Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 04:19

АКШда коронавируска каршы эмдөө башталды


АКШнын башкы инфекционисти Энтони Фаучи «Модерна» компаниясынын вакцинасын сайдырды.
АКШнын башкы инфекционисти Энтони Фаучи «Модерна» компаниясынын вакцинасын сайдырды.

Британияда коронавирустун жаңы жугуштуу түрү чыкканына байланыштуу чек араларды жаап, авиакаттамдарды токтотуунун кажети жок. Бул тууралуу Саламаттык сактоо уюму билдирди.

Ал арада АКШда «Модерна» компаниясынын вакцинасы менен эмдөө башталды. Орусиянын «SputnikV» вакцинасы Караганда шаарында чыга турган болду.

Франция Британия менен чек арасын 23-декабрдын таңында ачты. Аба каттамдар, темир жол жана суу аркылуу байланыш калыбына келтирилди.

Бул тууралуу шейшембиде Британиянын транспорт министри Грант Шаппс билдирди.

«Биз француз өкмөтү менен сүйлөшүп, прогресске жете алдык. Ага ылайык, тест тапшыргандардын баарына чек ара ачык болот. Бул үчүн жолго чыгардан үч күн мурда тест тапшырып, коронавирус жок экенин ырастаган сертификат алуу зарыл. Муну менен Британияда жүргөн француз жарандары үйүнө кайта алат. Тилекке каршы британиялыктар Рождество майрамында үйүндө калат».

Британияда коронавирустун жаңы, жугуштуу түрү чыкканына байланыштуу кырктай мамлекет аба каттамын токтоткон.

Дүйнөлүк Саламаттык сактоо уюмунун адистери 23-декабрда чогулуп, коронавирустун мутацияланган түрүнө каршы күрөшүү жолдорун сүйлөшөт. Алар азырынча чек араларды жаап, каттамдарды чектөөнүн кажети жок экенин айтышты.

Уюмдун генералдык директору Тедрос Адханом Гебрейесус вирустун кандай түрү болбосун ооздуктап калуу чоң жоготуулардын алдын аларын билдирди:

«Вирус убакыттын өтүшү менен мутация болот. Бул табигый жана күтүлгөн көрүнүш. Британия коронавирустун бул түрү жугуштуу экенин билдирди, бирок ал канчалык өлүмгө же илдеттин оор формасына алып бара турганы тууралуу далил жок. Биз коронавирустун кандай гана түрү болбосун тезирээк жок кылышыбыз керек. Жайылууга мүмкүнчүлүк берген сайын ал тез өзгөрөт».

Дүйнөлүк Саламаттык сактоо уюмунун башчысы Тедрос Гебрейсус. 3-июль, 2020--жыл.
Дүйнөлүк Саламаттык сактоо уюмунун башчысы Тедрос Гебрейсус. 3-июль, 2020--жыл.

Ал арада бир катар мамлекеттерде коронавируска каршы эмдөө башталды. Мексика бийлиги билдиргендей, 23-декабрда өлкөгө "Pfizer-BioNTech" компанияларынын вакциналары келет. Анын эртеси эле эмдөө башталат. Мексика коронавирустан көз жумгандардын саны боюнча дүйнөдө төртүнчү орунда турат. Илдет 120 миңдей адамдын өмүрүн алды.

АКШда бул жумада "Модерна" компаниясынын вакцинасы адамдарга сайыла баштады. Кошмо Штаттардын башкы инфекционисти Энтони Фаучи аталган компаниянын вакцинасы менен алгачкылардан болуп эмделди.

Буга чейин Американын жаңы шайланган президенти Жо Байден "Pfizer/Biontech" компанияларынын вакцинасын өзүнө сайдырган.

Муну менен мамлекеттик кызматтарда иштегендер коомчулукка COVID-19га каршы вакцина коопсуз экенин далилдөөнү көздөшүүдө. Биринчи кезекте вакцина медкызматкерлерге жана карылар үйүндөгүлөргө сайылат.

Фаучинин айтымында, жапырт эмдөө март айынын соңунда, апрель айынын башында башталышы керек. Ал эми америкалыктардын көбү жайдын орто ченине чейин эмделип каларын кошумчалады.

Анткен менен азырынча АКШда эпидемиологиялык кырдаал оор. Жаңы жыл жана Рождество майрамдарына байланыштуу илдетке кабылгандардын саны дагы өсүшү күтүлүүдө.

Орто эсеп менен күнүнө коронавирусту жугузуп алгандардын саны 210 миңге жетип жатат, ал эми көз жумгандардын саны 2,5 миңдин тегерегинде болууда.

Казакстан вакцинаны текшерүүдөн кийин чыгарат

Ушу тапта Орусия жана Кытай өздөрү чыгарган вакцина менен жарандарын эмдей баштады.

Орусиянын Түз инвестициялар фонду "Sputnik V" вакцинасы Караганда шаарындагы фармацевтикалык комплексте чыгарын билдирген.

Коронавирус пандемиясына чейин бул комплексте онкология, сарык жана жүрөк ооруларына каршы дары-дармек чыгарылчу. Азыр комплекс дарыдан мурда орусиялык вакцинага артыкчылык берип жаткан кези.

Фармацевтикалык комплекстин директору Сергей Барон учурда вакцинаны сыноо үчүн 6 миң доза өндүрүлүп, Орусияга текшерүүгө жөнөтүлөрүн кабарлады.

«Бир ай ичинде вакцинаны иштеп чыккан Гамалея институтунда биз өндүргөн вакцинанын сапатын текшеришет. Андан кийин анализ жүргүзүлүп, Казакстандын Саламаттык сактоо министрлигине берилет жана министрлик вакцинаны Казакстанда каттоодон өткөрүү жөнүндө чечим кабыл алат», - деди Барон.

Карагандыдагы фармкомплекс Москвадан келчү анализдин жыйынтыгын 2021-жылдын январь айынын аягына чейин күтүүгө аргасыз.

Ага чейин ишкана "SputnikV" вакцинасын өндүрүүнү убактылуу токтоткон. Орусия уруксат берсе, эмдиги жылы февраль айында массалык өндүрүш башталат. Анда комплексте күнүнө 80 миң доза, ал эми апрелде айына 600 миң доза вакцина чыгаруу пландалган.

Ал арада Казакстандын Саламаттык сактоо министрлигинин өкүлдөрү жергиликтүү журналисттер менен фармацевтикалык комплексти кыдырып, "Sputnik V" кандай шарттарда өндүрүлөрүн көрсөттү.

Анда келишимге ылайык вакцинанын негизги компоненти Орусиядан келери, ал эми калган кошумча заттар Казакстандан кошулуп өндүрүлөрү айтылды. Вакцина эки идишке куюлат, алгач биринчиси эмделип, кишиде эч кандай реакция байкалбаса, 21 күндөн кийин экинчи дозасы сайылат. Ошондо гана эмдөөдөн толук өттү деп саналат.

Бул вакцинанын баасы канча болушу мүмкүн? Орусиянын чегинде "Sputnik V" 2000 рублга сатылат. Бирок ушул эле вакцина казакстандыктар үчүн бир топ кымбатка түшөт. Анын себептерин Казакстандын Саламаттык сактоо министрлигинин өкүлү Нурлыбек Асылбеков мындайча түшүндүрдү:

«Бизде башкача баа болот деп ойлойм. Жол кирени, технологияны ташып жеткирүүнү эске алганда, бул вакцина бир аз кымбатыраак түшөт. Анын үстүнө вакцинанын негизги компоненти Орусиядан келет. Биз сатып алабыз, андан кийин мамлекеттик деңгээлдеги иш болот»., - деди Асылбеков.

Ал ошондой эле вакцина экспертизадан өткөндөн кийин, мамлекеттик жогорку кызматкерлер сөзсүз түрдө эмделе турганын кошумчалады. Ал эми коңшу өлкөдө элди жапырт эмдөө келерки жылдын февраль айынан башталат. Алгач мугалимдер, дарыгерлер жана полиция кызматкерлерине вакцина сайылат. Бирок эмдөө ыктыярдуу түрдө жүргүзүлөт.

Ал арада Орусия өзбекстандык эмгек мигранттары үчүн «Sputnik V» вакцинасынын 1 миллион дозасын жеткирди. Бул тууралуу Орусиянын Ташкенттеги элчиси Владимир Тюрденев маалымат таратты.

«Орусияга бара жаткан эмгек мигранттары үчүн дагы 1 миллион доза вакцинаны алып келүү боюнча келишимге кол коюлду», - деп билдирди.

Орусиядан чыккан вакцина.
Орусиядан чыккан вакцина.

Элчи келерки жылы Орусиядан «Эпиваккорона» вакцинасын сатып алуу боюнча иштер жүрүп жатканын белгиледи.

Декабрдын башында Орусиянын өнөр жай жана соода министри Денис Мантуров Ташкентке жеке өзү «Sputnik V» вакцинасынан 100 дозаны жеткирип, каттоо, иликтөө жана өндүрүү үчүн аларды өзбек бийлик өкүлдөрүнө тапшырган.

Ал арада Өзбекстан коронавирустун жаңы штаммы катталган сегиз өлкөнүн жарандарына убактылуу чектөө киргизди. 22-декабрда жарыялангандай, Австралия, Австрия, Дания, Германия, Италия, Нидерланд, Түштүк Африка жана Британия мамлекеттеринин жарандары 10-январга чейин Өзбекстанга кире албайт. Бул өлкөлөрдөн кайтып келген өзбек жарандары 14 күндүк карантинге алынат.

«Sputnik V» вакцинасынын натыйжалуулугу 95% түзгөнүн Орусиянын Түз инвестициялар фонду кабарлаган. Бирок Европа Биримдиги бул препаратты вакцинациялоо планына кошуудан баш тарткан жана Европанын Дары-дармек агенттиги аны каттоодон өткөргөн эмес.

Муну менен катар декабрдын башында Түркия коронавируска каршы орусиялык вакцинаны сатып алуудан баш тартканын кабарлаган. Ага вакцинанын зарыл изилдөөлөрдөн өтпөгөнүн жүйө келтирген.

Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмунун маалыматы боюнча, учурда коронавируска каршы жүздөн ашуун ар кандай дары-дармектер иштелип жатат.

Уюм вакцина клиникалык сыноолордун үч фазасынан өтүшү керек деп белгилеген, бирок ар кайсы өлкөлөрдөн иштелип чыккан он чакты вакцина сыноолордун үчүнчү фазасына жеткен эмес.

Ал эми "Pfizer" жана "BioNTech" компаниялары алардын вакцинасы үчүнчү фазадагы клиникалык сыноолор учурунда 95 пайыз натыйжалуу болгонун билдирди. Ошондой эле 16-ноябрда "Moderna" компаниясы өзү чыгарган вакцина 94,5% натыйжалуу болгонун жарыялаган.

XS
SM
MD
LG