Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 15:33

АКШ коронавирустан эмдөөнү баштаганы жатат


«Pfizer-BioNTech» вакцинасын транспорттоого даярдык. Мичиган, 13-декабрь, 2020-жыл.
«Pfizer-BioNTech» вакцинасын транспорттоого даярдык. Мичиган, 13-декабрь, 2020-жыл.

АКШда коронавирустун вакцинасы жер-жерлерге жеткириле баштады.

Өткөн жуманын кечинде Азык-түлүк жана дары-дармектерди тескөө боюнча агенттик америкалык «Pfizer» жана германиялык «BioNTech» компаниялары чогуу иштеп чыккан препаратты 16-85 жаштагы адамдарга эки фаза менен саюуга уруксат берген.

Жекшембиде таң эрте Мичигандагы ишканада америкалыктар эпидемияны ооздуктайт деп чоң үмүт арткан вакцинанын биринчи партиясы оор машинелерге жүктөлдү. Баалуу жүк андан ары учактар менен өлкөнүн булуң-бурчуна жеткирилмекчи.

Саламаттык сактоо министри Алекс Азар CBS телеканалындагы маегинде вакцинаны бөлүштүрүү пландарын айтып берди:

«Ушул аптада 2,9 миллион доза таратылат. Демек препарат колго тиери менен 2,9 миллион киши эмделет. «Пфайзердин» көбүрөөк өндүрүмүн алабыз, муну менен бирге «Модернанын» вакцинасы аптанын аягына карай катталса, 12,5 миллион доза жер-жерлерге жөнөтүлөт».

2021-жылдын март айынын этегине чейин АКШ 100 миллион кишини же калкынын 30% эмдөөдөн өткөргөнү жатканы расмий маалымдалган. Бийлик логистикалык кыйынчылыктардан улам баштапкы планга өзгөртүү киргизүүгө туура келгенин белгилейт. Себеби сөз болгон вакцинаны Цельсий боюнча -70 градуста сакташ керек. Демек эбегейсиз зор көлөмдөгү кургак муз жана көп сандагы атайын муздаткычтар талап кылынат. Жүк ташуу (карго) компаниялары вакцинага артыкчылык берип, майрамдык белек-бечкектерди жана башка жүктөрдү ташуу арткы планга жылып калды.

АКШнын Федералдык өкмөтү препаратты таратууну өзү көзөмөлдөп тескегени менен штаттар биринчи кезекте ким эмделүүгө тийиш экенин өздөрү чечет. Дары адегенде медиктерге, карылар үйлөрүндөгү улгайган адамдарга сайылмакчы.

Вакцина ушул дем алыштарда Канадага да жөнөтүлө баштады. Буга чейин Британия биринчи болуп «Pfizer-BioNTech» компанияларынын өндүрүмүн каттоодон өткөрүп, эмдөө өнөктүгү бир жумадан бери жүрүп жатат. Бул вакцина ошондой эле Мексикада, Сауд Арабиясында, Бахрейнде жана Израилде расмий жактырылды.

Бир катар мамлекеттер «Модерна» компаниясынын препаратын каттоого камынышууда. Кезекте андан тышкары «Johnson & Johnson» жана «AstraZeneca» турат. Кытай менен Орусия өздөрүнүн жергиликтүү компаниялары иштеп чыккан вакциналарын эмдөөдө колдонууга киришти.

Вакцинага байланышкан оптимисттик жаңылыктар АКШ пандемиянын эң кайгылуу күндөрүн башынан кечирип жаткан убакка туура келүүдө.

COVID-19дан каза тапкандардын жалпы саны өлкөдө 300 миңге чукулдады. Жаңыдан бул илдетке чалдыккандар өткөн бир аптада эле 1,5 миллионго жетти. 11-декабрда 3 309 киши коронавирустан көз жумду. 109 миң бейтап ооруканаларда дарыланып жаткан кезде саламаттык сактоо системасына чоң күч келүүдө.

Ал ортодо Германияда, сыягы, быйыл Ыйсанын туулган күнү жана Жаңы жыл майрамдары адаттагыдай шаан-шөкөтсүз өтөт окшойт. Өкмөт жана аймактардын жетекчилери жекшемби күнкү жыйында 16-декабрдан тартып карантин чараларын кайра киргизүүнү чечишти. Мектептер, тамактануучу жайлар, азык-түлүк жана башка эң керектүү товарларды саткан дүкөндөрдөн башкалары кеминде 10-январга чейин жабык болмокчу.

«2-ноябрда кабыл алынган чаралар жетишсиз болуп чыкты. Вируска чалдыккандар биртике азайып, кырдаал жалпысынан жөнгө салынган. Бирок акыркы күндөрдө инфекциялангандар кайрадан көбөйүп жатканына күбө болуудабыз. Бардыгыңар статистиканы байкасаңар керек, өлгөндөр көбөйүп жатат. Саламаттык сактоо системасына абдан чоң күч келүүдө», - деп билдирди Германиянын канцлери Ангела Меркел.

Ишканалар, фирмалар мүмкүн болушунча көбүрөк кызматкерлерине аралыктан иштөөгө мүмкүндүк берүүгө тийиш. Беш кишиден ашкан жеке отуруштарга тыюу салынат. Ыйсанын туулган күнүн майрамдоо учурунда бул чара бир аз жумшартылмакчы.

Карантин бизнеске чоң чыгым алып келгени менен немистердин көбү чектөөлөрдү колдойт. Бийлик карантинден жапа чеккен компанияларга каржылык жардам бериле турганын билдирди.

XS
SM
MD
LG