Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 13:55

Европа Биримдигинде эмдөө өнөктүгү жапырт башталды


Грекиялык ооруканадагы жандандыруу бөлүмүнүн медайымы "BioNTech" - “Pfizer” вакцинасы менен эмделди. Афина шаары. 2020-жылдын 27-декабры.
Грекиялык ооруканадагы жандандыруу бөлүмүнүн медайымы "BioNTech" - “Pfizer” вакцинасы менен эмделди. Афина шаары. 2020-жылдын 27-декабры.

Евробиримдик коронавируска каршы эмдөөнү жекшембиде расмий баштады. Эксперттердин белгилешинче, калктын 70% эмделгенден кийин жамааттык иммунитет пайда болот. БУУ жакыр өлкөлөрдү вакцина менен камсыздоо маселесин көтөрдү.

Европа Биримдигине кирген мамлекеттерде коронавируска каршы жапырт эмдөө 27-декабрда расмий башталды.

Евробиримдикте жашаган 450 миллион тургундун ичинен жашы өйдөлөгөн жана тобокел топко киргендер алгачкылардан болуп эмделет. Биринчи баскычта жашы 80ден өткөндөр жана ден соолугунда олуттуу маселеси барларга вакцина сайылат. Бара-бара жаш курагы ылдыйлап отуруп, бардык каалоочулар эмделет.

Чехияда 10 миңдей вакцина дозасы Прагадагы ооруканага жеткирилди. Чех өкмөт башчысы Андрей Бабиш башкаларга өрнөк болуп, аскердик госпиталда тележурналисттердин алдында вакцина сайдырды.

"Биз вакцинанын колубузга тийгенине жана санына жараша тогуз ай бою эмдөө жүргүзөбүз. Эмдөөгө катталуу ПЦР жана антитулкуга тест тапшырган система аркылуу ишке ашат", - деди премьер Бабиш.

Словакиянын президенти Зузана Чапутова жана Болгариянын саламаттык сактоо министри Костадин Ангелов калктын вакцинага ишенимин арттыруу максатында тележурналисттердин катышуусунда эмдөөдөн өтүштү.

Немистердин "BioNTech" жана америкалыктардын “Pfizer” компаниялары өндүргөн вакцина Европага 25-декабрдан тарта жеткириле баштаган.

Еврокомисиянын төрайымы Урсула фон дер Ляйен вакцинаны Евробиримдиктин бардык мүчө өлкөлөрү алганын билдирди. Ал эмдөө өнөктүгүн “пандемиядан биротоло арылуу” деп атап, Европада дүйнөлүк масштабдагы вакцинациянын "уникалдуу мониторинг программасы" башталганын билдирди.

"Бүгүнтөн тартып миңдеген институттар, адистер бири-бири менен байланышта болуп, жакынкы апталарда жана айларда вакцина кандай оң натыйжа берип жатканына көз салышат”, - деди Ляйен айым.

Германияда, Венгрияда жана Словакияда бул жүрүм пландалгандан бир күн мурун башталды. Германиянын саламаттык сактоо министри Йенс Шпан 26-декабрда вакцинацияны башкы улуттук өнөктүккө айлантууга чакырды.

Немистерде биринчилерден болуп Халберштадт шаарындагы карылар үйүнүн тургундары, анын ичинде 101 жаштагы чоң эне эмделди.

Италияда Римдин Спалланцани ооруканасынын үч медициналык кызматкери сайдырды.

«Эмдөө жеңил өттү, бул - толкундаткан, тарыхый көз ирмем», - деди алардын бири, 29 жаштагы медайым Клаудиа Аливернини.

Европа Биримдиги 2021-жылдын ичинде бардык эрезеге жеткендерди эмдеп чыгуу максатын көздөйт. Еврокомиссия эки миллиард доза вакцина алууга келишим түздү. Шаркеттин тиешелүү мекемеси америкалык «Moderna» компаниясы чыгарган препаратты 6-январга чейин тизмеге киргизе турганы кабарланды. Биримдиктин өлкөлөрүндө пандемия башталгандан бери 16 миллиондой киши инфекцияны жугузуп алса, 336 миңдей бейтап андан көз жумду.

Дүйнө жүзүндө 1,7 миллион кишинин өмүрүн алган бул алааматтуу пандемияны ооздуктоо үчүн эмдөө иштери башка айрым өлкөлөрдө буга чейин эле башталган.

Өткөн аптада АКШда "Модерна" компаниясынын вакцинасы да адамдарга сайыла баштады.

Кошмо Штаттардын башкы инфекционисти Энтони Фаучи бул вакцина түрү менен алгачкылардан болуп эмделди. Ага чейин жаңы шайланган президент Жо Байден "Pfizer/Biontech" компанияларынын вакцинасын сайдырган.

Мексика "Pfizer/BioNTech" компанияларынын вакцинасы менен эмдөөнү баштады. Мексика коронавирустан көз жумгандардын саны боюнча дүйнөдө төртүнчү орунда турат. Илдет 120 миңдей адамдын өмүрүн алды.

Орусия жана Кытай өздөрү чыгарган вакцина менен элин эмдей баштады. Орусиянын Саламаттык сактоо министрлиги коронавируска каршы "Sputnik V” вакцинасы менен 60 жаштан жогору курактагыларды эмдөөгө уруксат берди. Президент Владимир Путин жакын арада аны сайдырарын Кремлдин өкүлү Дмитрий Песков 27-декабрда билдирди.

Орус окумуштуулары ойлоп тапкан "Sputnik V” Казакстандын Караганды шаарындагы фармацевтикалык комплексте өндүрүлөт.

Ошол эле учурда Орусияда калкты коронавируска каршы эмдөө АКШ менен Британияга караганда он эселеп жай жүрүп жатканы кабарланды. Күн сайын бир нече миң адам гана сайдырууда. Ал эми пандемия башталгандан бери үч миллиондой адам коронавируска чалдыкса, 54 миңден ашуун киши андан көз жумду.

Кыргызстан эмдөө боюнча глобалдык COVAX альянсына бир миллион 200 миң вакцина алуу өтүнүчү менен кайрылып, колдоо алганын өкмөттүн басма сөз кызматы 24-декабрда билдирди. Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюму коронавирустун вакцинасын тастыктагандан кийин Кыргызстанда калктын 20% ашыгы эмделмекчи.

Вакцина сатып алуу боюнча кыргыз өкмөтү Орусия менен да сүйлөшүүдө. Вице-премьер-министр Элвира Сурабалдиева "Sputnik V" сыноодон өтүп, жалпы колдонууга чыгарылар замат Кыргызстанга жеткирилерин 26-ноябрда айткан.

Колунда бар өлкөлөр өз элин жапырт эмдөөгө ашыгып жаткан чакта, Бириккен Улуттар Уюму жакыр мамлекеттерге көңүл буруп жатат.

Уюмдун баш катчысы Антонио Гуттериш Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмунун кедей мамлекеттерди вакцина менен камсыздоо программасына соңку эки айда 4,2 миллиард доллар бөлүп берүүгө үндөдү.

  • 16x9 Image

    Гүлайым Ашакеева

    "Азаттыктын" Прагадагы кеңсесинин кызматкери, журналист. Кыргыз улуттук университетин, Коста Рикадагы Улуттар Уюмунун университетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG