлгүсү болгон Австралияда кайрадан чектөө

Европадагы өлкөлөр вируска каршы жаңы чараларды көрүп жаткан чакта соңку күндөрү коронавируска каршы эң натыйжалуу күрөшкөн өлкө катары саналган Австралияда бул илдетке байланыштуу чектөөлөр жарыялады.

Cиднейдеги пляждардын бири
Cиднейдеги пляждардын бири

Өлкөдөгү эң көп киши жашаган Сидней шаарынын тургундарына үйлөрүнөн чыгууга чектөөлөр киргизилди. Үй ичинде 10дон ашык адам чогулбоого тийиш.

Ноябрь айында эле вирус жуктурган бир да адам катталбаган Австралияда ушул жекшембиде 30 адамдын инфекцияланганы белгилүү болду.

Ошондой эле өлкөдөгү башка штаттар 20-декабрдан тартып Сидней менен байланыштарды чектей баштады.

Австралиядагы Виктория штатынын премьер-министри Дэниел Эндрюс мындай чараны «Мен башкалар өз эрежесине кошумча киргизгенче күтүп отура албайм. Биз буга чейин жетишкен жыйынтыкты сактап калышыбыз керек, ошондуктан бүгүн түн ортосунан тарта жабылат”, - деп түшүндүрдү.

Негизи Австралия менен кошунасы Жаңы Зеландия дүйнөдөгү коронавирус менен күрөштө эң мыкты жыйынтык көрсөткөн өрнөктүү өлкөлөр катары саналып келет. Бул өлкөлөр вирус жаңы жайыла баштаган учурда дароо чек араларын жаап, жалпы улуттук карантин киргизген болчу.

АКШ бийлиги экинчи вакцинага уруксат берди

Учурда дүйнө жүзүндө карантин менен карата жугуштуу илдетти жайылтпоо үчүн эмдөө аркылуу көзөмөлгө алуу аракети уланууда.

Буга чейин дүйнөдө биринчилерден болуп Улуу Британия 8-декабрдан тарта «Pfizer» жана «BioNTech» компаниялары өндүргөн вакцинаны колдонуп, улгайган адамдарды жана медициналык кызматкерлерди эмдөөнү баштаган.

Өткөн аптада Швейцариянын дары-дармекке уруксат берүү мекемеси "Pfizer/BioNTech" вакцинасын COVID-19 илдетине каршы күрөштөгү чукул кырдаалда гана эмес, кадыресе учурларда да колдонууга уруксат берген дүйнөдөгү биринчи өлкө болуп калды.

18-декабрда АКШнын Азык-түлүк жана дары-дармекке көзөмөл мекемеси «Moderna» компаниясы өндүргөн вакцинаны да "Pfizer/BioNTech" вакцинасы менен удаа өлкөдө колдонууга уруксат кылды.

Орусия болсо «Спутник-V» вакцинасына 2020-жылы август айында эле уруксат кылган, бирок бул вакцинанын натыйжалуулугун текшерген үчүнчү сынак андан кийин кыйла убакыт өтүп жыйынтыкталган болчу. Кытай бийлиги болсо өлкө ичинде өзү өндүргөн үч башка вакцинаны колдонуп келет.

Америкадагы Жон Хопкинс университетинин санагы боюнча, дүйнө жүзүндө COVID-19 вирусун 76.5 миллиондой адам жуктурса, анын кесепетинен 1 миллион 689 миңден ашык адам каза болду.

  • 16x9 Image

    Бакыт Асанов

    "Азаттык Медианын" директору. "Эксперттер талдайт" программасынын алып баруучусу. 2011-жылы Кыргыз-түрк "Манас" университетинин Коммуникация факультетин артыкчылык диплому менен аяктаган. 

XS
SM
MD
LG